Ошто спорттук шаарча курулат

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 5-июнда бир катар спорттук мекемелердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр Сай-Бою көчөсүндөгү жолдун жана велосипед жолунун, Ж.Шамшиев көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн, ФИФА футболдук академиясынын, бокс жана оор атлетика спорттук жатак мектебинин курулушу менен таанышты.

 

Шаар башчынын айтымында, объекттер бир жарым айдын ичинде ишке берилет.

“Келечекте спорттук шаарчаны курууну пландап жатабыз”, — деди мэр.

Белгилей кетсек, буга чейин спорттук интернатта аныкталган курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабоо аракеттери мэрдин тапшырмасынан кийин толук оңдолгон. Жалданма компания объектке үч жылдык кепилдикке милдеттендирилди.

Спорттук интернат жана ашкана 50 орунга ылайыкташкан. Курулуштун жалпы аянты 2021 м2. Тендердик баасы – 18,9 млн сом. Мында спортчулар жашаганга 16 бөлмө, машыгуу залы жана окуу класстары бар.