Түркмөнстандын батышында накталай акча тартыш болууда

Түркмөнстандын батышында жайгашкан Балканабад шаарында адамдар карталарындагы акчаларын ала албай, банкоматтардын алдында кезек күткөндөр көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Балканабадда адамдар бир жумадан бери банкоматтардын алдыларына чогулуп жатышат. Айрым учурларда алардын саны 70-80ге чейин жетип кетүүдө. Шаарда накталай акча таптакыр жок. Адамдар карталарына которулган айлыктарын ала албай жатышат», — деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик эмне себептен банкоматтарда акча жок болуп жатканы боюнча калкка эч кандай маалымат бере элек.

«Акча качан болорун эч ким билбейт. Эртең келгиле дейт, бирок бир жумадан бери акча жок. Адамдар көп топтолуп кетпесин деп, кезекте тургандарын үйлөрүнө кетирүүгө аракет кылып жатышат», — деди кабарчы.

Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери мамлекеттик мекемелерде иштеген жарандардын айлыктары пластик карталарга которулуп келет. Былтыр өлкө жарандары пенсиялар менен жөлөкпулдарды дагы карталар аркылуу ала башташкан.

Бийлик тарабынан киргизилген чектөөлөргө ылайык, учурда Ашхабаддагы жана облус борборлорундагы банкоматтардан бир айда 800 манат, ири шаарларда 600 жана калган калктуу конуштарда 400 гана манат алууга мүмкүн.