Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Анда 26-апрелден 28-апрелге чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, кар көчкү түшүшү мүмкүн экени маалымдалган.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.