Он беш жаштагы жазуучу Бекболот Абдуллаев: «Кырк жылды камтыган тарыхый роман жаздым»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Бекболот Абдуллаев экөөбүз эки жыл мурун интернет айдыңында таанышканбыз. Ошондон бери устат-шакирт жана калемдештер катары чыгармачылык байланыштабыз. Бекболот көркөм сөз кудурети менен 20-кылымдын “сүрөтүн тартууга” батынып, “Айымкан” аттуу тарыхый роман жазып, аны соцтармактардагы окурмандар кызыгып окушууда. 

– Бекболот, калемди качантан кармап келесиң?

– Айылда жүрүп, дептерлерге ыр жазып, аны эч кимге окутпай катып койчумун. Алгач «Классташ» гезитине  чыккан.  Үй-бүлөбүздө Жазгүл аттуу эжем да ыр жазат, ошондуктан чыгарма жазуу мага ар бир эле адамга таандык көрүнүш катары туюлчу. Мектептин сахнасына  чакан  сценкаларды  жазчумун. Кийин «Классташ» гезитине маегим сүрөтүм басылып чыкканда өзүмдү “жылдыз” сезип, айылда тургум келбей, шаарга кетип калсамбы дей баштагам. Бирок айылдан Базар-Коргондун борборуна келип, соцтармактар аркылуу чыгармаларды жарыялоого, окурмандар менен баарлашууга болорун үйрөнүп алдым. Баракча ачып, алгач «Ак көгүчкөн» аттуу чыгармамы жарыяладым.

– Баамыңда окурмандарыңа  кайсы  чыгармаң  көбүрөөк жакты?

–  Мага  ийгилик  алып  келген «Эне» аттуу аңгемем жана «Ашыктык ырлары» аттуу ырлар жыйнагым болду. Ошондой эле азыр жазып жаткан «Айымкан» аттуу повестим окурмандарын таап алды.  Ал  повесть  болжол  менен 1900-1940-жылдардагы окуяларды баяндайт. Окуя ошол убактагы сабатсыздык, токол алуу жана кыздарды эрте турмушка узатуу сыяктуу окуялар менен коштолот. Көпчүлүк адамдар чыгарманы окуп, «Илгерки заманды көзү менен көргөндөй жазыптырсың» деп, бирок чыгарманын автору он төрт жашар бала экенин билгенде ишенбей, таң калышкан.

Үйдө чыгармачылыгымды биринчилерден болуп атам колдойт. Анан чоң энем, Рустам аттуу агам, атамдын карындаштары, жана мектеп жамааты баары колдоп келет. Бирок апам өнөр жолу менен кетишимди  көп  каалабайт.  Себеби,  чыгарма  жазууда  компьютерим жок болгондуктан, телефон бетин  эки-үч  сааттан  ашуун  кароого туура келет. Ошондон улам апам: «Көзүңө залакасы тиет”, – деп калат. Бир жагынан апамдыкы туура.

Жакында эле Базар-Коргондо райондук  деңгээлде  «Өнөрлүү, миң  кырдуу,  бир  сырдуу»  аттуу сынак  болуп,  «Эң  мыкты  акын-жазуучу»  деп  таанылдым.  Бул менин алгачкы сыйлыгым. Максатым – улуттук деңгээлдеги «акын-жазуучу»  деп  таанылып,  кыргыз маданиятына салым кошкум келет.

– Адабиятты көп окуйм дебедиңби, эски муун жана жаңы  муундун  адабиятын салыштырсак болобу?

– Союздун деңгээлинен адабия-тыбыз төмөндөгөн да, көтөрүлгөн да жок. Болгону, эл арасына акча табуу үчүн китеп жазып саткан жазуучулар кеңири таанылып, акчасыз авторлор көмүскөдө калып, жакшы чыгармалар чыкпай жатат. Көпчүлүк жазуучулар талантынын таттуу нанын жегенди самап, маани-маңызына карабай, ар кандай чыгармаларды жаратып жатат. Мисалы, интимдик кызмат көрсөткөн кыздар, киши өлтүрүү сыяктуу чыгармалар кеңири жайылып кетти. Эски жана жаңы доордун адабияты стили, сөз байлыгы жагынан кыйла айырмаланып турат. Эски чыгармаларда сөз байлык күчтүү, чыгарманы көрктөп турган көөнө сөздөр кездешет. Ал эми жаштардын азыр өз тили, өз деңгээли бар. Бирок буга азыркы муун күнөөлүү эмес. Бул – коомдун таасири.

– Окурмандарыңдын арасында  мектеп  окуучулары барбы?

– Бул өтө олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Менин окурмандарымдын көпчүлүгү – энелер, аталар. Ал эми мен курактуу балдар адабий китеп тургай, астына даяр, акысыз берип койгон окуу китебин окуудан качышат. Ошондуктан балдардын көрөңгөсү руханий азыкка жарды. Китеп окуган балдар башка балдарга караганда бир топ айырмаланып мээнеткеч, максаттуу, зирек, мээримдүү, деги эле баардык жакшы сапаттарга ээ болот. Анткени аны китеп, китептеги жашоо, каармандар тарбиялайт. Кымбат телефондон көрө, ата-энелер эмнеге баласына китеп сатып беришпейт? Өзүм күндүн 2/5 бөлүгүн адабий китеп окуу менен өткөрөм.

–  Окуу  менен  чыгармачылыкты  бирдей  алып жүрүүдө кыйналган жоксуңбу?

–  Ар  күнү  жатаарда  эртеңки күнгө план түзүп алам, ар бир жумада пландарды алмаштырып турам. Бул адатты кайталай берсең баарына көз каранды болуп, психологиялык жактан көйгөйлөр чыгат экен. Ал эми план койбосоң, эркин жашайсың. Бирок убакыт тардыгынан  ушуга  бардым.  План  боюнча күнүмдүн көпчүлүк бөлүгү окууга арналат, ал эми чыгарма-чылыгыма бир же эки саат гана убакыт бөлө алам. Үйдө кыйраткан деле жумуш жок. Кечке окуу менен алекмин. Арасында соцтармактарда окурмандар менен маектешип турам. Досторум менен да кээде маек кура албайм, убакыт аз, кыла турчу иштерим көп. Кыскасын айтканда, окууга да, чыгармачылыкка да жетишип келе жатам.