Эльдар ТАДЖИБАЕВ: Кесиптик бирликтер татыктуу жумуш жана бакубат жашоо үчүн күрөшөт!

АЧЫК КАТ: Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

Кыргызстан профсоюздар федерациясы (мындан ары КПФ) мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-статьясын жана «Кесиптик бирликтер жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 4-статьясын бузуу аркылуу кесиптик бирликтердин Уставдык жана финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө  кийлигишип жатканын билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин  депутаттары Г.Асылбаева, М.Бакиров, Д.Толонов жана Т.Масабиров кесиптик бирликтин түзүмүн,  кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн санынын шартын, кесиптик бирликтердин лидерлерин шайлоонун тартибин ж.б. белгилеген «Кесиптик бирликтер жөнүндө» КРнын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорун даярдаган. Андай болгондо бул жоболорду кесиптик бирликтин мүчөлөрү өз Уставдарында кантип аныктайт.

12.04.2019-ж.  «Кесиптик  бирликтер жөнүндө» КРнын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоору тең укуктуу негизде түзүлгөн (КРнын Премьер-министринин 20.03.2019-ж. №154 буйругу) жумушчу топтун алдын ала талкуулоосунан өтпөстөн жана социалдык өнөктөш катары Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын катышуусусуз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган. Ошентип, мыйзамдык буюруу боюнча кесиптик бирликтердин Уставдык ишмердүүлүгү чектелмекчи.

Аталган мыйзам долбоорун улай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КПФдан жана тармактык кесиптик бирликтерден кесиптик бирликтердин кыймылсыз мүлктөрү, ээликтен ажыратуу фактылары жөнүндө, мүчөлүк төгүмдөрдү жана эмгекчилердин саламаттыгын чыңдоо фондун пайдалануу, санаториялык-курорттук иштер, жолдомолорду бөлүштүрүү жөнүндө, кесиптик бирликтердеги түзүм жана штаттык жүгүртмө ж.б. тууралуу отчетту талап кылган. Бул кесиптик бирликтер ишине түздөн-түз жана ачыктан-ачык кийлигишүү. Буга  «Кесиптик бирлик-тер жөнүндө» КРнын Мыйзамында жана Эл аралык эмгек уюмунун №87, №98 жана №144 Конвенцияларында тыюу салынган.

Ушуну менен катар Кыргызстан профсоюздар федерациясы кийинки 7 жылда мамлекеттик түзүмдөр тарабынан эмгекчилердин эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын, ошондой эле жалданма кызматкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон кесиптик бирликтин укуктарын чектөөгө багытталган акциялардын жүргүзүлүп жатканын белгилейт.

Мисалы, 2012-жылы Эмгек кодексинен эмгекчилердин эмгектик укуктарын жана социалдык кепилдиктерин кепилдеген 70%га жакын нормаларды алып салуу далалаты болгон. КПФнын жигердүү аракети аркасында Эмгек кодексинин мурдагы редакциясы сакталып калды.

2015-жылы жеке ишкердикти өнүктүрүү жана кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы укуктарды теңдештирүү шылтоосу менен Экономика министрлиги жеке ишкерлердин ишканаларында иштеген кызматкерлердин укуктарын айтарлыктай кемсинтүүнү камтыган долбоорду даярдаган. Атап айтканда, жумушка кабыл алуу шарттары катууланган, эмгек келишимин бузуу жөнөкөйлөштүрүлгөн. Мындайча айтканда, эмгек мамилесин токтотуу Эмгек кодексинде каралган негиздемелер боюнча эмес,  иш берүүчүнүн чечими боюнча жүргүзүлмөй болгон. Кызматкерлердин башка да укуктары начарлаган.

Кесиптик бирликтер Экономика министрлиги сунуштаган мыйзам долбооруна бөгөт коюуга жетишишкен.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин демилгеси менен «Эмгекти коргоо жөнүндө» КРнын Мыйзамын жоюу аракети болгон.  КПФ бул мыйзамды жок кылууга жол берген жок.

