Жөнөкөйлүккө каршы жөө жомокпу?

Өткөндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева   эч кандай кароолчусу, жол көрсөткөн коштоочусу, баштыгын көтөрүшкөн колдоочусу жок эле күйөөсү жана наристеси менен Бишкектин көчөлөрүнүн биринде “Шоро” ичип, сейилдеп жүргөнүн кимдир бирөөлөр сүрөткө тартып алып, анысы соцтрамакта катуу талкууланган. Кыргызстан эле эмес, коңшулаш Казакстандын дагы интернет колдонуучулары Алиянын мындай жөнөкөйлүгүн жогору баалап, өздөрүнүн өлкө башчыларынын балдарына салыштырып, “биздикилер минтпей калсын” дегенди кайра –кайра жазып, аттиң деп кыргыздарга суктанып да ийишти эле. Көп өтпөй ошол эле казакстандык nur.kz сайты пиццасы эле 100 доллар турган Алматыдагы эң кымбат ресторандан атактуулар тамактанаарын, жакында эле кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия дагы түштөнүп кеткенин жазып чыкты. Ошол атактуулардын биринин дагы атын атабай, жалгыз Алияны мисалга тартыптыр. Аны биздин сайттар баса калып, ыйык орозо айында учурулган ушакты улантып, күнөөгө батканга үлгүрүштү. Муну окуп алып мыйыгынан жылмайган Алия Шагиева “Сары прессага таң каласың! Журналисттер учунда жылдызчалары бар калпакты кийип алып бир заматта жомокчуларга айланышат да калышат. Тээ бала кезде орто жолдон кире кеткенибиз болбосо, мен Алматыда болгон деле эмесмин” – деп Facebookтагы өздүк баракчасына агынан жарылды.

Албетте, азыркы кыргыз президентинин үй бүлөсү мурунку президенттерибиздикине же коңшуларыбыздыкына такыр окшобойт. Башкаларга окшоп чалчактабаганы үчүн күнөөлүүбү? Казнетте катуу резонанс жараткан Алиянын жөнөкөйлүгүнө суктанган казак кандаштарыбызды “андай эмес, мындай” деп тынчтандырайын дешкен го…