Алмаз БААТЫРБЕКОВ, ЖК депутаты: «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ашыруу Премьер-министрдин чоң жетишкендиги болду»

— Жогорку Кеңеште Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча өзүнүн отчетун берди. Ал жетишкендиктери менен катар жасалбай калган иштерине да токтолду. 2018-жыл жеке эле Кыргызстан эмес, дүйнө элдеринде да экономикалык каатчылык каптаган жылдардын бири болду. Дүйнөдөгү мындай экономикалык каатчылык биздин өлкөгө да таасирин тий-гизди. Жалпысынан алганда 2018-жыл чоң кырсыктарсыз, коогалаңсыз жакшы жылдардан болду.

Өкмөттүн ишине токтоло турган болсом, биз эгемендүүлүктү алгандан бери бизде 30-Премьер-министр иштеп жатат. Мындай көрүнүш Өкмөттө туруктуулукту жаратпады. 2010-жылдагы революциядан кийин саясат өзгөрүлүп, Жогорку Кеңешке дагы, саясий аренага дагы жаңы адамдар пайда болуп, жаштар келди деген менен андан бери деле Мухаммедкалый Абылгазиев 9-Премьер-министр экен. Иштеп кеткен Премьер-министрлерге баам салсак, бирөө жалаң пиар менен иш алып барса, экинчиси “коопсуз шаар” долбоорун сынак иретинде киргизип жатабыз дегенден кийин дагы эки Премьер-министр алмашылды.

Менимче азыркы Премьер-министрдин чоң жетишкендиги, кандай негатив айтылбасын ошол “коопсуз шаар” долбоорун чечкиндүү түрдө киргизип, жүзөгө ашыра алды. Мурунку Премьер-министрлер мынча каражат жумшайбыз деп тендер өткөрүп, ошол тендерге Өкмөт кайра кол койбой ызы-чуу болуп келгенбиз. Мурдагы Өкмөт башчыларыбыз ар кимиси ар кандай чыр менен кетишкен. Бир Премьер-министрибиз тендердин чыры, экинчиси — коррупцияга аралашса, үчүнчүсү — ишенбөөчүлүк жарыяланып кетти. Ар бир

Премьер-министр  иштеген  убагында  кандайдыр бир негатив болуп жатты. Өкмөттүн кайра-кайра алмашуусунан деле кыргыз мамлекети өнүгүп кетпейт, өлкөдө туруксуздукту жаратат.

Ал эми Жогорку Кеңеш-тин азыркы Өкмөттү колдоп бергени кичине болсо да туруктуулукка карай багыт алганыбыз го деп ойлойм. Президентибиз Сооронбай Шарипович да парламентте элге кайрылуу жасаганда, Өкмөттү колдоп берсеңер деп айтканы да туруктуулукту камсыздоо максатында айтылган. Жаңылбаган адам болбойт, иштеген адам жаңылат, а иштебеген адам гана жаңылбайт. Өкмөт иштеп атканда катачылыктар, кемчиликтер болду. Премьер-министр өзү деле кетирген жаңылыштыктарына, кемчиликтерине токтолду. Ошого карабастан жалпылап алганда алга жылыш бар деп айтууга толук негиз бар.

Өкмөттүн отчетун депутаттардын колдоп бергени Өкмөттүн ишин саясатташтыра бербей реалдуу иш алып баруунун белгиси болду го деп ойлойм. Отчетту угуу учурунда эл өкүлдөрү тарабынан 2018-жылдагы аягына чыкпай калган жумуштарды аткаруу боюнча тапшырмалар, сунуштар берилди. Мухаммедкалый Абылгазиев эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алып, актуалдуу маселелерди дыкат карап чыккандан кийин биргелешип чечүү боюнча өз ойлорун айтты. Менин жеке оюмда Жогорку Кеңеш Өкмөттүн жасаган ишин канааттандырарлык деп тапканы туура эле болду…