Элдин камын көргөн эл башы

Чейрек кылым эмгегин элине арнаган инсаныбыз Турдакун Усуба-лиев менен сыймыктанам. Ал адамдын өмүр баяны,  аткарган  иштери  тууралуу  замандаштары, кызматташтары, көп жашап көптү көрүшкөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жазып келишкен. Мен тек гана өзүмө байланыштуу көз ирмемдик эскерүүгө кайрылайын.

Улуу  инсандын  90  жылдыгына  карата 2009-жылдын октябрь айында райондук “Эмгек Туусу” гезитинин №34 санына “Эсен жүр улуу кеменгер” деген ырымды арнагам.

Бул ыр чыккан гезитти жаңы эле үйгө алып келишип, столдун үстүндө турган. Мен бир аз ноокастап жаткам. Аңгыча шаарда дарыгер болуп иштеген бир тууган сиңдим Элмира теңтуш кызы менен келип калды. Конок кыздын аты Аида экен. Аида столдун үстүндөгү гезиттен Турдакун Усубалиевичтин сүрөтүн көрө коюп, ырды окуп калды. Окуп бүтүп: “Эже, мен Турдакун Усубалиевичтин үйүн дө жумушчу кабинетин тейлейм. Бул гезитти Турдакун Усубалиевичке ала кетсем болобу? Өзүнө арнап, айыл элинин жазган ырын окусун”, — деди. Мен сүйүнүп кеттим.

Кыздар гезитти шаарга алып кетишти. Арадан убакыт өтүп, Элмира кийинки жылы келди. Сумкасын ачып, ичинен эки китеп алып чыгып, “Эжеке, Турдакун Усубалиевич сизге ырахмат айтып, эки китебин берип жиберди” деп, китептерди мага сунду. Бирөө “Краткий отчет перед народом Кыргызстана”, экинчиси – “Элибизге терең ыраазымын” деген китептери экен. Экинчи китептин ички бетине менин ысмым жазылып колун  коюптур. Турдакун Усубалиевич мага ыраазычылыгын китеби аркылуу билгизди деп кабыл алдым. Ошентип, ал күнкү кубанычым өзгөчө кубаныч болду.

“Элибизге терең ыраазымын” китебинде мамлекетти башкарууда өзүнүн аткарган иштери жана айрым башынан өткөргөн кыйын учурлары фактылардын негизинде берилген. 150-151-беттеринде бир кездеги Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөгөн сөзүндө “25 жыл иштеп, 25 тыйын жегеним  жок”  деген.  Ал тургай, жарык көргөн китеп, макалалардын калем акысы өкмөттүн пайдасына жумшалганы да жазылган. Китепти окуп отуруп эл үчүн өмүрүн арнап таза иштеген инсан, кыргыз элибизде дагы кайталанаар бекен деген ойго чөмүлдүм. Кубанганымдан “Китеп алдым падыша колу коюлган” деп ыр чыгардым.

1980-жылдын июль айынын аяк чени. Өзүм иштеген мекемеде көп жылдан бери баштапкы партиялык уюмдун катчысымын. 2-август күнү Фрунзеде өтчү чогулушка чакырылып, Кочкордон эки автобус адам бардык. Бул чогулуш Турдакун Усубалиевичтин демилгеси астында республикалык деңгээлде уюштурулуп, баштапкы партиялык уюмдун катчылары менен өткөрүлгөн менин билишимче биринчи жана акыркы чогулуш. Чогулуштан келгенден кийин көпкө таасирленип, баштапкы партиялык уюмдун ишин мурункудан да жакшыртып иштөөгө багыт алдым.

Жумгалдык Байзак баатыр балдары Жантели менен Зарбатка: “Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү менен башкар. Калыстыктын күчү менен эл башкарсан, бийлигиң бүткөн күнү да эл менен кала бересиң… Дүнүйөлүү киши оома келет, карапайым калкка жак, мен калысмын деп өзүң айтпагын, сени калыс деп эл издесин” деген.

Анын сыңарындай, сакадай бою сары алтын Турдакун Усубалиевич тунук акылы менен таза иштегендиги үчүн көзү өтсө да кайталангыс адамдык сапаты, жогорку деңгээлдеги мада нияттуулугу жана ошондой эле, мамлекетти башкарууну терең билгендиги менен эсте калды.

42 жашында Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болуп шайланып, 25 жыл мамлекетти башкарып, үлгүлүү өмүр сүрүп өткөн эл уулуна урмат-сый көрсөтүп, аны эскерип туруу ар бир кыргызстандыктын атуулдук парзы, кийинки муунга өрнөк.

Калиман КАДЫБАЕВА, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
эмгек ардагери,  Нарын облусунун ардактуу атуулу