Өкмөт парламенттин сынынан өттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган Өкмөт мүчөлөрү 24-25-апрель күндөрү Жогорку Кеңеште бир жылдык отчетун тапшырды. Буга чейинки Өкмөт башчылары отчетун бергенге жетишпей, ар кандай чуу менен иштен алынганы эсибизде. Жогорку Кеңеште эки күн катары менен эл өкүлдөрүнүн элегинен өткөн Өкмөт болгон эмес. Эки күн ичинде депутаттар Премьер-министрге жана министрлер кабинетине ар кандай маанидеги жүздөгөн суроолорун, сунуштарын беришти. Негизги жоопторду Премьер-министр өзү берип, жалпысынан парламент депутаттары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөтүнө оң баасын берип, ишин канааттандыраарлык деп табышты. Алгачкы сөздү Мухаммедкалый Абылгазиев алып, Өкмөттүн бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасады. Анда төмөндөгү маалыматтар камтылды.

Экономикабыз сандар менен…

— Өкмөттүн ишиндеги оң динамика мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катталды. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 5,6%га жакшырды. Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясы 1,9 пайызга жогорулады. «Бизнести­жүргүзүү»индекси боюнча биздин республика 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгып, 7 позицияга жакшырды. Өсүш 4 индикатор  боюнча катталган: «Төлөөгө­жөндөмсүздүктү­чечүү»(+37 позицияга), «Эл­аралык­соода»­(+14 позицияга), «Миноритардык­инвесторлорду­коргоо»(+13 позицияга), «Келишимдердин­аткарылышын­камсыздоо»­(+8 позицияга) жакшырды. «Коррупцияны­кабылдоо»индекси  боюнча Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга чыгып, 3 позицияга жогорулады. «Экономикалык­эркиндик­индекси»боюнча 180 өлкөнүн ичинен республика 79-орунда турат. «Глобалдууатаандаштыкка­жөндөмдүүлүк»­индекси боюнча биздин көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5 позицияга жакшырган. Бул индекс макроэкономикалык туруктуулукту жана Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.­«Социалдык­прогресс»индекси  боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасы 146 өлкөнүн ичинен 78-орунга чыгып, олуттуупрогресске жетишти. «Өлкөнүн­өркүндөө»­индекси боюнча биз 149 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээлеп, 4 позицияга көтөрүлдүк. Негизинен Өкмөттүн ишинин жалпы интегралдык көрсөткүчү 2,4%га жакшырды.

Өлкөнүн  ИПДсы  557,1  млрд.  сомду (+3,5%) түзүп, курулушта 7,8%, өнөр жайында 5,5%, айыл чарбасында 2,7%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1% өсүш катталды.

ИДПнын калктын жан башына бөлүнүшү 3%га өстү. 2018-жылдын ичинде тышкы карыз 265 млн. долларга азайып, көлөмү 3,8 млрд. долларды түзөт. Былтыр ички дүң продуктуга карата карыз кооптуу чектен 53,1%дан 48%га чейин азайтылды. Ошону менен бирге тышкы соода жүгүртүүсү 6,7 млрд. долларды түзүп, 6,6%га көбөйдү. Чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн. долларды түзүп, ошол эле учурда инвестициялар-дын чыгып кетиши 2017-жылга салыштырмалуу 27,7%га, же 200 млн. долларга азайган. Ошондой эле, анын айтымында, негизги капиталга ички инвестициялардын көлөмү 108,6 млрд. сомду (+24%) түзгөн. Ишканалардан жана уюмдардан салынган инвестициялардын көлөмү 50,1 млрд. сомду түзүп, 36% өскөн. Мындан тышкары ЕАЭБ алкагында экспорт 5%га көбөйсө, импорт 4,7% азайды.

Ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн: бизнес омбудсмен институту түзүлдү, ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди; жаңы ачылган ишканалар 5 жылга салыктан бошотулду, туруктуу өнүгүү долбоорлорун даярдоо-чу фонд түзүлдү.

Инфляция 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,5%ды түздү, бул Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн арасында абдан жакшы көрсөткүч. Экономиканы кредиттөө 130,5 млрд. сомду түзүп, 18,2%га көбөйгөн.

Экономикабыздын учурдагы абалы…

2018-жылы Өкмөт Кыргызстандын экономикасына терең анализ жасап, иштердин алсыз жана күчтүү жактары аныкталды. Экономикабыз «Кумтөргө» өтө көз каранды. Бул өткөн жылдардагы өлкө экономикасын башкаруудагы эң чоң катасы болду. Экономикабыз менен катар социалдык бир топ маселелер «Кумтөргө» байланган. «Кумтөр» эртеби кечпи ишин токтотот. Ошондуктан Өкмөт азыртан баштап, комбинаттан калган экологиялык жана социалдык көйгөйлөр мамлекеттик бюджетке залакасын тийгизип, оорчулук келтирбешин алдын алуунун үстүндө иштөөдө. Алдыдагы негизги милдетибиз «Кумтөрдөн» көз каранды болбогон экономиканы түзүү. Дагы бир чоң маселе, энергетика жана кен казынасын иштетүүдөгү коррупция, системалык көйгөйлөр, алынган кредиттердин жана гранттардын натыйжасыз пайдаланылышы кредиторлордун алдында эң чоң суммадагы карыздардын топтолушуна алып келген. Энергетиктердин кредиттер боюнча карызы учурда 102 млрд. сомго чыкты. Бул бюджетибиздин жарымынын көбүн түзөт. Быйыл биз бул карыздын 4,6 млрд. сомун төгүшүбүз керек. Энергетика системасындагы карыз төлөөнүн эң бийик чокусу – 2025-жылга туура келет. Ошондуктан биз жаңы жумушчу орундарын түзүү менен орто жана чакан бизнеске өзгөчө басым жасашыбыз керек.