2017-жылдын январында укук бузууларды декриминализациялоо жана жазаларды гумандаштыруу эгидасында мыйзамдардан эмгек мыйзамын жана эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн иш берүүчүнүн административдик жана кылмыштык  жоопкерчилигин караган  90%дын тегерегиндеги нормалар алынып салынган. Буга байланыштуу эмгекчилердин эмгектик жана социалдык укуктарын коргоонун кепилдиги айтарлыктай төмөндөйт жана кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча алардын өкүлчүлүктүү органы болгон кесиптик бирликтердин мүмкүнчүлүктөрү чектелет.

Азыркы убакытта КПФ эмгек тууралуу мыйзамдарды бузганы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караган укуктардын алынып салынган нормаларын калыбына келтирүү боюнча мыйзамдын долбоорун, ошондой эле «Кесиптик бирликтер жөнүндө» КРнын жаңы Мыйзамынын долбоорун даярдап жатышат.

Кыргызстан профсоюздар федерациясы үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жогоруда аталган депутаттар даярдаган «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзам долбооруна каршылыгын жөнөттү жана аны коомдук талкуулоодон алып салууну талап кылат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнө бийлик органдарынын кийлигишүүсүн токтотууга жана кесиптик бирликтердин укуктарын бузууга жол бербөөгө жардамдашууңузду сурайбыз.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын  Кеңешинин мүчөлөрү

 Кесиптик бирликтер татыктуу жумуш жана бакубат жашоо үчүн күрөшөт!

Татыктуу эмгек – бул биринчи кезекте, туруктуу, коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттары. Бул жакшы эмгек акы жана ишенимдүү социалдык коргоо. Бул жумуш иштеп жаткан бардык адамдардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндиктерин сактоо.

Кесиптик бирликтер ар дайым ошондой шарттардын камсыз болушу үчүн күрөшөт. Бирок глобалдык капитал жана жергиликтүү бизнес жөн жатпайт жана алар эмгек мыйзамын либерализациялоону жана өнүктүрүүнү бетине кармап, эмгек мыйзамдарын эмгек адамдарынын укуктарын кыскар- тууга жана бизнес үчүн оңтойлуураак шарт- тарды түзүүгө багыттап өзгөртүүгө аракет жасайт. Кесиптик бирликтер бир далай ирет республиканын эмгек мыйзамдарын коргоп калды. Эми эмгек мыйзамдарын кыскартууга жана адамдарды каалагандай иштетүүгө эч ким тоскоол жасабасы үчүн кесиптик бирлик- тердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кыскартууга далалат кылууда. Бул аракеттердин бардыгы биздин жарандардын жумуш иштөө шарттарына тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Азыркы учурда Кыргызстандын эмгекке жөндөмдүү эки жарым миллион калкынын бар болгону беш жүз миңге жакыны расмий түрдө жумуш иштегендер болуп эсептелет. Алар кандайдыр-бир деңгээлде кесиптик бирликтердин камкордугунда турат. Эгер сунуш- талып жаткан мыйзам кабыл алынып калса, анда бул жарым миллион адам да коргоосуз калышат. 2019-жылдын 23-апрелинде Ташкент шаа- рында Металлчылардын эл аралык Евразиялык федерациясынын Борбордук комитетинин 47-жыйыны өттү. Бул федерация Евразиялык аймактын 20 өлкөсүнүн өнөр жай тармактарынын жыйырма миллиондон ашуун кызматкерлеринин башын бириктирет. Жыйындын катышуучулары Кыргызстандагы кесиптик бирликтердин мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты чочулоо жана кыжырдануу менен угушту, депутаттардын демилгесин айыптады жана Кыргызстандын парламентине өздөрүнүн каршылыгын жиберүү боюнча чечим кабыл алышты. Депутаттарды мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга чакырабыз!

Эльдар ТАДЖИБАЕВ, Кыргызстандын тоо-кен металлургия кесиптик бирликтеринин
Борбордук комитетинин төрагасы