Күнкесел (Үчөө)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Баары баягыдай…

Бакта бир топ балалуу адамдар сейилдеп жүрүшүптүр. Чоңоюп калган кыздар селкинчек тээп жатышат. Кудум өз баласына окшогон, экиге-үчкө чыгып калган эркек балдар оюнчук машинелерге кум жүктөп, алда нелерди  божурап сүйлөп, алардан да кичинекейлер арабаларында уктап, энелер эки-экиден аңгемеге киришкен.

Тээ четте жалгыз отурган келин китептин кызыгына батып кеткендей баш көтөрбөй отурат. Анда-санда гана чакан арабаны аста кыймылдаткан болот. Наристенин бир колунда — оюнчук, бир колунда — желим бөтөлкө! Кумайыктын көзү ошол экөөнө барып токтоду. А бирок, аны алыш эле оңой бекен?  Адегенде эне-баланы чочутпайын дедиби, же дагы бир нерсени ойлодубу, обочороокто бир топко чейин боортоктоп карап жатты да, боору менен тына-тына жылып, ошолорду карай келатты ит…

Аңгыча ары жакта ойногон балдардын бири кумга тумшугу менен сайыла жыгылып, бакырып ыйлап калды эле, келин китебин арабага таштай коюп, ошону көздөй чуркады. Ошол учурдан пайдаланып, ит да арабага учуп жетти..!

Маңдайына тура калган саксагай, бирок мээримдүү ит менен бала тиктешип калышты. Иттин көзү баланын колундагы суу куюлган желим бөтөлкөдөн өтүп турду. Бирок, кудум өзүнүн кичинекейи курактуу, болбураган сары баланын колунан аны жула качууга даабай, кыйпычыктап кетти.

Аңгыча, кааяктандыр:

— Аа-й!! И-ит-т!!! – деген ачуу чаңырык бейкапар жаткан бульвардын ичине заматта алаамат салып ийди. Ким-кимиси кайсалактап, үн чыккан жакка карашты. Ит менен баладан анча алыс эмес жерде эрмектешип отурган эки аялдын бири үрпөңдөп тура калып, Кумайыкты сөөмөйү менен сайып көрсөтүп турган.

Эми жапырт Кумайык тарапты карашты баары.

Коркуп кеткенгеби, же канча күндөн бери бала менен кошо кыйналып, анын үстүнө ачка да болгонгобу, иттин шайы кетип, көздөрү караңгылашып кетти да, куйругун кыпчып, жалпайып жапырыла түшүп, бирок, дароо качып да кете албай буттары тушалып калды. Качан гана баланын энеси жакындап келгенде эсине келе, ордунан “дыр” койду!

Чуркап да, кыңшылап да – ыйлап келатты ит! “Эмнеге?!  Эмнеге адамдар ушинтишет?!. Эмнеге мынчалык таш боор баары?! Өздөрүндөй эле бир эне таштай качкан, өздөрүнүн балдарына окшогон дагы бир адам баласына суу керек болуп жатканын кантип түшүнүшпөйт?!”

Эми түз эле наабайчыны көздөй чуркады.

Бирок, ал так ушул маалда ал кишинин да тандырынын үстүндө өзүнүн куурчак тиштеп качып бараткан сүрөтү бар гезит жатканын билген жок.

Кумайык жетип келери менен эле наабайчы аны таң калгандай, же биринчи көрүп жаткандай, бир топко чейин нес боло тиктеп турду да:

— Бу сен?.. – деп келатып, андан аркысын айтпай токтоп калды. Иттин кордук көргөнсүп кыйналган, ыргалып арыктай түшкөн, жүдөгөн кебетесин, кудум адам баласы кейиптенип ыйламсыраган көздөрүн көрүп, тамаша-чындан: “Бу сен издөөдө жүргөн ит турбайсыңбы? Сени кармап берип, сыйлык алсамбы?” – деп тамашалап келатып токтоп калган болчу.

— Кайда жүрдүң? Кебетең эмне болуп калган? – деди анын ордуна камкорлоно. – Эмне, бирдеме болдубу?

