«Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

29-апрелде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкыархитектура»МИбөлүм башчысы, 1973-ж.т. К.М. 1 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Такталган боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2000 миң  долларын 2018-жылдын аягында алган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.