Парламентте көмүскө экономиканын деӊгээли өсүп жатканы айтылды

Айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти. Бул тууралуу 25-апрелде парламентте өкмөттүн бир жылдык отчету угулуп жатканда депутат Айнура Осмонова билдирди.

Анын айтымында, расмий маалыматка караганда, Кыргызстангы көмүскө экономиканын деӊгээли 35-40 пайызды түзөт. Ал эми айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти. Демек, мамлекеттик бюджетке канча каражат түшпөй калууда?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биздеги көмүскө экономиканын деӊгээли 24 пайызды түзө турганы жөнүндө маалымат бар. Бирок, менин оюмча, көмүскө экономиканын деӊгээли андан жогору. Экономика тармагын санариптештирүү алардын ондук бөлүгүн ачыкка чыгарат болуш керек. Азыр бул багытта жүргүзүлө турган иш-чаралардын коцепциясы даяр. Анда Кытай, Орусия, Казакстан өӊдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынды», — деди өкмөт башчы.