Күнкесел (Үчөө)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Бала да эс киргени аны колуна көп алчу болду. Эмнегедир ары айлантып, бери айлантып карап, эмне экенине акылы жетпей жаткандай жыттап көрүп, көздөрүн чукулап, бир убакта тажаган немедей  ары таштап салат…

***

Ушунун баарын көз алдынан өткөрүп, кичинекей баланын  жумшак, тармал чачына тумшугун катып, жыттап жаткан ит-эне, баласы  былкылдап ойгоно баштаганда демин ичине жутуп, жакшылыктан үмүт эткендей дымып калды…

Бала түнү менен ыйлап, жаны кыйналып чыкканы үчүнбү,  аста гана кыңкыстаган болду. Минтип, кичинекей наристенин алсыз онтоп, энтигип оор дем алганы Кумайыктын сай сөөгүн сыздатып, жүрөгүн жанчып жиберди! Анан калса, наристенин абалы аябай эле кыйын болчу…

Адатынча үксөңдөп тура калып, баланын дене-башын жыттагылап көрдү. Баланын тулку бою дагы эле от менен жалын эле! Кумайыктын үрөйү учуп кетти! Анткени, бала катуу кыйналып жатканда гана ушинтип, эти ысып-күйүп каларын билет.

Ит да болсо үрпөңдөп, эне катары үстүнө үйрүлүп түшкөн камкордугу жанына шыпаа болуп жаткандай, баланын онтогону азыраак басылып, узун кирпиктерин алсыз, араң-араң көтөрдү да, эми ит-энесин муңайым тиктеп жатты… Бул убакта баланын өңү бозомук тартып, эриндери кургап, көздөрү да демейдегиден башкача эле.

Ит-энени бул ого бетер сестентти! Баласынын жалооруй, муңайым караган көздөрү аны акыркы жолу тиктеп жаткандай өтө аялуу болчу..! Ушунун баарын көрүп-билип туруп, чыдамы түгөнүп кетти иттин! Жүрөгү опкоолжуп, көзү ала чакмак болуп, кудум ыйлап жибергендей кыңшылап, уккан жандын зээни кейигендей, созолонто улуп жиберди.

Айлана-тегерекке болгон алгачкы таанымынан бери эле энесин дайыма күчтүү, кайраттуу деп ишенген бала бу сапар анын аянычтуу көрүнүшүнөн кандайдыр бир жамандыктын белгисин көрүп, жагымсыз нерсени сезгендей, эриндерин саал эмшейтип, ыйлагысы келип кетти.

Анткен менен бала ошол жагымсыз нерсенин  өзүнө байланыштуу экенин билген жок. Тек гана, элдир-селдир эс кире баштаган эме ит-энесинин жашылданган көздөрүн көрүп, улуп-уңшуп ыйлаганын угуп, элдир-селдир баамында аны аяп, аны ансайын жакшы көрүп, өзүнүн быйтыйган муштумундай болгон эт жүрөгү жанчыла түшүп жаткан…

Чыны менен эле ал энесинин ушундай – алсыз акыбалын биринчи жолу көрдү. Жок, буга чейин деле экөөнүн башынан мындай азаптуу күндөрдүн канчасы өтпөдү дейсиң!  Канча ирет ит-эненин айласы түгөнүп, амалы куруп, баланы ажалдан аман-эсен алып калуу үчүн эмне деген гана азаптарды башынан кечирбеди дейсиң! А бирок, аны сезүүгө а кезде ымыркайдын акыл-эси жетчү эмес, ошондуктан ушунун баары ага азыр биринчи жолу болуп жаткандай  сезилип жаткан…

Кирпиктери араң жан ирмелген бала менен жүдөп, арыктап, коркконунан энтигип, тилин салаңдаткан ит-эненин көздөрү бири-бирине байлана түштү…

— Сен али кичинекейсиң, сен али жашай элексиң! Сен өлбөшүң керек! – деп атты кыңшылаган ит-эненин жашылданган, суранып жалооруган көздөрү. Бала энесин түшүндүбү, жокпу, болор-болбос жылмайган болду.

Ит жанын коёрго жер таппай кетти, бакыттан өзүнө-өзү батпай, арсылдап үрүп ийди. Ушу маалда:

— Менин кичинекейим!.. Суранам сенден, өлбөчү? Өлбөйсүң,ээ?!.– деп жатты анын ички чаңырыгы.

Бала энесинин эмнеге антип чебеленгенин түшүнгөн жок.

Атүгүл ал “өлүм” деген эмне экенин да билчү эмес.

“Эмнеге эле ушинтип жатат? Эмнеге мага энем бүдөмүк көрүнүп же көрүнбөй калып жатат? Эмнеге айлана-тегерек жым-жырт, эмнеге асман бозоруп, киргилт? Балким менин турушум керектир?..” – ушинтип ойлогон наристенин тургусу келди. Турууга аракет кылгандай, ордунан обдулгандай болду.  Бирок денеси түгүл, башын да өйдө көтөрө албай койду. Анын оюн окуй койгон энеси аны үмүттүү тиктеди. Баласынын азыр төрт аяктап тура калып, кепенин ичин үч көтөрүп ойноп, мунун мойну-башына асылып, жонуна минип, кыткылыктап күлүп, чаң-тополоң салышын  каалап кетти.  Ошону күттү! Жок, андай болгон жок! Баласы башын бир аз гана көтөргөн болду да, кайра эле жерге “шалак!” эттирип таштап жиберди. Уктап бараткандай, көздөрү шашпай жумулуп барып, жансыз немедей “сулк” жатып калды…

Ал ошол бойдон ойгонбой калуучудай, Кумайык тумшугу менен көк сая, бар күчү менен улуду!!

