Чиновниктердеги «үйрөнгөн адат» качан калат?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Мыйзамдуулук жана адам укуктары сакталбаган мамлекетте өнүгүү болбосу – аксиома. Анткени, цивилизациялуу коомдо мына ушул мыйзамдуулук гана адилеттүүлүктү орното алат. А адилеттүүлүк болбогон жерде адамдарда нааразычылык жаралып, ал улам күчөп отуруп, аягы алдын-ала айтыла алгыс кесепеттерге алып келет. Башкасын айтпаганда да, дал ушул адилеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун бузулушу өлкөбүздө эки жолу бийликтин күч менен алмашуусунун башкы себептери болуп калбадыбы! Мына ошондон улам өлкөнүн азыркы бийлигинин адам укуктарынын жана мыйзамдуулукту бузбашы үчүн көргөн аракеттери коомчулук тарабынан колдоо табууда. Ошол эле учурда “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” болуп, айрым үлкөн жана майда атка минерлерибиздин мыйзам бузуулары токтобой келет. Буга төмөнкү эки мисалды келтирип коелу.

Мамлекетке зыян келтиришкен чиновниктер жазасыз кала беришеби?

Айрым  жетекчилердин  өзүм билемдигинен улам мамлекет эки миллион сомго жакын зыян тартышы мүмкүнбү? Мүмкүн экен. Биздеги айрым жетекчилердин укуктук нигилизминен улам төмөндө айтылуучу окуя азыр дал ошондой аяктаганы турат.

Иса Мусаев 1995-2007-жыл дары Өсүм дүк төрдүн  карантини  боюнча мамлекеттик инспек цияда инспектор, “Торугарт” чек ара пунктунун башчысы болуп иштеген. Анан ал өзү иштеген инспекция баш ийген Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо мамлекеттик департаменти (ХжӨКМД) тарабы-нан эмгек акыны, вахталык метод менен иштегени үчүн, бийик тоо луу жана алыскы райондо иштегени үчүн, класстык чин ж.б. үчүн тиешелүү үстөк жана кошумча төлөөлөрдү эсептөөдө жана төлөп берүүдө бузууларга жол берилгендигинен улам, аларды төлөтүп берүү доо арызы менен сотко кайрылган.

Биз соттук процесстин жү рүшүн толук жазып отурбайлы, бирок, ток этер жерин айтып коелу. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун 13.12.2018-ж. чечими менен (судья Г.Шин) ХжӨКМД доогер И.Мусаевге 1 601 706 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул сумманын ичинде, жогоруда айтылгандай, толук төлөнбөгөн акчалардан тышкары, индексациянын суммасы (52 594 сом), туум (пеня) (1 183 589 сом) да бар.

Андан тышкары, 159 170 сомдук мамлекеттик алым да бар.

ХжӨКМДнын тиешелүү кызматкерлеринин шалаакылыгын жана анын жетекчилеринин кайдыгерлигин соттук териштирүүлөр убагында ачыкталган дагы бир далили бар. Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунун соттук-экономикалык экспертизалар бөлүмүнүн соттук экспертинин корутундусунда көрсөтүлгөндөй, Департаменттин эмгек китепчелерин эсепке алуу журналында жазылгандар менен эмгек китепчесинин өзүндөгү жазууларда шайкеш келбеген жерлери көп.

Албетте, И.Мусаевдин өз кызыкчылыгын мыйзам чегинде сот аркылуу коргогону колдоого татырлык. Эгерде ар бир жаран жана ар бир кызматкер мына ушинтип өз укугун бузуулардан коргоп, күрөшсө, анда биздин айрым үлкөн чиновниктерибиз мыйзам бузууларга жол бербей калышмак. Башкача айтканда, “тарбияланышмак”.

Бизди кызыктырганы – мына ушундай мамлекет үчүн чыгымга алып келген мыйзамсыздыкты жасашкан жана кийин аны оңдогонго аракет кылышпаган ХжӨКМДнын ошол кездеги жана кийинки директорлору, ал департамент курамында турган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ошол кездеги жана кийинки жетекчилери бул маселе боюнча эми кандай жоопкерчилик тартышат болду экен? Же алар өз чөнтөгүнөн төлөп жатышпагандан кийин, билмексенге салышабы?

Баса, мында негизги жоопкер болгон ХжӨКМДнын жетекчилигинин кайдыгерлигинен улам, анын өкүлү райондук соттун отурумуна да келбей койгон. Анан “жоо кеткенден кийин кылычын ташка чаап”, Бишкек  шаардык сотуна апелляциялык арызды берүүдө жада калса 159 170 сом мамлекеттик алымды төлөй алышпай, соттон аны төлөөнү кийинкиге жылдырып берүү өтүнүчүн киргизген.

Бишкек шаардык сотунун апелляциялык инстанциясынын соттук коллегиясынын (судьялар Э.Бейсекеев, Г.Садыкова  жана  М.Джеенбекова) 25.02.2019-ж. аныктамасы менен ал арыз каралбастан артка кайтарылды…

Даттануучунун өзүнө «жабышкан» М.Жакыпбаева

“Кыргыз Туусунун” 12.03.2019-ж. санына менин “Прокурордун жардамчысы Мээрим Жакыпбаеванын “өжөрлүгү” аттуу макалам жарык көргөн. Анда  Москва районунун прокурорунун жардамчысы М.Жакыпбаеванын бир жер талаш маселе боюнча мыйзамдуу териштирип, чечим чыгаруунун ордуна арызданган М.Сулаймановдун өзүн күнөөлүү кылуу үчүн бир тараптуу аракеттерди жасап жатканы айтылган.

Макала жарык көргөндөн кийин М.Жакыпбаева мага телефон чалып, кайра мени күнөөлөп: “М.Сулайманов тууганыңыз окшойт”, — дегени да кызык болду. Прокуратуранын бул кызматкеринин ою боюнча, мен М.Сулайманов тууганым болгону үчүн гана аны жакташым керек экен! Логика болбосоң, кое кал!

М.Жакыпбаевага окшогондорго эскерте кетсем, башка мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча аргасы кеткенден улам, эч болбосо айкындык болуп, коомчулукка жарыяланса, иштин мыйзамдуу чечилишине өбөлгө түзүлөөр деген үмүт менен редакциялардын эшиктерин жырткан адамдар, тилекке каршы, учурда аз эмес. Андайларга редакция колдон келишинче жардам бергенге аракет кылууда.

Эми маселеге келсек, башкасын айтпаганда да, М.Жакыпбаева өзүнүн жетекчиси —  Москва районунун прокурору Н.Нишанбаевдин 04.02.2019-ж.  токтомундагы:  “Кайрадан  комиссия  түзүп, Р.Мырзакановдун үйү жайгашкан жер участогун ченеп чыгуу зарыл”, — деген көрсөтмөсүн аткар-бай койгонун кантебиз?

Баса, жакында М.Сулайманов кайрадан редакцияга кайрылып, окуянын андан аркы уланышы боюнча маалымат берди.

Макалада айтылгандарды териш тирүү кандай жүр гөн? 25-мартта КРнын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Рустам Кожобеков жана М.Жакыпбаева айыл өкмөтүнүн башчысынын жана бир нече адис теринин коштоосунда барышып, райондук Мамкаттоонун кызматкери Т.Кулжановдун мурдагы туура эмес чийген схемасынын негизинде арыз жазган М.Сулаймановдун каршылыгына карабастан, кайрадан эле анын өзүнүн жер участогун ченегенге аракет кылышкан.

А  райондун  прокурору  Н.Нишанбаев 04.02.2019-ж. токтомунда: “Кайрадан комиссия түзүп, Р.Мырзакановдун үйү жайгашкан жер участогун ченеп чыгуу зарыл”, — деп так көрсөтсө, аны М.Жакыпбаева эмне үчүн көшөрүп аткарбай жатат?!

Бул эмне, М.Жакыпбаеванын маселени түшүнө албастыгыбы, же мыйзамды жана эч болбогондо өзүнүн жетекчисинин жана Башкы прокуратуранын буга чейинки көрсөтмөлөрүн тоотпогондугубу?

М.Жакыпбаева үчүн мурдагы макалаларда жазылган айрым фактыларды кайталап келтирип коелу.