Эреркегендей, ит анын кызыл ашыгын кош аягы менен кучактап, ичинен бүлкүлдөп ыйлап жаткан кишидей эки бөйрөгүн солкулдатып, сулк жатып алды. Наабайчынын чындап эле каңырыгы түтөп кетти. “Киши-кара жокпу?” – дегендей эки жагына абай салып, анан эңкейип иттин көздөрүнө карады:

— Эмне? Бирдеме болдубу, сага? Акмактар десе, өздөрү тим эле укмуш болуп кетишкенсип, жада калса иттин да жанын коюшпайт!

Кумайык кыңшылап, башын көтөрдү. Анын көздөрү чындап эле шоролоно жаш агып, ыйлап жаткан болчу…

— Нан жейсиңби? – деди наабайчы.

Кумайык унчукпады. Ордунан турганга аракеттенип, бирок денесин такыр көтөрө албай жатты. Антсе да, жаңы телчигип жаткан эмедей төрт аяктап өйдө туруп, муун-жүүнү бошоп, жыгылып калчудай ыргалып барып оңолду.

— Азыр, — наабайчы ары жактагы ашканага кирип кетип, табакка куйдуруп чыккан сорпону иттин алдына койду. – Ич, иче гой.

— Бул баягы ит го? – деди аңгыча ары жактан камыр көтөрүп чыккан жардамчы жигит.

— Тс-сс! – деп койду наабайчы ага. – Ишиңди кылчы…

Алдына келген тамакты ит шашкалактап, шалпылдатып ичип жатканда наабайчы колун жууду да, тандырдын үстүндө турган гезитти ачып, андагы иттин куурчак тиштеп кетип бараткан сүрөтүнө карады: “Кызык. Бул не болгон ит өзү? Бу куурчакты го кыздын колунан ала качып кетиптир. “Итке темирдин эмне кереги бар?..” Чыны менен эле не кылып жүргөн ит болду экен, я?..”

Анткен менен наабайчы иттин гезитте божомолдонгондой  кутурган ит экенине ишенген да, кошулган да жок, бирок “кандайдыр сырдуу кылык-жоруктарга ээ” дегенине ичинен ынанды.

Тамагын ичип бүткөн ит ирдене түшкөндөй болду. Эми адатынча эки жагын карап кайсалактай баштады.

— Эмне, нан берейинби? – деген наабайчы сатыкка коюлбайт деп, өзүнчө бөлүп койгон эки-үч нандын бирин суна койду. Бирок  ит нанды алган жок. Ар кай жакты шимшилеп, бирдеме  издегенсип жүрдү. Бурчта жаткан желим бөтөлкөгө жетип барып, буту менен ары-бери тоголотуп көрдү.  Камгактай жеңил эменин бош экенин билип, кыңшылап жиберди.  Тыпылдап тамчы таамп жаткан бет жуугучка келип, ушул тамчылар анын баласынын өмүрүн сактап калчудай көзү өтө карады эми.

— Суу ичесиңби? – деди наабайчы.

“Суу” дегенди укканда Кумайыктын көздөрү жайнап, куйругун бат-баттан, туш келди булгалап, үрүп жиберди.

Наабайчы аны түшүнгөндөй ары кирип кетип, бат эле бөтөлкөгө суу куюп чыкты да, ит эми эле бошоткон аякка куюш үчүн эңкейгенде ит арсылдап үрүп жиберди.

— Эмне болду? – деди сыңар аяктап отуруп калган наабайчы чыны менен эле түшүнбөй калып. – Эмне дегиң келип атат?

Наабайчы  антип аңкайгыча ит анын колундагы билектей бөтөлкөнү “шып!” эттирип тиштеп ала койду да, тиги азыр оозунан кайра жулуп алчудай “зуу!” этип, көздөн кайым болуп кетти.

Наабайчы ордунан тура калып, бөтөлкө тиштеген боюнча чуркап кетип бараткан иттин артынан ээрчий басып, чымын-куюн болуп бараткан иттин караанын көрүнбөй калгыча карап калды: “Иттен башкача деги. Бул не болгон ит? – деди чындап эле таң калуудан нес болуп. – Артынан барып көрсөмбү?..”

 

***

Демейде бат эле барып-келип жүрчү жалгыз аяк жолдун тиги учу менен бул учун кимдир бирөөлөр атайылап эле чоюп,  узартып койгон сымак,  жол бу сапар оңой менен арбыбай жатып, араң жетти. Жетип эле, эки колун эки жакка таштап салып, билинер-билинбес дем алып, солуп жаткан баланын бети-башын, мойнун, анан да демейдегиден чоң болуп чандая түшкөн курсагын, буттарын  жалап-жуктап, жанталашып жиберди.

