АналитикаТуризм

Өткөн жылда 7 миллиондон ашуун чет элдик келген

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Негизинен буга чейин Кыргызстандын расмий чакырыгы (слоган) жок эле. Бирде “Кыргызстан – бийик тоолордун мекени” дешсе, башка учурда “Кыргызстан – ачык өлкө”, ал тургай “Кыргызстан – санта клаустардын өлкөсү” деген күлкү келтирген чакырыкты да колдонгон учурлар болгон. Мына ушундан улам Кыргызстандын туристтик чакырыгына сынак жарыяланган болчу.

“Кыргызстан – чексиз өзгөчөлүк”

23-апрелде аталган сынактын  жыйынтыгы  маданият маалымат жана туризм министри  Азамат  Жамангуловдун катышуусунда Бишкек шаарында чыгарылды.

Жалпысынан сынакка 7 миңге чукул чакырык түшкөн. Анын ичинен калыстар КМШ өлкөлөрүндөгү туристтер үчүн делинип “Кыргызстан – бийиктиктеги эс алуу”, батыш өлкөлөрүнөн келген туристтерге багытталат делинип “Кыргызстан – табияттын жети керемети” деген туристтик чакырыктар тандалып алынып, миң доллардан сыйлыкка ээ болушту. Ал эми гран-прини жеңген туристтик чакырык катары “Кыргызстан – чексиз өзгөчөлүк” тандалып алынды. Мындан ары дал ушул туристтик чакырык Кыргызстанга туристтерди чакырууга багытталган жарнамаларда, презентацияларда колдонулат. Ошондой  эле  сынакка  келип  түшкөн чакырыктардын баарына уюштуруучулар автордук укукка ээ болуп, аны колдонуу мүмкүнчүлүгүн алат.

“Мындай нерсени көп өлкөлөр колдонуп келишет”, – дейт А.Жамангулов. – Мисалы, “Малайзия – чыныгы Азия” ж.б. Жеңип чыккан чакырык мындан ары колдонулат. Сынакты Швейцариялык фонд жана өзүбүздүн демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Калыстар чет элдик эксперттер жана биздин туризм тармагындагы эксперттер болду. Тандап алууда башка тилдерде дагы кандай кызык жарата  алат  деген  критерийлер  эске алынды.

Чакырдык дейли, андан ары эмне кылабыз?

Туризмдин  өнүгүп  кетиши  үчүн  аны  жарнамалап коюу эле жетишсиз. 2019-жылы бул көрсөткүч кыйла өзгөрүшү ыктымалдыгы  айтылууда.  Буга  себеп – Катар, Сеулдан түз авиакаттамдар ачылганы. “Кыргыз туризм” ишканасынын директору Данияр Казаковдун  айтымында,  Индия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарынан көптөгөн тапшырыктар түшүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанды 7 миллиондон ашуун чет элдик чек араны кезип өткөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таяна турган болсок, алардын 1,4 млн. туристтер. Натыйжада ИДПга түшкөн каражат 27 млрд. сомду чапчыган. Бул деген ИДПнын беш пайызы гана болуп саналат. Келген туристтердин көпчүлүгү, тактап айтканда 900 миңи Ысык-Көлгө келген.

Ысык-Көл  жайкы  мезгилди тейлөөдө.  Ошол  эле  учурда  дал ушул облустун Караколдо республика боюнча эң чоң лыжа базасы бар экенин эске алалы. Ошондо деле Кыргызстандын туристтик потенциалы толук кандуу колдонулбай  жатканы  көрүнүп  турат. 2018-жылы кирген туристтердин 500 миңге чукулу гана калган алты облуска багыт алышкан десек болот.

Мындай жагдайдан алып караганда абал абдан чатак. Анткен менен бул багытты жакшыртуу максатында иштер жасалууда. Алсак, ушул жылдан тарта туристтик паспорт киргизилүүдө. Ага ылайык турист мобилдик телефон аркылуу атайын кодду сканерлеген соң, ал электрондук туристтик маалымат борборго түшөт. Ал жактан Кыргызстан жана  андагы  мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алууга мүмкүн болот.  Ошондой  эле  туроператор, конок үйлөр, ресторан, такси, банк ж.б. тууралуу лоялдуулук программасын алат. Мындан тышкары турист чукул абалга түшүп калса, алар тууралуу маалымдай алат.

0 Поделились