Коррупциясы «көрктөгөн», сөгүштөрдөн коркпогон агенттик

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Баткен облусу боюнча начальниги К.А. “мекемени аудит жүргүзө турган адамга беребиз”, — деп, кол алдындагы кызматчылардан 32 000 сом чогултуп жатканда аны УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүрдү.

Бул видеону көрүп, аталган агенттикке караштуу жергиликтүү түзүмдөрү да жемкорлук жагынан Бишкектеги башкы кеңсесинен кем калбаптыр деген ойго келесиң. Агенттиктин Баткен облусундагы токой чарба бөлүмүнөн 2017-2018-жылдар аралыгында мамлекеттик сатып алуулар боюнча кыңыр иштери табылган. Андан тышкары, 14 700 ийне жалбырактуу дарактын көчөтү мыйзамсыз сатылган, токой чарбасына тиешелүү жайыттардын ижарасынан түшкөн акчаларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары кошо калкып чыккан.

Жакында КРнын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты тууралуу мамлекеттик стратегияны ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу жыйын өткөрүп, анда аталган агенттиктин иши талкууга алынды. Мында жемкорлукту кыскартуу боюнча мурдатан айтылган иш-чаралардын мерчемдүү бөлүгү узак мөөнөттөн бери ордунан жылган эмес. Агенттиктин структурасын реформалоо боюнча кымындай иш жасалбаган. Коопсуздук кеңешинин жыл башындагы кеңейтилген жыйынында өлкөнү санариптештирүүгө өткөрүү боюнча чыгарылган чечимин турмушка ашырууну агенттиктин жетекчилиги биротоло унутуп койгон. Мамлекеттин жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу, сактоо камсыздалбай калган. Токой чарба жерлерди мыйзамсыз курулуштардан өз убагында коргоп калуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес. Жашыл массивдеги баалуу бак-дарактарды кыйып курутуп, анын ордуна турак үйлөр жана эс алуу чу жайлар салынып калган.

Абдыкалык Рустамов жетектеген агенттик чет өлкөлөргө чыгуулар боюнча «рекорд» да коюптур. Мында бюджеттин да, донорлордун да командировкаларга бөлгөн көптөгөн каражаттары аёосуз чыгымдала берген. Чет өлкөгө командировкаларага ар дайым барып жүргөн кызматкерлер кайрадан жибериле берген фактылар ачыкталган. Айрым учурларда чет өлкөдө өткөрүлө турган иш-чаранын максатына кызмат орду туура келбеген адамдар деле жиберилген. Мисалы, 2018-жылы агенттиктин штаттан тышкаркы бир кызматкери эл аралык форумдарга жана семинарларга 7 жолу учуп барган фактысы табылган. Андан тышка-ры, өткөн жылы директор А.Рустамовдун жардамчысы да жана шопуру да болуп иштеген адам Женевага командировкалаган.

Агенттиктин директору А.Рустамов эки жылдын ичинде кетирген кемчиликтери үчүн Өкмөттөн эки  жолу  эскертүү,  бир сөгүш жана бир жолу катуу сөгүш алган. Ага карабай коррупцияны кыскартууну, кемчиликтерди жоюу ну ойлоп да койбогон. Ушундан улам Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу агенттиктин жемкорлукту жоюу ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Жумушчу топ агенттиктин жетекчилигинин жоопкерчилигин карап, аны кызматтан четтетүү сунушун Өкмөткө жолдоду. Андан тышкары, бул иштер боюнча материалдарды Башкы прокуратура иликтеп чыгып, юридикалык баа берүүгө жиберилди.

Бул агенттикте коррупциялык иштерди жасоодон кымындай коркпогон «жүрөгү тоодой» кызматкерлер бар экен. Россиядан ташып келинген 4 млн. килограмм медициналык багыттагы козу карынды Кыргызстандыкы кылып, жалган документ жасашып, Кытайга экспорттоого жол ачып беришкен. Кыргызстандын жагдайында бир учурда мынчалык көлөмдөгү козу карын даярдоо дээрлик мүмкүн эмес. Эки жылдан бери аталган агенттиктеги коррупциялык кыңыр иштерин айтпаган, казбаган эч ким калбады. Козу карын коррупциясы тууралуу адегенде парламент депутаттары айтып чыгышып, Жогорку Кеңештин сунушу менен иш КРнын Башкы прокуратурасына берилген болчу.

Маанилүү документтерге жетекчинин кол тамгасын жасалма жол менен коюп берген фактылар да бар экен. Мисалы, Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн квота бөлүүгө чыгарылган буйруктардан ушундайлар табылган. Сейрек кездешип бара жаткан жапайы айбанаттардын түрлөрү корукка алынганы менен ал жаныбарларга аңчылык кылууга “көзүн кызартып” миңдеген километр жерден чет элдик аңчылар келишет. Агылган акчалар да, көмүскө иштер да мына ушул жерде. Мисалы, Башкы прокуратура тоо эчки, фазан, аркар ж.б. баалуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга 62 лицензия мыйзамсыз берилгени боюнча иш козгогон. Бул агенттикте мындай окуялар аз эмес. Акыркы жылдардагы аталган агенттиктеги кыңыр иштердин кесепетинен мамлекеттин казынасына 150 млн. сом түшпөй калган. Бизге жеткен маалыматтарга караганда 2016-жылдын ичинде карагайларды кыйган адамдарга карата 500гө жакын кылмыш иши козголуп, 5 млн. сом айып пул салынган. Бирок, алардын болгону 100 миң сому мамлекетке кайра кайтарылыптыр.

Бүгүнкү күндө КРнын Бюджеттик кодексиндеги талаптар боюнча аталган агенттиктин алдында жаратылышты коргоо жана токой тармагы боюнча республикалык жана жергиликтүү фонддордун иштеши мыйзамга туура келбесе да бюджеттик система аркылуу каржыланып келе жатат. Анын үстүнө фонддордун каражаттары мыйзам бузуу жолдору менен натыйжасыз бөлүштүрүлүп келе жаткандыгын биз айткан жумушчу топ таап чыккан.