Жогорку Кеңеш Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды

Бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун кароо улантылды.

Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, анын эл аралык рейтингдердеги позициялары, экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү жыйынтыктары, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берген.

Мындан тышкары Премьер-министр жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Эки күндүк талкуулардын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.