Санарип, санариптештирүү – сандардын чатагы эмес

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форумунда сөз сүйлөгөн Президент С.Жээнбеков: “калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши бул тармакта эмгектенгендердин түздөн-түз милдети” жана «санарип технологиялары бизге аба менен суудай зарыл» экенин белгилөө менен, “Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет” деп билдирди.

Мамлекет башчынын «189 мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана бирдиктүү интернет порталын толук кандуу иштетүү процесси аягына чыгуусу керектигин, бул иш 2016-жылы башталгандыгына карабай, дагы эле аягына чыга электигин» бул тармакта иштеген жетекчилердин эсине салганы бекеринен эмес. Элдин

эсинде чыгар, бул иш С.Жээнбеков Премьер-министр кезде эле башталган. Мына ошондо эле санариптештирүү маселесин күн тартибине кабыргасынан койгон С.Жээнбеков өкмөт башчы катары жаңы өкмөт курамын түзүп жатып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети түзүлүп жатканын: «Эгер биз чиновник менен жарандын ортосундагы контактты азайтып, 373 кызмат көрсөтүүнү жана уруксат берүүчү документтердин 96 түрүн электрондук форматка өткөрө алсак, анда коррупциянын деңгээлин кыскарта алабыз. Жаңы түзүлгөн мамлекеттик органдын башкы стратегиялык максаты «Санариптүү Кыргызстан — 2025» системалуу программалык долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу» деп негиздеген болчу.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жободо: “КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети – маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук санариптик кол тамга, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана теле берүүлөр (мындан ары — байланыш) жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоону ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет” деп жазылган. Демек, мамлекеттин санариптештирүү саясатын жүргүзүү мына ушул мамлекеттик мекеменин түздөн түз милдети. Андай болгондо, бүгүн “Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана анын жетекчилиги өз функцияларын, же тагыраагы мамлекет жана өкмөт тарабынан жүктөлгөн жоопкерчиликтүү милдетти аткарып жатабы?” деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат?

Дегеле аталган мекемеге карата суроолор арбын. Ошол эле маалыматташтыруу, электрондук башкаруу жана байланыш жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты алалы. МТБМК ал саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырып жатабы? Электрондук санариптик кол тамга, электрондук башкаруу жана байланыш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыктыбы, КРнын Өкмөтүнө кароого киргизилдиби?

Бул суроого жоопту аталган мекеме жетекчилиги айтаар. Биз алыс барбай, жогоруда сөз болгон «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форумуна токтололу. Анда «Кыргыз Телеком» ААКнын Башкармалыгынын вице-президенти, техникалык  директор  Нурбек  Чылпанов, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын директору Н.Кутнаева жана байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору А.Куренкеев баштаган байланыш операторлорунун жетекчилери сөз сүйлөштү. Арийне, форумда негедир маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик башкы мекеменин – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев сүйлөгөн жок.

Чындыгында,  кеп  анын  сүйлөгөн  же сүйлөбөгөнүндө деле эмес. Кеп, аталган комитет жана анын жетекчиси кандай иштеп жатат маселе ошондо. Президент С.Жээнбеков форумда сүйлөгөн сөзүндө: “Санарип технологиялары бизге аба менен суудай зарыл. Мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, коом муну толук аңдап, түшүнүшү керек. Мунсуз өлкө өнүкпөйт. Сиздерге белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңеши „Санарип Кыргызстан 2019-2023“ санариптик трансформациялоо концепциясын бекиткен. Аны ишке ашыруу боюнча „Жол картасы“ иштелип чыкты.

Ага ылайык, глобалдык процесстен артта калбоо үчүн 2019-жылдын аягына чейин төмөнкү милдеттер кынтыксыз аткарылышы керек.

“Түндүк” системасы аркылуу керексиз процедураларды жана справкаларды жокко чыгарууну талап кылам. Анын натыйжасында кошумча маалымкаттар жана документтерди талап кылуу токтойт. Мамлекеттик органдар жана жеке сектор документтерди электрондук форматта алмашат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес-түзүмдөр “Түндүк” системасы аркылуу гана иштешет. Өз ара иш-аракеттеринде кагазды колдонууну токтотушат.

Социалдык кызматтар боюнча пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу абзел. Бул керексиз справкаларды жана документтерди жокко чыгаруу аркылуу ишке ашат. Ушул милдетти толугу менен “Түндүк” системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл. Эскертип кетейин, мамлекеттик органдардын “Түндүк” системасына кошулуусу жана өз ара маалымат алмашуусу менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Ошондуктан 189 мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана бирдиктүү интернет порталын толук кандуу иштетүү процесси аягына чыгуусу керек. Белгилеп кетчү жагдай, бул иш 2016-жылы башталгандыгына карабай, дагы эле аягына чыга элек. Бул иш мен Премьер-министр кезде эле башталган. Конкреттүү жылыштарды күтөбүз.

“Түндүк”  системасы  товарларды  жана  кызмат  көрсөтүүлөрдү  электрондук көзөмөлдөөгө,  электрондук  документти жүгүртүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. “Түндүк” системасы толук кандуу ишке кириш үчүн тез аранын ичинде системага кошулган мамлекеттик органдардагы иш процесстерин автоматташтырууну тездетиш керек» деп айтты.

Президент  белгилегендей,  2016-жылы башталган иш али күнчө аягына чыга элек болсо, анда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети “Түндүк” системасын толук кандуу ишке ашышын камсыз кылбай, текей терип жүрөбү? Алар эмне үчүн бул ишти кечеңдетип келет!?? Бул албетте, кайрадан эле жоопсуз суроо.

Ырасында эле, аталган мекемеге карата айта турган сындар аябай эле көп. Ошол эле “Коопсуз шаар” долбоорун алалы. Ооба, бул долбоорду ишке ашырууну баштоо менен шаар жолу кадимкидей тартипке келип, жол кырсыктары кескин азайды. Эксперттер жолдо жүрүү эрежелерин бузуу мындан да азаят деп божомолдоп жатат. Мунун өзү “Коопсуз шаар” долбоорунун аба менен суудай зарылдыгын көрсөтүп турат. Бирок, эсиңерде бекен, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер өткөрүү улам кийинкиге жылдырылып, анын өзү коомдук талкууга айланган. Калп айтпасак, эки мамлекеттик орган — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Каржы министрлиги түзгөн комиссия менен соттошкону аябагандай таңгалуу жараткан.

Айта берсе, аталган комитеттин ишмердигинде көптөгөн таңгалычтуу жагдайлар бар. Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын бири: “2016-жылдын 27-декабрында бир эле күндө, эки лицензиянын бири – 300 млн. сомго берилсе, бири – 1000 сомго берилген. Бул кандайча?” деп таңгалса, башка бир депутат: “5МГц лицензиянын рынок баасы 6-7 млн. доллар турса, бирок аны компания 1 миң сомго алган” десе керек эле.

Биз  МТБМКнын  ишмердигиндеги  чалагайымдыктардын баарын бирден терип-тепчип айткыбыз келбейт. Мамлекет башчы С.Жээнбеков: “Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет” деп жалпыга жарыя кылды. Кеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана анын жетекчилигинде калды. Алар мамлекеттин санариптештирүү багытындагы саясатын татыктуу жүргүзө алабы же чалагайым иштер менен көз будамайлай береби, аны убакыт көрсөтөт. А убакыт бардык замандарда жана бардык мамлекеттерде алтын менен бааланып келген.