Кепилдик жардамдын 75 пайызы аймактарга берилүүдө

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Кепилдик фонд ААКсынын башкармалыгын төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен маек. 

– Малик-Айдар Барктабасович, сиздердин ишмердүүлүк тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынып жатат. Муну менен кандай өзгөрүүлөр киргизилет?

– Рахмат. “Кыргыз Туусу” гезити Кепилдик фондунун бизнести колдоодогу ролу тууралуу арбын жазып жатат. Бул аракеттер аркылуу аймактардагы ишкерлерге жеткиликтүү маалыматтар  барып  жатат  деп  ойлойм. Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Президент С.Жээнбеков “КРнын Кепилдик фондулары тууралуу” мыйзамдын жаңы редакциясына кол койду. Жакында ишке киргизиле турган ушул мыйзамдын таасирин айта кетейин. Шүгүрчүлүк дейли, Кепилдик фонддун капиталы мезгил өткөн сайын ири көлөмдү түзүп, көбөйүп бара жатат. Ошондуктан биздин ишмердүүлүгүбүздү көзөмөлгө ала турган мамлекеттик органды аныктоонун зарылчылыгы чыгып калган. Мындан ары аталган мыйзамдын талабына ылайык Улуттук банк Кепилдик фондду көзөмөлдөөчү орган болот.

Финансы каражаттарыбыз өскөн сайын ишкерлерге көп жардам берип жатабыз. Өткөн жылы биздин ишибиз жакшы көрсөткүчкө жеткени үчүн Өкмөттөн 300 млн. сом каражат берилип, капиталыбыз 600 млн. сомго чейин көтөрүлгөн болчу. Ал эми азыркы күндө ушул жаңы мыйзамдын алкагында капиталыбызды 49 пайызга көбөйтөлү деп жатабыз. Бир ири инвестор аркылуу дагы 500 млн. сом келгени жатат. Ошондо жаңыртылган мыйзамдын алкагында биздин капиталыбыз 1 млрд. 150 млн. сомдун тегерегине барат деп турабыз.

2019-жылдын биринчи кварталында ишкерлерге 126 кепилдик жардам бердик. Анын көлөмү 202 млн. сомдон жогору болду. Банктар болсо 600 млн. сомдук насыяларды беришти. Учурда насыялардын жана кепилдиктердин кайтарылышы 99,9 пайызды түзүп жатат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Кепилдик фонд ААКсынын каражаты 75 пайыз аймактардагы ишкерлерге берилип, калганы Бишкекте калууда. Мындан ары аймактарга кепилдик берүүнүн пайызын азыркыдан дагы жогорулатабыз. Карап көрсөк, өндүрүшкө 20 пайыз, айыл чарбасына 19 пайыз, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү ишканаларына 13 пайыз, туризм тармагына 10 пайыз, соода-сатыкка 22 пайыз бериптирбиз. Ушул эле позицияны банк системасы менен карап көрсөк, өндүрүшкө 9, айыл чарбасына 19, соода-сатыкка 27, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө 1 пайыз беришкен. Көрүнүп тургандай Кепилдик фонду өндүрүш тармагын көбүрөөк колдоп атат.

– Сиздердин жардам менен республикада канча ишкана ачылганын айта аласызбы?

– Биз өндүрүштү көтөрүүгө жардам берүү, жумушчу орундарын түзүү максатында «Бир айон – бир ишкана» аталыштагы жаңы программанын алкагында иштеп жатабыз. Мунун максаты – ишкерлерге жаңы ишкана ачуу же иштеп жаткан ишкананын кубаттуулугун көтөрүү, кошумча цехтерди курууну колдоого алуу. Былтыркы жылдын 31-августуна чейин биздин жардам аркылуу өлкөдө 29 ишкана ачылган болсо, быйылкы жылдын 1-кварталында 3 жаңы ишкана ачылды. Атай кетсем, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кулпунайды өстүрүп бизнес кылган ишкер картон ящиктерди да чыгарчу. Ал азыркы учурда Россиядан сатып келген техникалык жабдуулардын жардамы менен фанерадан заманбап ящик жасаган жаңы өндүрүш ачты. Бул ташып жүрүүгө чыдамдуу, экологиялык жактан атаандаштыкка туруштук берген жакшы өндүрүш болду.

Долбоордун экинчиси – Бишкектеги резинадан бут кийим чыгаруучу компания. Ал ишкер дагы Россиядан үч жабдуу техникасын сатып келип, орнотуп иштеп жатат. Ал жерде жылына 1,5 млн. жуп бут кийим чыгарылышы керек. Көлөчтөрдү ички рыноктон тышкары Тажикстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга экспорттоону пландап жатышат. Үчүнчү долбоор – Баткендеги таш майдалоочу ишкана. Биз муну да кепилдик колдоого алдык.

– Угушубузга караганда Кыргызстандын  кепилдик  фонду  боюнча  моделине  кызыккандар  көп  болуп  жатыптыр. Ушул жагдайга кененирээк токтолсоңуз.

–  Кыргызстанда  Кепилдик  фонд  эки тепкичтүү формада иштеп жатат. 2011-жылы иштей баштаган Кепилдик фонду чакан жана орто ишкерлерге жакшы жардам берип жаткандыктан, мамлекет анын ролун дагы жогорулатуу максатында 2016-жылы Кепилдик фонд ААКсын түздү. Болгону 3,5 жыл аралыгында биз жакшы натыйжаларга жеттик. Мисалы, былтыркы жылы Кепилдик фондунун планы 14,3 млн. сом таза киреше табуу болсо, аны 26,5 млн. сомго жеткирдик. Ал эми 2019-жылдын 1-кварталында 9 264 миң сом таза киреше менен чыгып, планыбыз 163 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине карата 6 346 миң сомго ашык болду.

Ушул сыяктуу бир топ ийгиликтерибизди Азия өнүктүрүү банкы жогору баалап, Кыргызстандын эки тепкичтүү кепилдик фондунун модели абдан жакшы натыйжа берип жаткандыгын билдирди. Ушуга байланыштуу алар Борбор Азия республикаларына жана Кавказ чөлкөмүнө Кепилдик фондунун кыргыз моделин таратуу боюнча сунуштарын беришүүдө. Чынында биз бизнести колдоонун жакшы системасын түптөп койдук. Эгерде башка өлкөлөргө биздин фонддун тажрыйбасы керек болсо, биз аларга жардам берүүгө даярбыз. Муну менен биз товарларды гана эмес, идеябызды да сунуштайбыз.

Албетте  муну  менен  биз  өлкөбүздөгү бардык ишкерлер Кепилдик фонддун кызматынан пайдалануунун системасын толук өздөштүрүп алды дегенден алыспыз. Аймактардагы ишкерлерибиздин финансылык сабаттуулугун көтөрүү үчүн алдыда далай иштер бар. Жарандарыбыздын арасында бизнес долбоорду иштеп чыгууну билбегендери али арбын. Ошондуктан Кепилдик фондунун аймактык бөлүмдөрү консультациялык иштерди жүргүзүп, бизнес-пландарды түзүүгө көмөктөшүп жатышат.