Асланайым АШИРОВА, маданияттын мыкты кызматкери:«Мени эч кандай кыйынчылык чоочута албайт»

Эч нерседен жалтанбаган, талбай эмгектенүүдөн ырахат алган, кандай жагдай болсо да, кайраттуу мүнөзүнөн жана темирдей бекем эркинен жазбаган адамдар башкаларга чоң үлгү. Кырдаал үмүтсүздөй сезилген убакта да жалындаган күч-кубатынан тайбаган инсан тууралуу сөз кылабыз. Ал — “Канча жолу куласаң да, кайрадан туруп, улам алдыны көздөй арышта!” деген принципти карманган цирк режиссёру, ат жалында ойногон таланттуу каскадёр Асланайым (Светлана) Аширова… Асланайымдын кесипкөйлүгү, эрдикке тете эмгектери чоң урмат-сыйды жаратат.

– Асланайым, башыңыздан жеңил эмес күндөр өттү. Сауд-Аравиядагы  “Camel  Fest”  фестивалында даярдык  учурунда  ат  чаап  келе жатканда  бутуңуздан  жаракат алгансыз…

–  Күтүүсүз  жана  жагымсыз  кырсык орун алды. Кудайга шүгүр, эми анын баары артта калды. Ал учур мен үчүн абдан оор болду.

–  Ошол  көз  ирмемде сиз өзүңүздү эмес, башканын  тагдырын,  өмүрүн,  коопсуздугун  ойлогонуңузду айттыңыз?

– Кызды коргоп калуу үчүн атты солго буруп жаткан учурда бутум бычыранып кеткен. Эгерде ал сокку алдыдагы кызга тийсе, менин ордумда ооруканада ал жатмак. Анда анын абалы кандай болмок эле? Ал кызды сүзүп кеткидей жүрөгүм таш эмес да. Окуя көз ирмемдик убакыттын ичинде болуп кетти. Биз өтө чоң ылдамдыкта келе жатканбыз. Кейиштүүсү, оң жактан да өзүмдүн кесиптешим кысып койду. Мындай тоскоолдукту мен Кудайдын калыс таразасына коём… Алдыда бутка туруш үчүн көп кыйынчылыктар бар. Антсе да, мен анын баарын жеңип өтөм!

– Мамлекет тарабынан сиздин азыркы саламаттыгыңызга камкордуктар көрүлүп жатабы?

– Бишкекке учуп келгенден кийин этно-фестивалды өткөрүүгө жооптуу уюштуруу комитетинен эч ким абалымды сурап, кайрылган жок. Андан бери бир айга жакын убакыт өтсө да, мамлекет тарабынан ден соолугума байланыштуу эч кандай камкордук боло элек.

Врачтар менин бир жылдан кийин гана тураарымды айткан. Мен ооруканада да, үйдө да көп кыйналдым. “Уюштуруу комитети кандай жардам керектигин сурап, көңүл буруп жатабы?” деп менден көп адамдар сурап жатат.

Же биздин мамлекет өзүнө керек учурда гана спортчулардын, маданият жаатындагы инсандардын, таланттардын эмгегин пайдаланып, кырсыкка учураган кезде каралбай калабызбы?! Эгерде ушундай мамиле болсо, канткенде өлкөбүз өсөт?! Бул күндөрү кейиш менен көп ойлондум. Көрсө, Кыргызстандан эң чебер спортчулар, маданиятка эбегейсиз салым кошкон кесипкөй, таланттуу адамдар башка жактарга ушундай көз жаздымда калган адилетсиздиктен улам кетет тура. Бул эң эле туура эмес көрүнүш.

“Camel  Fest”  фестивалында  башкы даярдыктарды көрүү учурунда бутумдан жаракат алдым. Демек, бул иш учурундагы (өндүрүштүк) жаракат. Мындан улам, коопсуздук  чараларын  камсыз  кылбаган иш-чараны уюштуруу комитети буга толук жооптуу. Анткени, өздөрү айтмакчы, эл аралык этнофестивалда ошол эле уюштуруу комитети койгон милдет-тапшырманы аткаруу үчүн чыкканбыз ал сапарга.

– Цирк жаатында эмгектенүү оңойго турбаса керек?

–  Цирк  тармагына,  деги  эле  маданият, спорт аренасына аралашканыма бир нече жылдар болду. Бул аралыкта мендеги эң чоң тилек – кыргыз элинин туусун желбиретип,  башка  өлкөлөргө  биздин баалуу өнөрлөрдү татыктуу түрдө көрсө-түү болду. Буту-колумдан  бир  нече  ирет  жаракат  алсам  да,  артка  кылчайып,  тайсалдаган жокмун. Улам алдыны көздөй умтула бердим. Анткени, кесибиме болгон берилгендик, чоң сүйүү – мени кыйын кезеңдерден, татаал жагдайлардан да сактап келди.

Көп өлкөлөргө барып, өнөрүмдү тартууладым.  Кыргыз  кыздары  шамалдай ыргак менен атка кандай отура алаарын, жигиттерден кем калышпай, өтө кыйын трюктарды жасай алаарын өз аракеттерим менен далилдеп, көрсөтүп жүрдүм. Мен жактан чоң аракет, талбаган эмек жумшалды. Койгон максатка жетүү үчүн чын дилден иштедим деп айтсам болот. Кыялдарым ишке ашты. Мага коюлган милдеттерди да татыктуу түрдө аткардым. Мени эч кандай кыйынчылыктар чоочута алган жок.

– Сулуулуктун да башкалар түшүнө албас “көз жашы” болобу?

– Сулуулук – керемет, улуу күч. Ошондуктан, Жараткан тартуулаган сулуулукту сактап, өзүбүздөгү руханий жана интеллектуалдык күчтү өнүктүрүшүбүз керек деп ойлойм.