Ушу саам анын добушу Кудайга жеткендей, бала көздөрүн болор-болбос ачып, кирпиктерин араңжан ирмеп, энесин тиктеп жатты да, баягысындай, бирок  билинер-билинбес күлүмсүрөгөн болуп, кургап бараткан эриндерин жалап-жуктап, бир нерсе деп кыңылдагандай болду.

Ит-энеси анын жүзүнө, көздөрүнө үңүлө тиктеди. Баланын эмне деп, эмне каалап жатканын билгиси келип, аны айлана арсылдап үрүп, кыңшылап, жалынып-жалбарып жаткандай болду.

Бала да аны түшүндү. Эриндерин болор-болбос кыбыраткан болду. Бирок үнү сыртка чыкпай, ичинде калды. Ошентсе эле баары жай-жайына келе калчудай болуп, борсулдап үргүсү, добушун чыгаргысы келди баланын. Бирок үнү такыр чыкпай койду. Тек гана эриндерин жалап, оозун кыбыратты.

Ит-эненин ансайын жаны чыгып кете жаздап, баланын ичинде айтылбай калып жаткан каалоону биле албай, ошого ызадан жапырылып, жерге кирип кете жаздап жатканда, Кудай жалгап: “Суу?!” — оюна, жадымына ушуну бирөө сала койгондой болду! Ушул сөз, ушул түшүнүк иттин кан-жаны аркылуу чуркап, ички ит дүйнөсүнө, бүт тулку-боюна күч-кубат берип, чыйралтып жиберген сыяктанды! Заматта өзүнө келе түшүп, бир силкинип алды да,  суу алып келе койчудай эшикти көздөй чуркап..! Бирок, ал бу жерден чыкса эле баласы бир нерсе болуп кетчүдөй кайра бери чуркап, кайра ары чуркап,  заманасы куурулуп, баланы айланып-тегеренип, а бирок ага чыны менен эле суу керек экенин билгенде гана жаман кепеден атып чыгып кетти!

Чымын-куюн болуп, бирок кайда баратканын билбей эле кетип баратты ит! Ал ошол убакта буга чейин өзүндө эч боло элек жаңы нерсени сезди – эмнегедир өзүн-өзү жек көрүү, өзүн-өзү күнөөлөө, өзүнөн-өзү уялуу сезими аны безге сайгандай арышын ого бетер кенен-кенен  арыштаттырып, көздөрүн ала чакмак кылып, шаштысын алып баратты!

Демейде өзү келип, шалпылдатып суусунун кандырып кетчү жылжыма булакка бурулду. Жолду катар,  булакты түп орду менен көтөрүп алып кетчүдөй сезилип келгени менен, ага жеткенде башка жеген эмедей эси оой түштү! “Кантип? Баласына сууну кантип алып кетет?!”

Жылжыма булак болсо, көздүн жоосун алып, жыбылжып агып жатат!..

Тили салаңдап, акактаган ит өзүнүн да суусап, оозу кургап кеткенин сезген жок. Өзү жөнүндө ойлогонго анын чамасы да жок эле. Тек гана, булакты айланып-тегеренип, кыңшылап бир аз турду да, андан эч айла болбосуна көзү жеткендей, шаарды карай “зуу” койду.

Эми ал түз эле энелер балдары менен сейилге чыкчу бакчаны көздөй келатты. Ализаны алып кеткенден бери бул тегерекке кенен-чонон келе албай, алыстап калган.  Ошол күндөрү ата-энелер да балдарын көп алып чыкпай, алып чыкса да “кутурган ит бар экен” деп абайлап калышкан. Кызыл иттин баланын кийимин, оюнчугун “уурдачу” болгонун ошол тегеректегилер да бара-бара байкап, атүгүл аны чөнтөк телефондору менен видеого, сүрөткө тартып алгандар да болгон. Андайда журналисттердин чырагына май тамат эмеспи, бирөөлөрдүн көбүртүп-жабыртып айткан маалыматтарына таянып, ар кандай макалаларды жазып: “Ушундай бир укмуштуу жорук-жосундарга ээ ит пайда болду. Бирок, анын кутурган ит эмес экендигине, адамдын өмүрүнө коопсуздук  жаратпай тургандыгына эч ким кепилдик бере албайт”, — деп  иттин сүрөтүн гезиттерге чыгарып, телеберүүлөрдөн көрсөтүп да жиберишкен. Бул уу-дуу бүтүндөй шаарды дүңгүрөтүп, бир топко чейин Кумайыкты акмалап, аны кармаганга же жок кылганга атайын адамдар пайда болушкан. Бирок, иттин ошондон кийин дайынсыз жоголгонунан улам баары акырындап унутулуп бараткан.

Эми ошол бакчага кайра да келатты ит…

Тээ бактылуу бир күндөрүнүн бир күндөрүндө Аруузатты сүйрөмө арабасына салып, Кумайыкты ээрчитип алып, кожойкеси күнүгө бир маал ушул жерге келе турган. Ошондо, сүйрөмө арабанын чөнтөгүндө дайым суусундук, таттуу токоч, дагы башка тамак-аштар жүрөр эле. Кожойкеси аны атайылап салып алчу. Качан гана экөө оюндан жадаганда, же суусап, курсактары ачканда бактын көлөкөсүнө отуруп алышып, баягылар менен өзөк жалгашчу. Кожойкеси андайда Кумайыкты да унутчу эмес. Анын желим, жеңил табагын алдына кое салып, адегенде кызы жегенден тең бөлүшүп, андан кийин желим бөтөлкөдөн суу куюп берчү.

Кумайыктын көзүнө ошондогу желим бөтөлкө гана элестеп, ошону гана дегдеп, эс акылынын баары ошол гана болуп келатты.

(Уландысы бар)