Көркөм дүйнөнүн көрүнөө жана көмүскө көйгөйлөрү

Жыпар ИСАБАЕВА,«Кыргыз Туусу»


Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун доценти, «Санат» телеберүүсүнүн автордук алып баруучусу, композитор Догдурбай УРМАМБЕТОВ менен маек.

– Догдурбай агай, азыр шоу-дүйнөсү абдан популярдуу болуп турган мезгил, ал эми музыканын жаратмандары болгон авторлор – композиторлордун учурдагы ишмердүүлүгү, жалпы акыбалы кандай?

– Өзүм «Санат» телеберүүсүндө «Обончулардан  ыр  белек»  аттуу    автордук көрсөтүүнү  алып  барам.  Анда  көбүнчө элет жерлериндеги – алыскы райондордогу обончуларды, б.а. жаратмандарды чакырып, элге чыгармаларды автордун аткаруусунда  тартуулайбыз.  Анткени, бул көрөрмандар үчүн кызык. Мындай обончулардын саны болжол менен 200дөн ашык. Азыр ар ким өз арабасын өзү түртүп калган. Ошол эле учурда, теле-радиолордо да, көп учурда автордук укук сакталбай, «титрдик» бузуулар кездешет.

– Мисалы, кандай?

– Ырчылар (аткаруучулар) титрге бакыйтып өздөрүнүн атын жазат, авторлордон дайын жок. Ошол аткаруучулар авторлордун ырларын ырдап, жеке концерттерин берип акча табышат, ушул убакка чейин авторлордун чыгармаларын колдонгону үчүн акы төлөө түштөрүнө да кирбесе керек, болсо да чанда. Кыргызпатент болсо жылына бир жолу автордун, аткаруучулардын акыларын бөлүштүрүп берет, ал эми аны айланып өткөндөр канча.

– Обондуу ырлардын саны көп экенин билебиз, а сапаты кандай болууда?

– Кыргыз Республикасынын Эл артисти Калыйбек Тагаев да кейип: «Батышты туурап, музыкадагы элдик колорит, ритм такыр бузулду, «Көркөм кеңешти» кайра ордуна коюу керек. Менин «Өмүр кайрыктары» аттуу ырымдын кайрыктарын бирөө бүт эле уурдап алыптыр», – дейт.

Ноокат районунан келген Сапарбай Матисаков аттуу обончунун ырларын билген менен көпчүлүк өзүн тааныбайт. Ал да капаланып: «Аралаба» аттуу ырымды Нурлан Насип ырдап, атымды клипке жазып да койбойт», – деп нааразылыгын айтты. Ошондой эле К.Абдыкадыров аттуу обончу да анын бир ырын башка бирөө менчиктеп алганын айтат. К.Абдыкадыровдун обондору элге тараган убакта өзү Россияга, Казакстанга иштеп кеткен экен. Обончу Жекшен Тагаев да биздин көрсөтүүгө келгенинде: «Ырымды ырдаса мейли, атымды жазбай, же айтпай ырдап жатышпайбы», – деп кейип кетти. Ал эми ошол эле ырларды жараткан  акындар  тууралуу   унчукпай эле коеюн. Мына ушуга окшогон талаш-тартыштар, көйгөйлөр көп.

– Бул көйгөй башка мамлекеттерде да болсо керек?

– Интеллектуалдык менчик дагы башка менчиктердей эле ар бир мамлекеттин мыйзамында каралган. Ошону аткарууга ар ким милдеттүү. Мисалы, орустарда чыгарманын аты, музыкасын жазган автор, анан тексттин автору аталып, андан кийин аткаруучу жазылат. Көңүл ачуучу программаларда концертти толук коё берип, аягында авторлору сөзсүз жазылат. Ырлар сөзсүз автордун уруксаты менен ырдалышы керек. Эгерде бул мыйзам бузулса, анда авторлор сотко берүүгө акылуу.

– Демек, муну менен бизге «Көркөм кеңеш» керек экенин айткыңыз келеби?

–  «Көркөм  кеңеш»  аркылуу  интел-лектуалдык   уурулукка  жол  бербөөгө мүмкүнчүлүк бар. Анан да кээ бир теле-радиолордо көбүнчө чет элдик музыканы өлчөмсүз берип калышкан, ал эми коңшу мамлекеттерде негизинен өз музыкасына басым жасашат. «Өзүн сыйлабаган эл өзгөнүн кулу болот», – деген сөз бар.