Биз үчүн элдин ден соолугу баарынан маанилүү

Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоо иштерин токтотуп туруу чечимин кабыл алганбыз. Алар ишти токтотуп, техникаларын чыгарып кетишти. Бул кенди чалгындоого лицензия кандайча берилгендиги боюнча кыскача тарыхына токтоло кетсем. Кызыл-Омпол уран кенинде «Юразия Кыргызстан» ишканасына 2010-жылы Жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилген. Андан соң 2011-жылы Замирбек Эсенамановдун колу менен компанияга лицензия берилген. 2012-жылы уруксатка Ишимбай Чунуев кол койгон, 2015-жылы уруксатты узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. 2016-жылы лицензия ошондой эле узартылган. Уран экенин билишкен.

Өзүңөр жакшы билгендей бул боюнча атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына жогорку класстагы, анын ичинде МАГАТЭ жана эл аралык уюмдардан адистер, ошондой эле жарандык активисттер жана экологдор тартылат. Комиссиянын иши болушунча ачык жана объективдүү болушу керек. Эгерде уран кенинин ишмердүүлүгүндө экологияны бузуу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиктери бар экендиги аныкталса, анда албетте, биз тиешелүү чечимди кабыл алабыз. Биз үчүн элдин ден соолугу баарынан маанилүү.

Илгерилеген инвестиция

Чет элдик түз инвестициялардын негизги көлөмүн (88 % ашууну) кайра иштетүү, пайдалуу кен казуу, өндүрүш ишканаларына, геологиялык иликтөөгө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагына багытталган. Мында маалымат жана байланыш тармагына багытталган инвестициялардын көлөмү – 2,5 эсеге, ал эми кайра иштетүү өндүрүш ишканаларына – 1,4 эсеге жогорулаган, ошол эле учурда геологиялык иликтөөгө келген инвестициялар – 1,9 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына – 1,5 эсеге, пайдалуу кен казуу ишканаларына 4,9 %га кыскарган.

Келип түшкөн чет элдик түз инвестициялардын жалпы көлөмүндө салыштырмалуу көбүрөөк бөлүгү Кытайга (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 43,1%) туш келсе, Нидерландыга (7,3 %), Улуу Британияга (4,9 %), Түркияга (3,6 %) жана Швейцарияга (3,4 %) тийиштүү.

Инвестициялар төмөнкүчө кыскарган:

Кытайдан – 19,0 %га, Казакстандан 37,2 %га кыскарса, тескерисинче, Россиядан келген инвестициялар – 24,9 %га, Нидерландыдан – 64,5 %га, Түркиядан – 19,9 %га, Швейцариядан – 3,5 эсеге жогорулаган.

Чет элдик түз инвестициялардын агылып чыгышы 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 27,7 %га кыскарып, 523,2 млн. долларын түзгөн.

2018-жылы инвестициялардын агылып чыгышы пайдалуу кен казуу ишканаларында – 44,0 %, геологиялык иликтөөдө- 41,4 %, кайра иштетүү өндүрүшүндө – 15,7 % жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында 4,0 % көрсөткүчтө байкалган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан жалпы суммасы 28,2 млн. долларга барабар 9 долбоор ишке ашырылган.

Ишке ашырылган долбоорлордун катарында:

— жарандык жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча заводдун курулушу (10 млн. доллар)

— «Fresenius Medical Care Kyrgyzstan» гемодиализ борборунун ачылышы (10 млн. доллар)

— «Artel» бренди алдында кир жуучу ма-шиналарды чогултуу боюнча заводдун курулушу (1 млн. доллар) — «ЗИЛ» тоо лыжа баззасында зиплайн-ды куруу (1 млн. доллар)

— травертин өндүрүү боюнча заводдун курулушу (1,2 млн. доллар)

— «Жаңы гемодиализ борбору» долбоору (1 млн. доллар)

— «IMZO» бренди алдында пластикалык терезелерди жана эшиктерди чыгаруу боюнча

заводдун курулушу (1 млн. доллар) орун алган.

Гранттар жана кредиттер өнүгүүгө гана жумшалат

Бюджеттин ички чыгашалары ички булактардын эсебинен каржыланат, гранттар менен кредиттер өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалат. Биринчиси, кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамда бюджеттин ички чыгашаларын ички булактардын эсебинен каржылоо, гранттар менен кредиттерди өнүктүрүү долбоорлоруна жумшоо каралган. Тартыштыкты азайтуу боюнча тенденция улантылат. Өкмөттүн демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн парламенттин депутаттарына ыраазычылык билдиребиз жана белгилей кетсем, бүгүнкү күнү биз бул мыйзамды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз.

Тиленбек Азык