ИИМ өз дарегине айтылган сындарга жооп берди

 “Азия news” гезитине ИИМ министрине жана анын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар сын-пикирлер жарыяланган. Буга байланыштуу ИИМдин Басма сөз кызматы жооп кылды.

“Башкы редактор Аслан Сартбаевдин, коомдук ишмерлер Турат Акимовдун, Алга Кылычевдин, Аманбол Бабакуловдун, Мээрбек Мискенбаевдин, Айбек Мырзанын жана Урмат Акуновдун сын-пикирлерин, демилгелүү ойлорун сыйлайбыз, бирок ошентсе да ИИМ өз кезегинде аша чаап кеткен пикирлер боюнча өз пикирин айтып келген жана айтат”, — деп белгиленет маалыматта.

Андан ары “жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамдын талаптарында жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө, жалган маалыматтарды атайылап калкка жарыялоого жол бербейт деген беренелери бар экендигине карабастан жалган, такталбаган маалыматтар” жарыялангандыгы кошумчаланат.

Ошол эле учурда ИИМ кылмыш дүйнөсү, кылмыштуулук, жарандардын укугун жана коопсуздугун сактоо приоритеттүү багыттары болуп саналаарын баса белгилеп, бүгүнкү күндө ички резервдердин эсебинен реформалык жаңыланууларга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатышкандыгы айтылат. Ошону менен катар, “ички иштер органдарынын кадыр баркын тебелеген, коомдук терс пикирлерди жараткан кызматкерлер жана жагдайларды жок деп айтканыбыз жок, алар менен да келишкис жана аесуз күрөштү колго алып келе жатабыз”, — деп белгиленет.

Мындан тышкары, ИИМ бүгүнкү күндө негизинен төрт багытта иш алып барып жаткандыгы өзгөчө көрсөтүлөт. Алар: жалпы ишмердүүлүк, реформалык өзгөрүүлөргө баруу, коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, эң негизгиси кызматтык тартип багыттары.