Укуруктун «узунуна» эмес, укук, мыйзамга таян!

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Мындан үч жыл мурда Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын начальниги Калык Чынкожоев жана Талас райондук мамлекеттик салык инспекциясынын начальниги Рашид Кудайкулов шайлоодо ыңгайсыз талапкер үчүн көмөктөшкөн деген себеп менен кызматтан бошотулушкан. Бирок үч жыл бою Калык жана Рашид мырзалар өз талаптарын коргоп мыйзамдын негизинде аракет жасашты. Үч жыл бою убара болушту, нервдери короду, акча каражаттары сарпталды. Алардын таламы үчүн соттук бардык инстанциялар чечим чыгарышты. Бирок «ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей быйылкы жылдын март айында Калык Чынкожоев өз ордуна — Талас шаардык мамлекеттик салык нспекциясынын жетекчилигине кайра дайындалса, Рашид Кудайкулов Бакай-Ата райондук мамлекеттик салык инспекциясынын жетекчилигине дайындалды.

Мурда Талас райондук, Манас райондук жана Талас шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы болуп иштеген, ыраматылык Кенжалы Орозалиев билим берүү министрлери аны бир нече ирет кызматтан бошоткондо ал да өз укугун коргоп, соттордо жеңип чыгып кызмат ордун сактап келген. Айрым чиновниктер креслого дайындалган соң кол алдындагы кызматкерлерге «бул мага жагат, тигил жакпайт, эмне үчүн менин көрсөтмөлөрүмдү кыңк дебей аткарбайт» деген кине менен айрым кызматкерлерди иштен бошотуп өзүм билемдик жосундарды жасашат. Натыйжада ондогон жылдар бою тажрыйба жыйнап, такшалган кадрларды бир буйрук менен эле көчөдө калтырууну өнөр көрүшөт.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүндө  мындан 5-10 жыл мурда Улукбек Муктаров деген билимдүү жигит иштечү. Өкүлчүлүктө өнөр жай жана курулуш бөлүмүн бир нече жыл жетектеп, кийин иштин көзүн билгендиги, жоопкерчиликтүү жана такшалган кадр катары аппарат башчылыгына көтөрүлгөн. Бир мүнөз, өз позициясы бар, ишке принципиалдуу мамиле кылган жигит ошол убактагы жетекчилик менен келишпей калып, натыйжада облус жетекчиси аны кызматтан бошоткон. Бирок кийин ал сотто өз укугун коргоп, аппарат башчыдан төмөн кызматка кайра алынган. Анткен менен мамиле кайрадан келишпей жасалган кысымдардан соң ал ишсиз калган. Бир нече жылдар бою жыйналган стресс анын өмүрүн алып тынды.

Баса, өкүлчүлүктөгү дагы бир тажрыйбалуу кадр Улан Ташматов да, Улукбек Муктаров менен тең катар сотто өз укугун коргоп, кызматына кайра келген. Азыр ардактуу эс алууда. Мындай көрүнүш Талас шаардык бийлигинде да орун алган.  Шаардык  кеңешке  депутаттардын шайланып, жаңы мэрдин келиши менен айрым тармактардын жетекчилеринин креслолорун бөлүштүрүү иштери жүргөн.

Натыйжада  Талас  шаардык «Сууканал» ишканасынын жетекчиси Майрамбек Сапаралиев жана Талас шаардык коммуналдык чарба ишканасынын жетекчиси Шакен Токтомушев кызматтан бошотулушкан. Эки үч жылдык күрөштөн соң сот чечими менен Майрамбек Сапаралиев кызмат ордуна дайындалган, бирок мэрия башкы директор деген штат ачып, ал орунга башка жетекчини дайындоого үлгүргөн. Ал эми Шакен мырза өз укугун коргоо үчүн аракет жасаган эмес, балким иш ырбап кетет дегенби, бирок ал жакында И.Айдаралиев айыл аймак башчылыгына болгон шайлоодо жеңип чыгып, эл жүгүн аркалоодо. Биздин кесиптеш, кийин депутаттардын Талас шаардык кеңешине катчы болгон Айгүл Сариева да мурдагы төрага убагында кызматтан мыйзамсыз бошотулуп, бирок сот аркылуу ордуна кайра отурган.

КРнын  Өкмөтүнүн  Талас  облусундагы  ыйгарым  укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Төлөгөн Наралиевдин  таржымакалы  да өзүнчө  узун  сабак  болчудай.  Ал өкүлчүлүктүн 2015-жылы 21-декабрындагы буйругу менен бошотулуп,  Талас  шаардык,  облустук жана Жогорку сотто мыйзамсыз иштен бошотулганы аныкталган. Ал 2017-жылы 28-мартта бир жарым жылдан кийин, же 463 күндөн кийин кызматына кайра орноштурулган, бюджеттин эсебинен 335188 сом эмгек акысы төлөнүп берилген.

Өкүлчүлүктүн мурунку аппарат башчысы З.Качканаков иштен бошотулуп, укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башчысы У.Жетигенов эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары иштен бошоо боюнча  арызын  берген.  Мыйзам, укукту жетекчи чиновниктер гана эмес, көпчүлүк учурда катардагы адамдар деле көзүнө илбеген учурлар жок эмес. Мисалы, Манас Ордо комплексинин башкы директору Ормош Чоюнбаевдин үстүнөн ЖМКлар аркылуу мыйзамсыз, далилденбеген жаманатты маалыматтарды жайылтуу жана каралоо, нааразылык акцияларын уюштуруп, кысым аркылуу кызматтан четтетүү жосундары өзгөчө өткөн жылдын этеги, быйылкы жылдын башында катуу жүрдү.

Жергиликтүү бийлик жетекчилери аз жерден алардын жетегине кирип кете жаздап, бирок облустук ички иштер башкармалыгынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын комиссиясынын тыянактарынан кийин позициясы кескин өзгөрдү. Демек, коомубуздун ар бир жараны укуктук билим, түшүнүгүн өркүндөтүп, мамлекеттик органдар, сот системасы мыйзамды туу тутса, өлкөнүн келечеги жакшы болмокчу.