УКМК: Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

23-апрелде УКМК чет элдик шериктештер менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) пландарына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча жүргүзгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, ЭТУ согушкери, КР жараны «А.А.И.» кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Такталган боюнча, ал 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-теорроисттик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин ЭТУ лагерлеринде жалданган рекуттардын даярдоо машыктыруучу болгон.

ЭТУ башчыларынын тапшырмасы менен «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү тапшырмасын ишке ашыруу максатында КР аймагына келген.

УКМК органдары тарабынан бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат жана анын жүрүшүндө кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алды.

Азыркы учурда «А.А.И.» КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Ошондой эле УКМК террористтик багыттагы кылмыштарды жасаса, же болбосо таратууга аракеттенсе, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.