КРнын Өзбекстандагы элчиси Ташкент шаарынын акими менен жолугушту

29-апрелде Ташкент шаарында, Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов, Ташкент шаарынын акими жана Олий Мажлистин Сенаторы Джахонгир Артыкходжаев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Алардын ичинде шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, туризмди жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөө.