Талас – Тараздын тагдыры эмне болот?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Тараз – Талас – Суусамыр жолунун курулушу бүтпөс жомокко айланчудай болуп калды. Анткени Өтмөктөн Тай-Жорго белине чейинки аралыгы сапатсыз курулганы азыр факт болуп калды. Ал эми Тай-Жорго белинен Чат-Базарга чейинки жолдун курулушу сапаттуу бүткөрүлдү.

Чат-Базар  айылынынан  Талас шаарына чейинки аралыктын курулушу жайбаракат жүргөнүн далай  ирет  жазган элек.  Ал  тургай  ал кездеги  ыйгарым укуктуу  өкүл  Дайыр Кенекеев да абдан тынчсызданган. Бирок  ал  кездеги Жогорку  Кеңештин депутаттары келгенде  экс-президенттин таасириндеги депутаттар «инвесторлорго катуу талапты коё бербей, жагымдуу климат түзүү керек» деп колдоо көрсөтүшкөн.

Мурдагы  жылы  жайында Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүнүн  асфальты  сыйрылып, казылып, бирок асфальт төшөө иши кечеңдеп, создугуп кеткенде, Безымянный  көчөсүндөгү  көпүрөнүн  курулушу бүтпөгөндүктөн канал буулуп, дыйкандар жазында жер аянттарын сугарууда кыйынчылык жаралгандыктан 46 млн. сом доо коюлары тууралуу каттар «Чакир Япи» компаниясына жана Өкмөткө жиберилген. Ошондой тынымсыз аракеттерден улам гана иш жылып, Ч.Айтматов көчөсү асфальтталган, шаар тургундары күздөн, жаздын соңку айларына чейин буруксуган көчө чаңынан араң кутулушкан.

Ал эми өткөн жылы Чат-Базар айылынан берки жолдун тротуарларын олуп-чолуп жасамыш этишкени менен тыңгылыктуу иш жүргүзүлбөдү. Подрядчик ишканалар, ишке тартылган адамдар бир нече айлап эмгек акыларын алышпай, нааразылык акцияларын да жасашты. Өткөн жылы Тараз – Талас – Суусамыр жолунун курулушу жүрүп жаткан ишкананын ээлерине карата кылмыш иши козголгону да жалпыга маалым. Ал маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Зарылбек Рысалиев парламенттин трибунасынан жолдордун курулушунда коррупциялык схема дагы эле иштеп жатканы тууралуу коңгуроону кагып келишет. Өзгөчө Р.Момбеков жол курулушундагы коррупциялык схеманы чемичке чаккандай деталдаштырып, алаканга салгандай айтып берет. Бирок укук коргоо органдары, жогорку жактагылар көрмөксөнгө, билмексенге салышат. Ал ортодо Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев чет өлкөлүк компаниялардын бирине тендерде сынактан колдоо үчүн 520 миң доллар пара сурап колго түшкөн.

Р.Момбековдун  берген  маеги  боюнча, Тараз-Талас  жолун  куруп  жаткан  компаниянын жетекчиси «Йылмаз хун Эртугрул 2013-жылы Өзбекстандагы жолдорду салуудан 2 млн. доллардан ашык акчаны мойсоп кеткен» деп Өзбекстандын Анжиян облусунун соту ал түрк жаранга санкция берип, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. 2013-жылы Өзбекстандан качып чыккан эргул Кыргызстанга келет да, тендерге катышып Ош – Баткен – Исфана жолун, 2015-жылы Тараз – Талас жолун курууну утуп алган.

“Менин  маалыматым  боюнча  ал Түркиянын өзүндө да издөөдө экен. Өзүнүн бир дагы техникасы жок, тендерди утуп алат дагы субподрядчиктерге берип, ортодон акча жейт. Ушундай аферисттер ээн-эркин жумуш кылып жатканын биздин транспорт министрлигинде да жашырып жүрүшкөн. Болбосо эл аралык издөөдө жүргөн, эч кандай техникасы жок компания кантип утсун?

«Соттуулугу, артында көптөгөн кыңыр иши барбы-жокпу, аны эмне үчүн карашкан эмес», – дейт депутат.

Эми жолдун курулушу эмне болот? Чат-Базар айылынан Талас шаарынын токой чарба мекемесине чейинки жолдун курулушун ким аягына чыгарат? Аталган айылдан Талас шаарына чейинки жолдун тротуарлары курулуп бүтө элек. Талас шаарындагы Ч.Айтматов көчөсүнүн экинчи тарабы жарыктандырыла элек.