Май майрамдарына байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте ишешет

Май айынын башында Эмгек күнүнө, Конституция күнүнө, Жеңиш күнүнө карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте ишешет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык,  Республиканыны аймагында майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 8 миң милиция кызматкерлери менен 5 миң элдик коошундар тартылат.

9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына карата борбордун шаарыбыздын “Жеңиш” аянтында жана “Өлбөс полкту” өткөрүүдө Бишкек ШИИББдин 3 миңден ашык кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздашат.