Айды карап отурбай эле Орозону тактоого болот

Мен 30 жылдан ашык орозо кармайм. Ошондон бери жыл сайын элдин баары орозо качан болот экен деп сурашып тынчcызданышат. Муфтияттагылар тоого чыгып, айды карап анан айтабыз деп, анан, көпчүлүк убакытта, бир күн калганда айтылат. Эл ичинде ар кандай сөз жүрүп, кээ бирөөлөр 30 күн, кээ бирөөлөр 29 күн орозо кармайт.

Менин дин боюнча атайын билимим жок. Биринчи жолу Ыйык Куранды 1964-жылы орус тилинде бир жыл конспектилеп окугам. Кудай өзү кечирсин, биздин айылдагы молдолор ушунчалык билимсиз экенин ошондо билдим. Буга таң калган деле жокмун. Араб тилин билишпесе, кыргыз тилинде диний китептер чыкпаса, алар тиги молдо минтип, бул молдо минтип айткан деп үйрөнүшкөн да.

Ыйык Куранды окуп чыккандан кийин, көп нерсе молдолор айткандан такыр башкача экенин түшүндүм. Адамзаттын тарыхын, мифологияны, Библияны, дүйнөдөгү диндердин тарыхын, психологияны, астрономияны, биологияны, медицинаны, генетиканы жана атактуу философтордун китептерин окуп түшүнбөй туруп Ыйык Курандын аяттарын терең түшүнүш мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келдим. Ошондон кийин жогорку илимдерге кызыгып, колумдан келишинче китептерди окуп, билимимди жогорулата баштадым.

Пайгамбарыбыз айдын жаңырышы жөнүндө эмне деген?

Илимпоздор 16-кылымга чейин Жер – Ааламдын борбору, Күн, Ай жана жылдыздар Жерди айланат деп түшүнүшкөн. Андан бери астрономия өнүгүп, канча суткада Ай Жерди айланып чыгарын, эмне үчүн Ай жаңырганда 1-2 күн көрүнбөй каларын, анын качан көрүнөрүн, Күн жана Ай Жердин кайсы аймагында толук же толук эмес тутулушун алдын ала билишет. Ошого карабай биздин молдокелер ушул убакка чейин орозонун башталышын жана аякташын Айдын жаңырганын тоого чыгып асмандан көз менен көрүп аныкташат. Себеби эмнеде? Себеби, Кудай өзү кечирсин, биздин молдокелер бүгүн да билимсиз. Ошол себептен бири-бирибизди жамандап, кээде “орозонун башталышын так билбеген муфтийди кызматынан алыш керек” деп кыйкырып турган кезибиз.

Бир мисал келтирейин. Ушул кезде Сауд арабиясында Шейх Бандар аль-Хайбари деген молдо студенттерге “Жер өз огунда айланбайт жана кыймылдабай бир орунда турат” деп лекция окуп жатат. Ал өзүнүн теориясын диний китептерде жазылгандар менен негиздеген. Ал үчүн самолет менен Бириккен Араб Эмираттарынан Кытайга учкан фактыны мисал келтирген. “Эгер Жер айланса, Кытай дагы айланат жана самолет ага эч качан учуп жетмек эмес” деп бул молдо интернет аркылуу дүйнөгө жар салып жатат.

Буга  мен  таң  калбайм  жана  себебин түшүнөм. Мухаммад Пайгамбарыбыз бир жарым миң жыл мурун өтүп кетсе да, азыркы молдолордон миң эсе билимдүү болгон. Ал бул маселе боюнча эмне деген?

Атактуу илимпоз имам Аль-Бухаринин тандалган хадистер китебиндеги орозого байланыштуу 882-хадисте Мухаммад пайгамбарыбыздын мындай айтканы келтирилген: “Ай кээде жыйырма тогуз, кээде отуз күндөн турарын эске алып, “Чындыгында, биз – билимсиз элбиз жана жазганды да билбейбиз, эсептегенди да билбейбиз, ал эми ай мындай болушу да, тигиндей болушу мүмкүн” (орус тилинен котордум Т.Ы.) (Сахих Аль-Бухари, Мухтасар, “УММА”, 2003).

Атактуу илимпоз имам Муслим “Сахих Муслим” китебиндеги 1081-хадисте Пайгамбарыбыздын мындай дегени келтирилет: “Биз – билимсиздердин жааматыбыз, жаза албайбыз жана эсептегенди билбейбиз. Ай – ал мынча (он манжасын көрсөтүп. Т.Ы), мынча жана мынча”. Ал үчүнчү жолу эки колун жаңсаганда бир баш бармагын жуумп алаканына жашырды (бир айда 29 күн болорун билгизди. Т.Ы) “Ошондой эле ай – ал мынча, мынча жана мынча” деп ал колун жаңсап отуз болорун билдирди”. (орус тилинен котордум. Т.Ы) (Сахих Муслим, Хадисы/ пер. с ар. яз. А.Салим Попов – Б. 2006).

