Рекордчу Криштиану Роналду

Футболдон чемпиондор лигасынын финалында 3-июнда испандык “Реал” италиялык “Ювентус” клубун 4:1 эсебинде утту. Бул оюнда “Реалдын” жылдызы Роналду 2 гол кийирип айырмаланды. Роналдунун экинчи тобу анын футболдук карьерасындагы 600-голу болуп калды. Ал төмөнкү командаларда ойноо менен ийгилик жараткан:
“Реал”- 394 оюн — 406 гол.
“Манчестер Юнайтед” – 292 оюн – 118 гол.
“Спортинг” – 31оюн – 5 гол.
Португалия курамасында 138 оюн – 71 гол.