Балыкчы шаарынын мэринин шайлоосу дайындалды

Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 14-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмүнөн маалымдашты.

Шайлоону уюштуруу, өткөрүү Балыкчы АШКна тапшырылды.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын буга чейинки мэри А.Мамбетов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулуп, МККнын төрагасы болуп дайындалган.

Маалымат үчүн: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шаарга мэр боло албайт.