Энесинин келгенин сезгендей, көздөрүн жылтырата ачып, жанагысындай эле эриндерин жалап, кыңылдады бала.

Ит төкпөй-чачпай тиштеп келген, наабайчынын билегиндей  болгон желим бөтөлкөнү белинен аяр тиштеп, адамчанын оозуна кыңайтты. Айткандай эле муздак, бирок жагымдуу суюктук тийгенде наристенин денеси уйкудан ойгонуп кеткендей “дирт” этти! Оозуна куюлган суунун даамын таткандай тамшанып алып, анан жандалбастай түшүп “кулк-кулк!” эттирип бир-эки жуткан болду да, бала эси оогон эмедей көздөрү сүзүлүп жатып калды…

Бир убакта кирпигин көтөргөн бала дагы суу эңсегендей  тамшанды.

Бу саам бети-башына агып кеткен сууну колу менен чапчыгылап, “тириле” түшкөн окшоду.

Ит да ошого  жетине албай кетти. Балага дагы, суу бергиси, атүгүл суу менен баланын бүт денесин жууп, киринткиси  келип кетти. Тилекке каршы, суу бат эле түгөндү. Иттин шаабайы сууй түштү. Кыңшылап, ичинен дагы да суу чыгарып алчудай бөтөлкөнү бир буту менен басып алып тиштегилеп, ары-бери жулкуп-булкуп, ыргытып да көрдү. Эчтеке чыккан жок!

Андан кийин да ит-эне далайга чейин тыным албай, улам кайра эле наристенин денесин жалап-жуктай берди. Бир убакта бала ыйынгандай кызарып-татарып барып,  бир ууч болуп түйүлө түштү да, чыркырап ыйлап жиберди. Ит-эне адатынча эмне кылаарын билбей, баланы айланып-тегеренип чуркады.

Көп узабай бала коюу-суюгу аралаш заңдап жиберди да, жаны жай ала түшкөндөй тынч жатып калды. Ит баланын көтөнүн жалап-жуктап тазалап болуп, өзүнүн да жаны жай ала түшкөндөй, көшүлүп уктап кеткен баласынын мойнуна тумшугун катып, эси ооп жатып калды…

Түшүнө наабайчы кирип атыптыр…

 

***

Ойгонгон ит набайкананы көздөй келатты.

Бирок  жанагыдай алып учпай, бу саам желип-жортуп, жайыраак жүрдү.

Кожоюндарынан ажырагандан бери, баягы күчүктөрү бар кезде нан ташыган эки кичинекей баладан кийин эле мамиле түзгөн, буга түз карап, түшүнүп, каралашкан адамы ушул – наабайчы.

Мына бул жаман кепеден чыгып, анан ушул жерге чейин бирөө болуп келатып эле, экиге айрылып, бири эски журту менен сейил бак тарапка, бири наабайчы тарапка кеткен ичке, жалгыз аяк жолду эки-үч жылдан бери анын тамандары таптаган. Анан калса, акыркы убактарда жылтырап-жултураган нерсе көрсө эле кыйып өтө албай, баласына тиштеп келе бермей бир жаман адат тапты ал. Аны таанып-билип калгандарга жек көрүмчү болуп, “ууру ит” атанганы да ошондон.

А бирок,  алоолонгон ысык тандырга белине чейин “кирип” чыгып, эки бети кудум оттой кыпкызыл болуп, кара терге түшкөн, бешенесинен дайыма жылуулук, мээрим жанып турган наабайчыга ал эч качан кара өзгөйлүк кылган жок. Ал өзү бермейин, жада калса жерде жаткан нанын да албайт.

Тээ алгачкы күндөрү ага даап жакын келе албай, алыстан акмалап, унчукпай карап отура берер эле. Анан калса, бу кишинин айрым бир кыял-жоруктары, баскан-турганы, кебете-кешпири өзүнүн калдаңдаган ак көңүл, боорукер кожоюнуна аябай окшош. Кээде наабайчыны эмес, байкуш кожоюнунун өзүн  көрүп жаткандай элестетип, андай кезде мына азыр учуп жетип тигинин кучагына бой таштачудай обдулуп тура калып, бат эле кайра деми сууп, шылкыйып жатып калат… Андайда аны сагынычтын, чубалган узун санаалардын, ойлордун кучагынан курсагынын курулдаганы алаксытат. Ысык токочтордун жыты мурунду өрдөп, тим эле каңылжарын жарып ийет. Шилекейин “кылк” жутуп, кыңшылап жибиргенин өзү да байкабай калат.

