Акция: “Мээримдүү тыйын”

Анара АРЗЫБАЙ кызы,“Кыргыз Туусу”


“Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду 28-апрельде “Мээримдүү тыйын” акциясын өткөрөт. Иш-чара “Бишкек парк” соода борборунда саат 12:00 башталат.

Акциянын башкы максаты – опеарцияга муктаж болгон (фонддо каттоодо турган) жаш өспүрүмдөргө каражат чогултуу. “Мээримдүү тыйын” акциясы акыркы 4 жылдан бери жылына эки жолу уюштурулуп келет. Өткөн жылы декабрь айында 250 592 сом топтолуп, 3 өспүрүмдүн операциясына жумшалган. Аталган фонддун социалдык кызматкери Абдиева Мээримдин айтымында, акыркы 3 жылда ушундай акциядан түшкөн каражаттын эсебинен 20дан ашык балдарга ар кандай операциялар жасалган. Ошондой эле, бул акция БУУ тарабынан жогору бааланып, муктаждарга кол сунуунун үлгүсү катары башка мамлекеттерге сунушталган.

“Мээримдүү тыйын” акциясына шоу-бизнестин өкүлдөрү, ырчы-чоорчулар келип, концерттик программаларын тартуулашат. Андан сырткары, катышуучуларды кызыктуу белектер күтөт.