Зайырбек ЭРГЕШОВ, КР мамлекеттик Дин комиссиясынын төрагасы: «Медресе бүтүрүүчүлөрү да ЖРТга катышкандай болушу керек»

– 2014-жылдан кийин кабыл алынган Диний концепциялар кандай ишке ашып жатат? Ушул убакта эмнелерге жетиштиңиздер, кайсы максаттар аткарылып атат, кайсылар эмне себептен аткарылбай калды?

– 2014-2020-жылга чейинки Диний концепция 5 жыл мурун кабыл алынган. 2015-жылы Өкмөттүн буйругу менен атайын иш пландар бекитилген. Жалпысынан 63 пунктан турат. Анын 29 пункту 2020-жылга чейинки мөөнөттү камтыйт. Калган пунктары ар бир жылга карата алдыга коюлган тапшырма негизинде ишке ашырып келүүдөбүз. Ошол концепцияда каралган пунктардын дээрлик көбүн учурда аткарып бүтүп калдык. Эскерте кетсем, бул Диний концепция 3 чоң бөлүктөн турат. Биринчиси, укуктук, мыйзамдык жагын өркүндөтүү. 2008-жылы кабыл алынган дин тууралуу мыйзамга өзгөртүү, толуктоо боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Өзүңөр жакшы билгендей 2008-жылдан бери Кыргызстандагы, дегеле дүйнөдөгү диний кырдаал өзгөрдү. 10 жыл мурун ИГИЛ, Сириядагы согуш сыяктуу диний чыңалуулар жок болчу. Заман талабына жараша, учурдагы коркунучтар, чакырыктарды эске алып, 2017-жылы жаңыланган, толукталган мыйзам долбоорлору парламенттин эки профилдик комитеттеринин кароосунан өттү.

Диний  концепциянын  экинчи  чоң бөлүгүндө – диний билим берүүнү реформалоо милдети коюлган. Бул милдет, тапшырманы аткаруу алкагында өзүнчө жумушчу топ түзүлгөн. Орто мектептеринде дин маданияты, тарыхы деген жаңы сабак киргизүү каралган. 2016-жылы 9-класстан өйдө 10 мектепке пилоттук негизде киргизилип, атайын китеп басылып чыккан. Сынактык негизде 2016-жылы 10 мектепте окутулуп, 2017-жылы мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин, тармактык адистердин сунуш, пикир, алымча, кошумчалары менен кайрадан иштелип чыгып, 2018-2019-жылкы окуу жылына пилоттук 56 мектепте окутуп баштадык. Учурда бул мектептерде апробациядан өтүп жатат. Быйылкы окуу жылы аяктаган соң, кайрадан жыйын уюштуруп, жыйынтыгын угабыз. Эгер баардыгы ойдогудай болсо, эч кандай олуттуу өзгөртүүлөр болбосо, келээрки окуу жылдан баштап баардык мектептерде окутуп баштайбыз. Эгер дагы маселелер чыкса, балким сынамак мөөнөтүн дагы узартышыбыз мүмкүн. Эске сала кетүүчү жагдай бул диний предмет эмес, дин таанытуучу, динден түшүнүк берген сабак.

– Диний окуу жайларды реформалоо иши кандай жүрүүдө. Бул багытта иш жай жүрүп жаткандай сезилүүдө?

– Бул өтө чоң маселе. Бул багытта иш өз нугунда жүрүүдө. Концепцияда көрсөтүлгөн диний реформалоонун эң негизги маселеси, олуттуу көңүл буруучу жагдайы – бул медреселердеги, диний жогорку окуу жайларындагы абал. Ал жакка заманбап реформа жасоо. Чынында эгемендик алган жылдары диний окуу жайлар эч кандай көзөмөлсүз, өздөрү менен өздөрү болуп калган. Былтыркы жылы 15 медресеге мониторинг жүргүзүп баштаганбыз, быйыл республика боюнча 53 медресени иликтөөгө алдык. Эки жылдан бери муфтият менен тыгыз кызматташтыкта медреселерди техникалык лицензиялоонун үстүндө иштеп атабыз. Техникалык лицензиялоо деген эмне? Бул баардык медреселер окуу талаптарына жооп бериши керек. Партасы, отургучу, китептери, класстары шартка ылайык болушу керек. Жер төлөөдө, бүкүрөйтүп жерге отургузуп алып, орто кылымдардагыдай окутуу болбошу керек. Албетте талапка жооп берген, бардык заманбап шарттарды түзүп, жаркыраган класстарда, китепканалары бай, мугалимдери билимдүү, интерактивдүү доскаларды, компьютерлерди пайдаланган медреселер деле бар. Бирок, дагы деле шарты жок имараттарда билим берген, жалаң гана дин илими менен чектелген медреселердин да бар экендиги чындык. Ошонун баарын ирээттеп, тартипке келтирүүнүн аракети көрүлүп атат. Ушул концепциянын алкагында акыркы эки жылдан бери Кыргызстан Ислам университети эки жолу лицензия алды. Бул деген, мамлекет бул университетти тааныды дегенди билдирет. Билим берүү министрлигинин толук кандуу дипломун алышат. Буга чейин медресе, диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жөн эле сертификат берип коюшчу. Аны менен окуусун да уланта албай, толук кандуу ишке да орношо албайт. Ушундай учурлардын баарын ирээттештирип, атайын жобо иштеп чыгып Өкмөткө жөнөттүк. Өкмөт макулдугун берип, парламент колдоп берсе, баардык медресе, диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү мыйзамдуу аттестат, дипломго ээ болуп, бир стандартка келет. Диний билим берүүнү реформалоонун эң чоң багыты ушул.

–  Медреселердеги  светтик  билим берүүнүн абалы кандай?

– Жогорудагы жободо дал ушул момент баса белгиленген. Светтик билим берүүнү бардык компоненттери киргизилет. Азыр бар, бирок бардык медреселерде бирдиктүү стандарт болуп сакталбай жатат. Диний билим берүүнү реформалоодогу дагы бир чоң маселе – медреселердин бардыгын колледж системасына өткөрүү жагы каралган. 3 жылдык сынактык негизде И. Арабаев атындагы мамлекеттик университтин базасында Теологиялык колледж ачылган. 2018-жылы биринчи 25 бүтүрүүчүсү окуусун аяктады. 25тин ичинен 21 бала ар кандай жогорку окуу жайларда билимин улантып жатышат. Республикалык тестирлөөгө катышып, баардыгы тең 160тан жогорку баллдарды алышты. Булар мектептеги кадимки сабактарды окуу менен диний билим алып чыгышты. Арабча эркин жазып, сүйлөшөт. Куранды, фикх, хадистер боюнча кенен билимдери бар. Бирок светтик дагы сабактарды кадимки орто окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнөн кем эмес билишет. Булар кааласа имамдык кылса да болот. Учурда 1-2-3-курсттарда жалпысынан 73 бала окуп атат. Келечекте медреселер Теологиялык коллеждин системасына өтүшү керек. Медреседегилер жалпы республикалык тестирлөөгө катыша алгандай болушу керек.

– Дин комиссиясы муфтият менен кандай иштешесиздер, алардын реформага көз карашы кандай?

– Дин комиссиясы Кыргызстандагы бардык диний уюмдар менен кызматташат. Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгү мусулман болгондуктан биз муфтият менен өтө тыгыз, биргеликте кызматташып атабыз. Реформаларга алардын ою түз, каалоосу күчтүү. Муфтияттын алдында медреселер менен иш алып барган бөлүм бар. Ошолор менен өзгөчө тыгыз иштешип, диний окуу жайларды реформалоодо алардын көмөгүн, колдоосун сезип атабыз.

– Учурдагы Кыргызстандагы медреселердеги жалпы саны канча? Канча жашынан баштап медресеге кабыл алынышы керек?

– Бизден каттоодон өткөн медреселердин так саны 113. Медреселерге 9-класстын базасында кабыл алынат. 11-классты бүтүп келгендер дагы бар. Негизи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний билим алууга 16 жаштан кийин гана уруксат берилет.

– Аларды каржылоо булактары кандай болуп атат. Чет жактан каржылангандар да барбы?

–  Көпчүлүгү  негизинен  ата  –  энелер, жергиликтүү ишкерлер тарабынан каржыланат. Муфтияттын садакаларынын эсебинен дагы бөлүнүп турат. Ал эми сырттан каржылоо жок деп айта албайм. Бар, бирок аз санда. Учурда медреселерге мониторинг жүргүзүп, техникалык лицензия алуусун шарттаган жагдайларды изилдеп жатабыз. Буйруса, Концепцияда белгиленгендер орундалып, реформалар ишке ашса, медреселердин бүтүрүүчүлөрү олимпиаданын жеңүүчүлөрү болот. АКШ элчилигинин колдоосу астында 18 медреседе тикмечи, ширетүүчү, ашпозчу өңдүү кесиптерге үйрөтүп атабыз. Медресени бүткөндөрдүн баары эле дин ишмери боло алышпайт да. Коомдо ар бири өз ордун тапкандай болушу керек.

– Көзөмөл жагы кандай болуп жатат? Медреселерге көзөмөл жасалып турабы?

– Сөзсүз жасалат. Быйылкы жылдан баштап Бишкек шаарындагы 4 районго бирден куратор дайындадык. Алар жума сайын тынымсыз рейд жүргүзүп, мониторинг иштерин кылып турушат. Биздин куратор менен катар рейдге ИИМдин 9-бөлүмүндөгү экстремизм, радикализм менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери, соц кызматкер, санэпидстанция, экотехинспекциядан өкүлдөр чыгышат.

– Мындай көзөмөл Бишкекте элеби?

–  Өлкөбүздүн  ар  бир  облусунда  өкүлдөрүбүз бар. Медресе, мечиттер боюнча ал жакта дагы тынымсыз көзөмөл жүргүзүп, жума сайын отчет берип турушат.

Маектешкен Тиленбек АЗЫК