Канатбек Маматов Борбор Азиядагы футбол конфедерациясынын аткаруу комитетине мүчө болду

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Борбордук Азиядагы футбол конфедерациясынын аткаруу комитетине мүчө болду. Бул тууралуу Фудбол федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Маматовдун талапкерлиги Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясынын конгрессинде жактырылган.

Ошондой эле Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти болуп тандалды.

Белгилей кестек, Борбордук Азиядагы футбол ассоциациясына Кыргызстан, Ооганстан, Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттери мүчө.