Жайкы сезонго даярдык жакшы, бирок…

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”


Жакында Чолпон-Ата шаарында өткөн семинар-кеңешмеде айтылганына караганда, быйылкы жайкы эс алуу сезонуна карата көрүлгөн алдын-ала даярдыктардын жүрүшү жалпысынан жаман эмес.

Көл өрөөнүндөгү бардык эс алуу жайларынан чыккан кир сууларды чыпкалоочу курулманын сөзсүз болушу талап кылынганынан улам, азыр облус боюнча 110 курулма пайдаланууга берилген жана алардын он беши жарактан чыккан. Ал эми жалпы талаптарга жооп бербеген: Бостеридеги “Береке”, “Шанхай”, “Белек”, “Саякат”, Чоң-Сары-Ойдогу “Кооператор”, Кара-Ойдогу “Академия наук” сыяктуу эс алуу жайларынын быйылкы сезондо иштээр-иштебеси али белгисиз болуп тургандай.

Жайкы сезон мезгилинде алыс-жакындан келген туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоого жылыга 700дөн кем эмес милиция кызматкерлери жана куткаруучу суучулдар да тартылганы менен, 2017-жылы – 33, былтыр 38 адам көлгө чөгүп кетишкен. Эс алуу жана дарылоо жайлары арбын жайгашкан Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин билдиргенине караганда, таштандылар маселеси, анын ичинде желим идиштер менен полиэтилен баштык-буюмдары бүгүнкү күндүн көйгөйүнө айланган. Район аймагынан, көл жээктеринен күнүгө чыккан 200 тоннадан кем эмес таштандылардын 65%ын жалаң желим буюмдар ээлейт экен. Ушундан улам, мындан ары Көл өрөөнүнө целофан баштыктардын, желим буюмдардын киришине толук тыюу салуу жагы сунушталды.