Базар-Коргондо бир аптадан бери изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды

Жети күндөн бери изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар бүгүн саат 10:30да анын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, 19-апрелде Базар-Коргондун  Акман а/а, Акман айылынын тургуну 2014-ж.т. И.Э. 17:00дө дайынсыз жоголгон.