Cалык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктайт

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Декларацияларды кабыл алуу бүгүн, 31-мартта бүтөт. Андыктан салык кызматы декларацияны бере элек жарандардан аны түн ортосуна чейин берүүгө чакырат. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *