«Бир алкак – бир жол» – баарыбызга бакубатчылык алып келсин!

Экономикасы укмуштуудай тездик менен өнүгүп, акыркы 20 жылда таптакыр башка өлкөгө айланган Кытай бардык тармакта, өзгөчө жаңы маалыматтык технологиялар жаатында өтө чоң секирик жасоодо. Бүгүн дүйнө жүзүндөгү бардык товарлардын 15 пайызын дал ушул Кытай өндүрөт. Дүйнөлүк экономика серепчилери Кытай мындай темп менен өнүгүп отурса, жакынкы эле жылдары 25 пайыз менен алдыда бара жаткан АКШны артка калтыраарын божомолдошууда. Демек, Кыргызстан үчүн жакын кошунабыз Кытай менен тыгыз кызматташуунун зарылдыгы айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек. Негизи эле Кыргызстан тышкы саясатта өнүгүүбүзгө өбөлгө болуучу бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, алыска кетчү алака катнашка басым жасоодо. Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун акыркы бир ай ичиндеги Владимир Путин, Ангела Меркель, Си Цзинпин сыяктуу дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуп, ишенимдүү, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү ачык мисал.

Кытай лидери Кыргызстандын өнүгүп келатканына кубанаарын билдирди

Кытай лидери менен Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде Кытайда өткөн “Бир алкак – бир жол” форумуна катышкан соң эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү. Си Цзиньпинь Кытай Кыргызстан менен кызматташууну каалай турганын жана анын өнүгүп келатканына кубанаарын айтып:

—  Кытай  Кыргызстандын  ишенимдүү өнөктөшү жана досу болгон жана болуп кала берет. “Бир алкак – бир жол” форумунун тегерек столунда Сиздин сөзүңүз таасир калтырды. Биз “Бир алкак – бир жолдун” алкагында мындан ары да кызматташтыктын дараметин ача берүүгө даярбыз. Сиз менен кайрадан жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын. Форум абдан ийгиликтүү өттү. Албетте, бул ошондой эле Сиздин да колдооңуз менен болду. Былтыр Сиздин Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитиңиз ийгиликтүү өттү, биз анда эки өлкө ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орногонун бирге жарыяладык. Биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу мамилелер туруктуу өнүгүүдө, буга мен абдан кубанычтуумун– деди.

Жогорку деңгээлде уюштурулган «Бир алкак – бир жол» экинчи форумунун ийгиликтүү өтүшү менен Си Цзиньпинди куттуктаган Президентибиз Сооронбай Жээнбеков:

—  Мен  Форумдун  алкагындагы  Сиздин сөзүңүздү кунт коюп уктум. Ушул эки күн ичинде дүйнө жүзү Сизден биргелешип өнүгүүнүн жана Жер шарында бакубатчылыкты сактоонун жөнөкөй жана натыйжалуу жолдорун уга алды. Биз “Жашыл” жана “Чынчыл” Жибек жолунун алкагында Сиз сунуш кылган приоритеттерди толугу менен колдойбуз, – деди.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип – кетүү тууралуу чакыруусуна кытай лидери:

— Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым, – деп жооп берди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө транспорт жана жолдор, анын ичинде темир жолдор коммуникациялары, терроризмге жана экстремизмге каршы өз ара аракеттешүү, коргоо жана коопсуздук чөйрөлөрүндө кызматташуу, Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоону көбөйтүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар  гуманитардык  чөйрөдө,  билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бирдиктүү көз караштарды билдиришти.

«Глобалдык жана регионалдык интеграциялык процесстердин чын ыкластуу жактоочусубуз!»

