Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Барселона» менен «Ливерпуль» кездешти

Чемпиондор лигасынын 1/2 финалынын биринчи беттешинде «Барселона» менен «Ливерпуль» кездешип, оюн 3-0 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктады.

Оюнда Луис Суарес бир гол жана Лионель Месси дубль жасады.

Экинчи беттеш 8-майда болот. Ал эми турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.

Эске салсак, 1/2 финалдын дагы бир беттеши «Тоттенхэм» өз талаасында «Аякс» клубуна 0:1 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голду беттештин 15 минутасында Донни Ван де Бек киргизди.