Алланын элчиси ошол убакта билимсиздиктин кесепетинен, айдын качан жаңырарын эсептеп биле албагандыктан, айла жок, “Асмандан айдын жаңырганын көз менен көрүп орозону баштагыла жана айдын жаңырганын көрүп орозону токтоткула” деген. “Эгерде орозо айынын аягында күн бүркөк болуп айдын жаңырганын көрө албасаңар, анда эсептеп 30 күн орозо кармагыла” деген. Бул хадистерде дапдаана жазылып турбайбы.

Алланын  элчиси  жогорку  сөздөрүн айткандан  бери  бир  жарым  миң  жылга жакын убакыт өттү. Бирок, ушул сөздөр бүгүн дагы маанисин жана күчүн жоготкон жок.

Астрономдор айдын жаңырышы жөнүндө эмне дешет?

Айдын  жаңырышы,  толушу,  кичирейиши  жана  кайра  жаңырышы Күндүн,  Жердин  жана  Айдын  космосто жайгашкан абалдары менен байланышкан. Ай дайыма токтобой Жерди айланат, ошол эле убакта Жер дагы Күндү айланат, башкача айтканда Күндүн, Жердин жана Айдын космос тогу ээлеген орду секунд сайын өзгөрүп турат.

Биздин көзүбүзгө Айдын күн тийген бети гана көрүнөт жана анын көзгө көрүнгөн бетинин аянты секунд, минут жана саат сайын өзгөрүп турат. Айдын күн тийген бетинин өзгөрүшү ошол биз караган учурда Күн кайсы жерде, Жер кайсы жерде жана Ай кайсы жерде экени менен түз байланышкан. Ай Жерди 27,3 суткада бир айланат жана мындай ай жылдыздык эсептеги ай деп аталат.

Бирок Ай 27,3 суткада жаңырбай 29,53 суткада жаңырат. Айдын жаңырышы жөнөкөй кишиге түшүнүктүү болуш үчүн 1-сүрөткө караңыздар. Ушул сүрөттө ай жаңырган кезде Күндүн, Жердин жана Айдын космосто жайгашкан абалы көрсөтүлгөн. Айдын орду  Жер  менен  Күндүн  ортосунда  жана биз Жерден караганда Айдын караңгы жагы толугу менен Жерди карап калгандыктан бизге Ай көрүнбөйт. Ошол эле убакта Жер, Ай жана Күн бир катарга тизилгендей көрүнөт.

Астрономиялык тактык менен караганда бул абал бир секундага эле созулат, себеби үчөөсү тең космосто өздөрүнө тиешелүү орбиталарында учуп баратышат. Дал ушул моментте астрономияда Ай жаңырды деп эсептелет.

А биз асманда айдын жаңырганын көз менен көргөндө кандай болот?

2-сүрөттү караңыздар.Биз асмандан Айдын жаңырганын ал жаңыргандан 1-2 күн өткөндө гана көрөбүз. Ошол убакта Ай өзүнүн орбитасында Жерди айланып, жаңыргандагы ордунан батыштан чыгышты көздөй 14-26 градуска жылып кетет. Ошол эле мезгилде Жер дагы Ай жаңыргандагы ордунан Күндү айланып батыштан чыгышты көздөй 1-2 градуска жылгандыктан Айдын Күн тийген бети ичке ороктой болуп көзүбүзгө көрүнөт.

Ай жаңыргандан кийин биз анын төрт фазасын көрөбүз. Бир жуманын ичинде Айдын ороктой көрүнгөн бети кичинеден чоңоюп Айдын  жарык  болгон  бетинин  жармысы көрүнөт. Бул – Айдын биринчи фазасы.

15 күн өткөндөн кийин Жер Ай менен Күндүн ортосуна келет да, биз Айдын жарык болгон бетин толук көрөбүз, Ай толду дейбиз. Бул – Айдын экинчи фазасы. Муну 3-сүрөттөндаана көрсөк болот.

Ай толгондон кийин биз асманды караганда, анын оң жагы кичинеден күн сайын көбүрөөк караңгы боло баштайт жана айдын 23-күнү Айдын жарымы караңгы болуп,  биз  Күн  тийген  жагынын  жарымын гана көрүп калабыз. Бул – Айдын үчүнчү фазасы.

Мындан кийин Айдын төртүнчү фазасын көрөбүз. Айдын Күн тийген сол жагы күн сайын кичирейип олтуруп ороктой абалга келет. Ошондо Ай Жерди бир айланып чыгат жана Айдын жаңырганынан бери 27,3 сутка өткөн болот.

Ай Жерди 27,3 суткада бир айланып чыгат, бирок 29,5306 суткада жаңырат. Себеби Ай Жерди айланып баратканда Жер дагы Күндү айланып өзүнүн орбитасында 28 градуска жылып кетет. Айдын жаңырарына дагы 2,23 сутка бар. Бул абалды 4-сүрөттөн көрөбүз.