Дүйнөлүк ири аянтчага айланган «Бир алкак – бир жол» Экинчи форуму Пекин шаарында 26-апрелде ишин баштаган. Ага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзия Премьер-министри Махатхир Мохамад, БУУ Башкы катчысы Антониу Гутерреш жана дүйнөнүн 187 өлкөнүн делегациялары, 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Форумдун 1- сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү:

— Кытай элинин сыйды билген, меймандос калк экенине дагы бир жолу ыраазы болдум. Кыргызстан агрардык өлкө катары экологиялык таза азык-түлүктөрүн өндүрүүнү жактайт. Биз үчүн таза коом – баарынан маанилүү. Биз Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө Сиздин билдирүүңүздү бизди колдоо катары кабыл алдык. “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү. Быйыл бул демилгеге алты жыл толот. Кыргызстан бул долбоорду биринчилерден болуп колдогон. Анын өз убагында көтөрүлгөнү жана келечектүүлүгү глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга жооп болду. Форум биздин өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү жаатында пикир алмашуу жана жалпы аракеттерди бириктирүү үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Бул демилге глобалдык экономикалык милдеттерди илгерилетүүгө багытталган. Бүгүн анын алкагында Чыгыш менен Батышты бириктирип, эл аралык деңгээлде өз ара аракеттешүү жана жаратмандык аспектилери пайда болду. Ачык-айкын жана баарына пайдалуу болгондуктан, идея дүйнө жүзүндө улам көп колдоого ээ болууда. Форумду өткөрүү жакшы салтка айланат деп үмүттөнөм. Кытай биздин улуу кошунабыз, ишенимдүү досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Кытай мамлекетинин бардык ийгиликтерине ар дайым кубанычтабыз. Кыргызстан Жибек жолунун Экономикалык алкагын түзүүгө өз салымын кошуп жатат. Азыр глобалдык экономикалык активдүүлүк борбору Азия континентине ооп турганын Сиздер жакшы билесиздер. Ээлеген географиялык орду боюнча Кыргызстан уникалдуу өлкө. Бир жагынан Кытай – биздин жакын кошунабыз, ал эми башка жагынан – биз Евразия экономикалык биримдикке мүчөбүз. Биз бул эки глобалдык экономикалык чөлкөмдөрдүн ортосунда көпүрө болууга даярбыз. Кыргызстан жаңы технологияларга муктаж. Биз Жибек жолунун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди колдойбуз. Жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз. Кыргызстан – глобалдык жана регионалдык интеграциялык процесстердин чын ыкластуу жактоочусу. «Бир алкак – бир жолду» биргелешип куруу буга катышкан бардык өлкөлөрдүн элдерине бакубатчылык алып келет деп ишенебиз.

Президент кытайлык ири ишканаларга барды

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Пекин шаарына болгон жумушчу визитинин алкагында дүйнөдөгү эң ири 500 ишканалардын тизмесине кирген SINOMACH корпорациясына барып, башкармалыгынын төрагасы Чжан Сяолун менен, «China Railway Construction Corporation Limited» Кытай темир жол курулуш компаниясынын төрагасы Чэнь Фэньцзиан менен, «Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен, CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь менен жолугушууларды өткөрүп, аларды Кыргызстанга инвестиция тартууга чакырды. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк инвесторлордун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн да баса белгиледи. Кытайлык ири ишкана ээлери дагы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин, Президент Сооронбай Жээнбековдун убакыт бөлүп келгенине терең ыраазычылыктарын билдирип, ишенимдүү инвестор болууга даяр экенин билдиришти. CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда бир нече жолу болушканын жана өлкө долбоорлорду ишке ашыруу жана айыл чарбасына инвестиция салуу үчүн ыңгайлуу экенине алардын көзү жеткенин баса балгиледи.

— Биз Кыргызстанга терең достук сезим менен мамиле жасайбыз, мен сиздин өлкөнүн жаңылыктарына дайыма кызыгам. Сиз Президент болуп шайланганыңызда биз да абдан кубандык. Сиздин 2018-жылдагы Кытайга визитиңиз учурунда Төрага Си Цзиньпин менен стратегиялык маанидеги документке кол койдуңуздар. Бул эки өлкө үчүн жаңы  мүмкүнчүлүктөргө  жол  ачат.  Германияга визитиңиз учурунда да сиз Кыргызстан инвестициялар үчүн ачык экенин билдирдиңиз. Бул абдан жакшы саясат. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстандын экономикасы инвесторлордун колдоосуна ээ болот деп ишенем»,— деп Ван Бинь өз пикирин билдирди.

Кытай архивиндеги кыргыз тарыхына кызыккан Президент кытай тарыхчылары менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орун басары Тянь Бо жана Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю менен жолугушту.