Анан калса, бу кишинин нандары да көпкө турбайт. Эми эле эч качан түгөнбөчүдөй  үйүлүп, кып-кызыл болуп көздүн жоосун алган май токочтор заматта сатылып кетип, ордуна улам жаңылары тизиле баштайт.

Ушунун баарын байкап, унчукпай карап жата берген итти наабайчы да жактыра баштаган. Аны караан тутуп, качан кардарларынан колу бошой калган кезде алда нелерди айтып, жообу жок калаарын билсе деле иттин атын, бул жерде эмне кылып жүргөнүн, эмне үчүн көздөрү муңайым, чарчаңкы экенин сурай берет. Ит андайда көкүрөк-көңүлүндө бугуп жаткан нерселерди айта албаганына, тилинин жоктугуна  ыза болот, кыңшылап жата калып, тура калып, атүгүл тынчы кеткендей жерди тырмалап да алат.  Оозуна нан тиери менен анан, баланы көздөй чымын-куюн болуп чуркайт.

— Эй, бери жакын кел? – деди бир күнү наабайчы аны көрө коюп, кубанычы койнуна сыйбай кеткендей. —  Эмне, эки-үч күндөн бери көрүнбөй кеттиң? Кожоюнуң байлап салгандыр да, ээ? Кел, бери? Мен сени байлабайм, эч нерсе кылбайм. Урбайм да. Коркпой эле  бери жакын келсең, чоочун эмеге окшоп, чокчоюп алыс отуруп аласың да? Кел, жакын.

А бирок иттин  кепке түшүнгөн эмедей, ал чакырганда жаткан жеринен туруп келерин ал күткөн эмес.

— Сен эмне, сөзгө түшүнөсүңбү? Үй-жайың, кожоюнуң барбы? Кимдин итисиң өзү? – сынай караган наабайчы иттин аянычтуу кыңшылап, боортоктоп жата калышынан,  кусалуу көздөрүнөн, анын башынан кайгылуу, аянычтуу бир нерсе өткөнүн байкаган.

— Сени журтка таштап, көчүп кетишкен го кайрандар?

— …

— Ай-ай!..  Жок дегенде ишенимдүү бирөө-жарымга калтырып кетишпейби, мындай акылдуу итти! – деп башын чайкаган наабайчы оюна бир нерсе келе калгандай имериле калып бүшүркөй тиктеген. – А балким, ургаачы болуп жүрбө?..

Иттин кылыя карашынан:

“Ургаачы болсом эмне экен?” – деген жазууну окуган адам:

— Дегинкисин айтам да, — деген актангандай. —  Адамдар көп учурда ошентишет… “Кайра-кайра тууй берет” деп тажашкандыр да. Кааласаң кел? Мага да бир караан керек болуп турат азыр. Мен да сендей жалгызмын. Катыным жок. Тээ “Россия бир боор энебизге” иштеп кетип, ошол жактан “бактысын таап” алыптыр. Бактысынбы же балакетинби, аны бир Жараткан билет дечи…

Албетте, адегенде кыйын эле болду. Өзөгүм өрттөндү. Укканым чын болсо, артынан барып, акмактарды  табайын, бетме-бет сүйлөшөйүн, акелерин таанытайын дедим. Кыргыз жигитинин намысы оңойбу?! Бирок орустун кең жеринен аларды кантип табам? Астейдил издөөгө каражатым да жок эле… Анан иче баштадым… Акылсыз жандар, ошентип, ичкиликтен маселе түйүнүнүн чечилишин издейт экенбиз. А чынында арак-шарап – бардык балакеттин башаты эмеспи. Акылды алат, ден-соолукту бузат, абийриңди айрандай төгөт, нуруңду качырат, кулк-мүнөзүңдү начарлатат, ишиңди кедерге кетирет, иши кылып, өлгөндүн үстүнө көмгөндөй эле кылат. Мусулманчылык мас кылуучу ичимдиктерден ошон үчүн толук тыят тура. Ушуну убагында түшүнүп, шайтандын оокатын экинчи эч качан татпаска өзүмө шерт бердим. Акыры айла жок, соорондум: “Сүйбөгөн эмени кыйнап жашатмак белем? Бул жашоого келген ар бир адам өзү сүйгөн адам менен, өзү каалагандай жашоого акылуу. Бактылуу болушсунчу,” – деп өзүмдү алдадым. Мен анткеним менен, бир диндар таанышым, эгерде чын дилден ыйлап тообо келтирбесе, акыретте аялымдын абалы аябай кыйын болорун айтат. Ак никени аттап, өз билгенин жасоо – өтө оор күнөө тура. Андай иштер үчүн Жараткандын сурагы өтө катаал болот дейт. Муну угуп, өзүм үчүн да катуу коркчу болдум. Аялымды алыска, узак убакытка жалгыз жибергенге макул болгон өзүм эмесминби? Акча табам десе эле ак батамды берип жиберип ийген менде күнөө болуп жатпайбы. Отур десем отурмак, маңдайымда эле. Аны багуу – күйөө катары менин милдетим эле го…

Бирок, чынын айтсам, мен деле аны сүйчү эмесмин.  Жаш кезде бир ак кууну жактырып, эми деле ошонун элеси менен жашап жүрөм өлбөй.

Бир чекитти тиктеп, мелтиреген ит наабайчыны аягандай карап, өзүнүн да кимдир бирөөлөргө таарынычы, сагынычы бардай кыңшылап койгон.

— Кудайым мени деле унутпаган чыгаар? – деген наабайчы андан ары кудум киши менен сүйлөшүп жаткансып. – Эмне деп жатам. Кудай өзү сүйүп жараткан пендесин унутмак беле? Маңдайыма жазгандыр да бирөөнү… А бирок  аны тапкыча минтип, жаштык деген күтпөйт экен… Кырктын кырында баратам… Дагы жакшы, ушул иш менен алаксып калдым. Нан деген ырыскы да, сен жапкан наныңды бирөөлөр тамшанып жесе, ал да кумар, бакыт экен. А башта ойлочу элем: “Үстөл кучактап эле бир жерде чочоюп отурсам!” — деп. Чокумабы? Чоңдукту да көрдүм. Чоңдуктун иши алдоо, будамайлоо, кара курсактын камын жеп калп айтуу, жасакерленүү экен. Кааласаң да, каалабасаң да бирөө-жарымдын көңүлүн алыш үчүн  сауна, кыздар… Мындай бузукулук үчүн акыретте кантип жооп беришет, билбейм. Чоң болуп чочоюп, сыртыңдан жакшы адам өңдөнгөнүң менен көкүрөк-көөдөнүң былык-чылыктарга толуп, чирип кеткидей! Андан көрө маңдай териңди төгүп, моминтип карапайым эле жашоо өткөргөн жакшы экен. Саясат менен ишиң жок! Бирөө-жарымдын каргышына да калбайсың.

Ит сөздүн төркүнүнө түшүнбөсө да унчукпай угуп жата берип, качан кетчүдөй ордунан козголуп, кайсактай баштаганында:

— Көп сүйлөп, тажатып ийдим го, ээ?  Айтмакчы, менин сунушума эмне дейсиң, ушул боюнча эле мени менен калып калбайсыңбы? – деген наабайчы чын дилинен. – Айбан да болсоң мага жактың. Жакынсып калдым? Кандай дейсиң?

Кумайыкка бул сунуш  жаккан. Кожоюндуу болуу жаманбы?  Наабайчынын өзүнө болгон мээримине, жакынсып ымала санаганына, ишенгенине эреркей,  өзү да аны жакшы көрүп калганы калппы? Баарынан да анын токочторучу?! Анан кантип андан баш тартат? А бирок: “Баламчы? – дегендей кишини суроолуу тиктеген Кумайык.  — Балким, аны да асырап алаарсың?..”

Чынында эле баласы жаңыдан жөрмөлөйм деп, боору менен боортоктоп, томолонуп калган кезде, ит-эне баласына  “ата” же “апа” издей баштаган. Анткени, бала канчалык кактап эмгенине карабай, ит-эненин сүтү байып, бала ага алымсынбай калды. Колу-бутун тарбаңдатып, чала тоют болуп кыңылдап ыйлап калган наристенин курсагын андан ары кантип тойгузаарын ойлогондо, бечаранын заманасы тарып кетер эле.