4-сүрөттөн көрүнүп  тургандай  Ай али Жер менен Күндүн так ортосуна бара элек. 2,23 сутка жол жүргөндөн кийин гана  Ай  жаңыра  турган  ордуна  жетет.  Ай түнкү саат 1ден саат 11ге чейин жаңырса,анда  биз  жаңырган Айдын  ичке ороктой кырын бир суткадан кийин көрөбүз. Эгерде Ай күндүзгү саат 12ден саат 24кө чейин жаңырса, анда биз эки суткадан кийин көрөбүз.

Орозону качан баштайбыз?

Айдын жаңырышынын сырын ачып көрсөттүк. Эми орозону ошол астрономия боюнча ай жаңырган күнү баштайбызбы же дагы эле асманды карап талашып жана элди убара кылып жүрө беребизби? Бул суроолорго Ыйык Курандын аяттарынан жана хадистерден жооп таба албайбыз. Кудай берген акыл менен астрономиянын эсептөөлөрүн пайдаланып жана пикир алмашып бир туура чечимге келишибиз зарыл нерсе. Бир чечимге келгенден кийин бул маселе боюнча мындан ары талаш-тартыш болбош керек жана биз бир жыл мурун эле орозо кайсы күнү башталарын, орозону 29 же 30 күн кармай турганыбыз жана кайсы күнү айт болорун айтып, ал даталар Өкмөттүн токтому менен календарга жазылыш керек.

Күндүн календары боюнча сутка түндө саат нөлдө башталып 24 саатта бүтөт. Астрономия боюнча Айдын суткасы Ай чыкканда башталып кайра Ай чыкканга чейин уланат. Айдын орбитасынын тегиздиги Жердин орбитасынын тегиздигине 5 градус жантайган. Жердин экваторунун тегиздиги Жердин орбитасынын тегиздигине 23,5 градуска жантайган жана Жердин огу дайыма Алтын казык жылдызына карап турат.

Ошондуктан Айдын асмандагы абалы жылдын мезгилине жараша өзгөрүп турат, б.а. бийик же жапыз көрүнөт жана ошого жараша айдын чыгышы менен батышынын ортосундагы убакыт ар кандай болот.

Ушундан улам Ай жаңырганда күн календарынын бир суткасынын ичинде Айдын үч суткасы орун алышы мүмкүн. Астрономия боюнча Айдын 29 же 30 суткада жаңырарын  эсептегенде дал ушул нерсе чечүүчү ролду ойнойт. Ошондуктан Ай бир айда 29 суткада, ал эми кийинки айда 30 суткада жаңырат деп ойлошко болбойт. Кээде эки ай катарынан 29 суткада жаңырышы мүмкүн, кээде эки ай катарынан 30 суткада жаңырышы мүмкүн.

Ушундан  улам  мындан  ары  орозонун башталышын жана бүтүшүн астрономиялык эсептөө боюнча аныктаганыбыз эң туура. Менин оюм боюнча, орозонун башталышын Кыргызстанда орозо айдын жаңырган сааты менен ошол моменттеги оозду бекиткен саат менен байланыштырып чечсек туура болот. Эгерде Ай ошол күнү оозду беките турган сааттан эрте жаңырса, анда орозону дал ошол Ай жаңырган күнү баштоо керек.

А орозонун бүткөн күнүн кантип аныкташ керек? Дагы эле жогорудагы эреже боюнча, эгерде кийинки ай ошол күнкү ооз беките турган сааттан мурун жаңырса, анда ошол күндү орозо күнү деп эсептейбиз. Тескерисинче, жаңы ай ошол күнкү ооз беките турган сааттан кийин жаңырса, анда ал күнү дагы орозо кармап, кийинки суткада Орозо айт майрамы болот.

Быйыл Кыргызстанда рамазан айы 4-майда 22 саат 47 минутта жаңырат. Жогорудагы эрежеге таянсак, анда биз орозону 5-майда баштасак туура болот. Кийинки ай 3-июнда 16 саат 03 минутада жаңырат. Бул убакта биз оозду бекитип орозодо болобуз, ошондуктан Орозо айт майрамын 4-июнда майрамдоо туура болот. Ошентип, быйыл, Кудай буйруса, 30 күн орозо кармайбыз.

Муфтият менин сунуштарымды пайгамбарыбыздын хадистерине туура келет жана астрономиянын эсеби менен туура байланыштырган деп чечим чыгарса, анда ушул идеяны бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулман өлкөлөргө жана мусулман эмес мамлекеттердин ичиндеги мусулмандарга кайрылып жарыя кылса, алар менин түшүнүгүмдү толук колдойт деп ишенем. Бул кыргыз мусулмандарынын билим деңгээли жогору экенин билгизип, өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп, араб өлкөлөрүнөн инвестициянын  көп  келишине  себепкер болот.

Ынакбек ТАНТАБАЕВ