Учурда  МЖӨнүн 17 долбоору ишке ашыруу стадиясында турат

МЖӨ тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы  долбоорлорду демилгелөө, ишке ашыруу процессин тездетүүгө жана жалпысынан МЖӨ механизмин өнүктүрүүгө жардам берет. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоор учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

2018-жылдын 24-сентябрында МЖӨ боюнча кеңештин жыйынында МЖӨ борборун түзүү жөнүндө сунуш жактырылды, анын максаты жалпы улуттук жана муниципалдык маанидеги инфраструктуралык долбоорлорду колдоо жана өнүгүшүн тездетүү, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар кандай инструменттерин пайдалануу аркылуу инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кызматтарынын сапатын жогорулатуу болуп саналат.

МЖӨ Борборун түзүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоору иштелип чыкты.

Азыркы мезгилде  саламаттык сактоо, шаардык инфраструктура, спорт жана туризм, транспорт, бажы логистикасы жана маданият сыяктуу экономиканын ар кандай секторлорунда МЖӨнүн 17 долбоору ишке ашыруу стадиясында турат.

2018-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы суммасы 12 млн. долларга долбоорлорду ишке ашыруу башталды, анын ичинде:

— гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор – 10 млн евро;

— Бишкек шаарында «Кызыл-Кыргызстан» кинотеатрын модернизациялоо» долбоору – 500,0 миң АКШ доллары.

Мындан тышкары МЖӨ 4 долбоору боюнча МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунан каржылоо алуу үчүн зарыл документтер даярдалып жатат.