Айрыкча, акыркы күндөрү, таң каракчысы маалда таштанды төгүлчү жайга көп келчү болду. Күндүн көзү кылтыйганга чейин  баягы аялды күтө берет. Ал кеткен тарапты, көрүнө калчудай карап отурат да, бир убакта анан желип-жортуп жаман кепесин карай жөнөйт.

Эски үйү – эски журтуна да акыркы убактарда үзүлбөгөн үмүтү жетелеп барат аны. Баягыдай короонун ичине кирип бара албаса да, үйдү обочорооктон акмалап жатып, андан да көңүлү суугандай анан бир маалда шарт бурулуп жүрүп кетет. “Балким, кайрылып келип калышабы?” – деген үмүттө кожойкеси менен Аруузатты күтүүдөн тажай элек али.

Кээде жатып алып, кыялында баланы алардын катарына кошуп көрөт да, кадимки балдардай кийим кийип, кадимки адам баласындай эки буту менен чуркап, балдардын арасында бактылуу болуп бойтоңдогон баласын көрөт…

Айтмакчы, бир-эки жолу кермеде илинип турган жеринен эркек баланын шымын, күрмөсүн сүйрөй качканы да бар. Оюнда, баласы ошолорду кийсе  деген. Анан аны ээрчитип алып ээн-эркин шаар аралагысы, алиги жакын адамдарын экөөлөп издегиси келген. Бирок, кайдан? Бала ит-энеси алып келген кийимдерди карап да койгон эмес. Анткени анда кийим кийүү жөнүндө түшүнүк да жок эле…

Ойлонуп, тунжурай түшкөн Кумайыктын оюн наабайчы кайдан билсин:

— Болуптур. Мейлиң, — деген дароо эле бүтүм чыгарып. – Каалабасаң, зордомок белем?  Ит болсоң да, бирөөгө көз каранды болбой, эркин жашагың келээр? Экөөбүз көп жагынан окшош окшойбуз. Бирок  сен макул деген убакта деле кожоюндарым экөөбүздү батырат беле, жок беле? Көчүп деле кетмекпиз дечи… Анткени, алардын да килеңдеген, сендей эки келген иттери бар. Болуптур, ме гой, — деп адатынча камдап койгон токочун сунган.

Наабайчыны таң калтырып, ит ошондо биринчи жолу нанды жебей, каякадыр көтөрүп чуркап кеткен.

Ошондо ит жол бою күйүнүп да, сүйүнүп да  жүрүп отурган.

Күйүнгөнү — көптөн бери оюнда жүргөн: “Балким, баланы ушул киши асырап алаар?” – деген тилеги ушу саам  ишке ашып кетчүдөй, үмүтү  “дүрт” деп жанып, бирок ошол замат кайра өчүп калганы эле. Кептин баары өзүнүн тилинин жоктугунда болду да!

Сүйүнгөнү – оозундагы наны эле! Буга чейин деле наабайчы мындай токочтун далайын берген. Бирок, бу саам  баласына арнап алып келаткан нан, балким өзү жебей келаткангабы, демейдегиден башкача таттуу, буркурап жыттуу болчу. Ошон үчүнбү, жол бою олжосун  канча курдай “ап!” эттирип сунуп алчудай  алкымы ачылып кетип, а бирок кекиртегин тыйган.

Ал келгенде баласы ойгонуп, көздөрүн жылтыратып, буту-колун кыбыр-сыбыр эттирип, “гы-гылап” үн салып жатыптыр. А бирок ит-энеси канчалык аракет кылып, оозундагы май токочту баланын колуна карматкысы келгени менен, анын быйтыйган колдору эч кармабайт десең… нанды баланын тумшугуна такаган. Бирок, ага деле карабай, ит-энесине карай талпынып, тамшанып эмчек издей берген.  Ошондо да ит-эне уулуна алып келген биринчи олжосун өзүнөн кызганып, баланын жанына коюп койгон да, бир убакта бала өзү алып, тамшанып жей баштачудай күтүп жатып, баланын жей албасына  көзү жеткенде гана курсагы ачып, эмшеңдеп эмчек издеген баланын жанына жаткан…

Бир үзүм нан болсо эртеси ошол маалга чейин ошол жерде тура берип, жедеп катып калганда гана катыратып, кемирип өзү жеген ит-эне.

(Уландысы бар)