Күнү-түнү чоң даярдыкта жасаган эмгегиңдин  үзүрү  менен  кээде  сыйлыктар ыйгарылып калат. “Муну сулуу көздөрү үчүн, чырайы үчүн алды” деген сөздөрдү да уктум.

Мен көп  жолу чет жактарда  чоң эмгек жамааттары, дүйнөгө белгилүү адамдар менен иштештим. Бирок, ал жерлерде, алардын арасында мен эч кандай көрө албастыкты көрө алган жокмун.  Өкүнүчтүүсү,  бизде  көрө албастык аябай өнүккөн экен. Айрыкча, өсүп келе жаткан жаштарды кубаттап, ишеним артуунун ордуна  улам  артка тартып турган көрүнүш көңүлүмдү оорутат. Мындай тоскоолдуктар менен көп жолу тирештим.

–   Сизди  ушундай  кесибине, деги  эле  жашоосуна  аскердей  чоң жоопкерчилик менен кароого ким үйрөткөн?

– Кичинемден бери апам абдан чоң жоопкерчилик менен, темирдей катуу тартип  менен  чоңойтту.  “Жоопкерчиликти бийик карма жана кандай жагдай орун алса да, адамгерчиликтен тайба. Татыктуу ишиң менен башкаларга үлгү боло бил. Ал эми чыныгы эмгек менен курулган жол дайыма туруктуу жана унутулгус” деп апам көп айтат. Ал кишинин нарк-нускалуу ойлору, насаат сөздөрү, бийик дүйнө-таанымы ар дайым көңүлүмдө.

Эненин  чексиз  мээримдүүлүгү,  кең жүрөгү – кыйын жагдайда, татаал мезгилде сактап турган кудуреттүү, эң бийик күч деп айтсам туура болот.

– Жашооңузду жарык жана жагымдуу кылган көрүнүш?

– Адамдарга жылмаюу, жылуулук сезим тартуулаганды жактырам. Кичинекей балдардын күлгөнүнө суктануу менен карайм. Андан мен өзгөчө тазалыкты, кооздукту көрөм.

Анан да өзүмдүн ишимди ушунчалык чоң берилгендик менен аткарам. Мага ошол жарык шоола тартуулап тургансыйт.

– Сизге жаккан цитата?

– “Миң жолу куласаң да, кайрадан туруп, алдыга умтул!” деп көп айтам. Ар бир адамдын өмүрүндө бийиктөө жана кайра кулоо болушу мүмкүн. Ага карабастан, биз кандай жыйынтыктарга жеткибиз келээрин көрүү, бардык күчтү жана эркти бир муштумга түйүп, өтө чоң милдетти да жоопкерчилик менен жасай ала тургандыгыбызга ишенүү керек. Оптимисттик көз караш жана жакшы үмүт-тилектерге ишенүү – дайыма күч-кубат берет.

– Жашоодо сиз таптакыр баш тарта албаган нерсе?

– Аттарды, деги эле ат спортун абдан жакшы көрөм. Кудай буюрса, бутум жакшы болгондо балким, баары бир бир-эки жолу ат минип көрөт болушум керек…

Адели БЕРДИБАЕВА

КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сауд-Аравиядагы “Camel Fest” фестивалына көчмөндөр оюндарын араб элине тартуулоо максатында барган сапарыбызда эл алдына чыгууга акыркы даярдыктарды көрүү учурунда бутумдан оор жаракат алдым. Бул күндөр мен үчүн абдан кыйын болду. Оор операцияны баштан өткөрдүм. Бирок, мен даярдык көрүү учурунда, башкача айтканда, иш учурунда (өндүрүштүк) жаракат алсам дагы, иш-чараны уюштуруу комитети Кыргызстанга келгенден бери бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу абалымды сурап койгон жок.

Ал эми келечекте мен бутума туруп, басамбы же баса албай каламбы, өзүнчө маселе болуп турат. Буга ким жооп берет?! Өндүрүштүк жаракат болгон үчүн албетте, мыйзамдуу түрдө уюштуруу комитети жооптуу да.

Азыркыга чейин элдин, журналисттердин берген суроосу көп. “Алар уюштуруу комитети сизге жардам бердиби? Мамлекет тарабынан кандай камкордук көрсөтүлдү?” деп жазышууда. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Же Кыргызстандын желегин көтөрүү убагы келгенде биз жакшыбыз да, минтип кырсыкка учурап калсак, каралбай калабызбы?!

Уюштуруу комитетинин “кырсыкка өзү күнөөлүү” дегендей мамиле жасашы – барып турган адилетсиздик!

Урматтуу Президент! Цирк – өтө тобокелчиликтүү, сейрек өнөр. Ага карабастан, бул өнөр ээлери көрүүчүлөрдү кубантып келишет. Бирок, мамлекеттик цирк болуп жаткандан кийин андагы өнөр ээлеринин коопсуздугу да сакталышы керек го. Ошондой эле эмгек укугунда дагы өндүрүштөн жаракат алган учурда тиешелүү тартипте камкордук көрүү милдети бар эмеспи. Ушундан улам, мен өзүмдү кыргыздын көчмөндөр оюндарын, баалуу өнөрлөрүбүздү таанытуу максатында барган сапарда, иш учурунда (өндүрүштүк) жаракат  алгандыгым үчүн белгилүү бир көңүл  бурууга татыктуумун  деп эсептейм.

Бул ишке жеке өзүңүз көзөмөл кылып коюшуңузду өтүнөм. Мен туш болгон бул абалдын адилет каралышын күтөм. Алдын-ала ыраазычылык билдирем жана калыстык, акыйкаттык бар деп үмүт артам.

Урматтоо менен Асланайым АШИРОВА