Чүй облусунун Москва районунун Мураке айылындагы Усубалиев көчөсүнүн №4а дарегинде жашаган Маратбек Сулаймановдун 1970-жылы курулган үйүнүн жанына 2014-жылы ошол кездеги райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Раад Мырзаканов курулуш иштерине эч кандай уруксатсыз эле үй-жай салып, анан чарбалык курулушун кошунасынын үйүнө 40 сантиметр жакын жана жерин көздөй 2 метрден ашык киргизип салып алган.

Бул боюнча төмөнкү расмий документтер бар:

  1. Москва райондук мамкаттоонун начальни-ги Р.Ибраимовдун Р.Мырзакановдун наамына эч кандай жер, үй катталбагандыгын көрсөткөн 24.03.2017-ж. №330 жообу;
  2. Москва райархитектура башкармалыгынын Р.Мырзаканов курулушка эч кандай уруксат берүүчү документтерди албаганын көрсөткөн 27.03.2017-ж. №23 жообу.
  3. Ак-Суу айыл  кеңешинин  төрагасы З.Алымкуловдун Р.Мырзакановго жер участогу берилгендиги жөнүндө 06.06.2001-ж. №1 чечиминин түп нускасынын жоктугу жана көчүрмөсүндө мөөр болбогондугу, жер учас тогун берүү жана үй курууга уруксат берүү чечиминин жана жер комиссиясынын протоколунун жоктугу жөнүндө жообу;
  1. ЭТКМИнин адистеринин Р.Мырзаканов үйүн жана чарбалык курулуштарын М.Сулай мановдун үйүн көздөй 40 сантиметр жакын салып алгандыгын аныктаган 17.04.2017-ж. каты жана 11.04.2017-ж. актысы;
  2. М.Сулаймановдун үй курулуштары өзүнүн чегинен чыкпагандыгын көрсөткөн Моcква раймамкаттоосунун начальнигинин 27.03.2015-ж. жообу.
  3. “Кыргыз Туусу”  гезитине  жарыяланган “Укук коргоочулардын өздөрүнөн коргоо да керекпи?”  аттуу  макала  боюнча  Москва  раймамадминистрациянын башчысынын орун басары М.Карагуловдун 04.05.2018-ж. №01-31/839 каты. Анда: “Москва райондук мамлекеттик архивинин 30.03.2018-ж. №01-4/16 номерлүү маалыматы боюнча, Москва раймамадминистрациясынын архивдик фондунда 1998 – 2005-жылдар аралыгында Р.Б.Мырзакановго жер участогун берүү жөнүндө токтом жок экендиги аныкталган” деп жазылып турат.

Мына ушулардан кийин да “Менин жериме кошунам Р.Мыр заканов кирип алды” деп жазган М.Сулаймановдун арызы боюнча Р.Мырзакановдун жер участогун ченеп, курулуштарынын мыйзамдуулугун териштиргендин ордуна арыз жазган адамдын өзүнүн жерин ченеп жана документтерин текшерген М.Жакыпбаеванын жоругун кандайча түшүнүүгө болот? Дегеле түшүнүүгө болобу?

М.Жакыпбаева бул жолу 25-мартта жаңыдан инцидент жаратып кайтты.

Москва  районунун  прокурору  Н.Нишанбаевдин наамына 26-мартта жазган арызында М.Сулайманов төмөнкүлөрдү билдирет. Анын айтуусунда, М.Жакыпбаева жетектеп барган топ райондук Мамкаттоо нун кызматкери Т.Кулжанов түзгөн туура эмес схема боюнча кайрадан эле анын жер учас тогун ченемей болушканда Башкы прокуратуранын кызматкери Р.Кожобеков Башкы прокуратуранын 05.12.2018-ж. токтомуна таянып,

Р.Мырзакановдун жер участогун ченөө керектигин, бирок, Р.Мырзаканов жок экендигин айткан. Ал ортодо, прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзүнчө Р.Мырзакановдун бир тууганы Болот келип, М.Сулаймановду опузалап баштаган.

Ошондон улам, М.Сулайманов аталган арызды жазып, анысы учурда Москва райондук ички иштер бөлүмүнө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо жана сотко чейинки өндүрүш боюнча керектүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберилгенин райондун прокурору Н.Нишанбаев 19-апрелдеги жооп катында көрсөткөн.

А ушундай инцидентке жол берген М.Жакыпбаева кандайдыр-бир жоопкерчилик тартабы, же кайрадан эле “суудан кургак чыгабы”?