ИИМ: Милиция кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу зарылдыгы бар

25-апрель күнү Жогорку Кеңеште Өкмөттүн отчетун угулуп жатканда «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урматбек Самаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге: “Милиция кызматкерлери канча айлык алышат жана үй-бүлөсүн багуу үчүн бир айга 8 миң сом жетеби?” деген суроо узаткан.

Бул боюнча ИИМдин ИИМдин Басма сөз кызматынан түшүндүрмөсүн билдирди. Ага ылайык, айрым маалыматтык агенттиктер министрдин жообун туура эмес түшүнүп алышкан, ал эми башка маалыматтык агенттиктерде иштеген кесиптештери бул маалыматты чагылдыра башташкан.

«Депутаттын суроосуна министр Кашкар Джунушалиев, “Мүмкүн болушунча жашап жатабызда, жетишинче”, -деп жооп берген. ИИМдин башчысы өз жообунда, милициянын кенже сержанттык курамы чындыгында 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин аларын белгилеп, бирок ал каражат жетиштүү экендигин айткан эмес. Аны видеодон текст жана эмоция түрүндө байкоого болот Ички иштер министри, суроолорго жооп берип жатып, парламенттин депутаттарын экинчи окууда ИИМ тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, 2018-жылдын 28-июнь күнү Жогорку Кеңеш “Укук корго органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алган. Мыйзам долбоорду экинчи окуунун алдында зарыл болгон сунуштар менен эскертүүлөрдү киргизүү үчүн кошумча кеңири талкууга коюу сунушталган. Бул мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартибинин жана шарттарынын бирдей укуктук жана уюштуруучулук негиздери, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктук абалы (статусу) жана социалдык жактан камсыздоо кепилдиктери, бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнүн, кийим-кече, пенсия менен камсыздалышынын жана социалдык колдоонун тутумун унификациялоо, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүндөгү чектөөлөр аныкталган. Демек, мыйзам долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин 40 пайызга чейин, аны менен бирге ИИОдо кызмат өтөгөндүгү үчүн 30 пайызга чейин айлык маяналарын көбөйтүүгө шарт түзүп, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсияларын 40 пайызга чейин көбөйтүлмөкчү, бул болсо укук коргоо кызматынын аброюн көтөрүп, күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүнчүлүк берет.