— 2018-жылдын июнь айындагы Кытайга мамлекеттик визит учурунда биз кытайлык артисттер койгон “Манас” операсын көрүп, айбай кубандык жана кыргыз маданиятына ушунчалык көңүл бурулуп жатканына ыраазыбыз. Кыргыз мамлекетинин тарыхын, элибиздин баскан жолун, бабалардын улуу мурасын билүү, сактоо жана аларды кийинки муун дарга жеткирүү мамлекетибиздин жана илимпоздордун ыйык милдети. Биз үчүн Кытай жазма булактарын ар тараптан изилдеп, биздин мамлекетибизге тийиштүү маалыматтарды чогултуу абдан маанилүү. Элибиздин кылымдарды камтыган тарыхын биргелешип изилдөө эки өлкөнүн достук мамилелерин ого бетер бекемдейт, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Окумуштуу тарыхчы Тянь Бо кытай тарыхчыларынын 2018-жылы Кыргызстанга келип кетишкендерин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышканын жана Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын эстеди: — Ошондогу жолугушууда сиздин кытай жазма булактарындагы кыргыз тарыхын изилдөөгө абдан кызыгарыңызды көргөнбүз. Биз “Мурас” фонду менен кызматташуу жөнүндө макулдаштык жана архив маалыматтарын биргелешип изилдей баштадык. Азыркы кезде эки багытта иш жүрүп жатат. Ал – “кыргыз” деген аталыш камтылган Европа өлкөлөрүнүн архивдериндеги документтерди жана кытай жазма булактарын изилдөө. Азыр документтер изилденип, маалыматтар топтолууда. Бул иште бизге кыргызстандык окумуштуу-тарыхчы Кубат Табалдиев жакшы жардам берип жатат, – деген Тянь Бо жана Ли Цзиньсю мырзалар тарыхчылар Бишкекте биргелешкен илимий конференция уюштуруп, «Саймалуу таш» жана «Балбал таш» кыргыз жазмаларын археологиялык жактан изилдөө жүргүзүүнү каалай тургандарын белгилешти.

Тиленбек АЗЫК

Кыргыздар тууралуу маалымат б.з.ч. X кылымда эле жазылган экен

Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Пекинге болгон иш сапарындагы эң чоң жаңылык – бул анын тарыхчылар менен болгон жолугушуусу болду.

Президент Кытай коомдук илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун профессорлору менен жолугушту. Анда аталган институттун профессору Ли Цзиньсю биздин өлкө башчыбызга чоң жаңылыкты билдирди. Биз буга чейин кыргыздар тууралуу эң алгачкы маалымат кытай тарых булактарында б.з.ч. 201-жылы жазылган деп билчүбүз. Ошондой эле, 200 жылдан бери ушундай маалыматка таянып келгенбиз. Көрсө, кытай профессорлорунун билдирген жаңы маалыматы боюнча, кыргыздар тууралуу маалымат биздин заманга чейин X кылымда эле Кытайдын падышасы-нын хроникасында жазылган

экен. Кытайдын көрүнүктүү окумуштуулары, профессорлору мына ушундай чоң маалыматты изилдеп таап, атайын макала кылып жазып чыгышыптыр. Бул кыргыз тарыхы үчүн, жалпы эле кыргыз эли үчүн өтө чоң жаңылык. Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков менен бул жолку Кытайга барган иш сапарымда чоң жаңылык менен кайтып келдим. Буюрса, биздин изилдөөлөрүбүз дагы да улана берет. Эсиңиздерде болсо керек, ушул жылдын 22-январында Кытайдын коомдук илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун директору Бу Хянчун менен экөөбүз кызматташуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Буюрса, бизди алдыда дагы көптөгөн жаңылыктар күтөт. Июнь айында Кыргызстанга Кытай окумуштуулары келмей болду. Алар өздөрү келгенде дагы журналисттер менен тарыхчылар, кыргыз коомчулугу менен дагы бөлүшөт. Мындан сырткары, кытайлык илим изилдөөчүлөр кыргыздардын тарыхына арналып жарыяланган англис тилиндеги жыйнак да алып келишет.

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондусунун төрагасы, тарыхчы