Зуура Сооронбаеванын аманаты аткарылды

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Бишкектеги №14 китепканада Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү. Ага жазуучуну жакындан тааныган, чыгармачылыгын сыйлаган инсандар катышып, жазуучунун калемгерлик өзгөчөлүгүн, адамдык бийик сапаттарын эскеришти. Кечеде З.Сооронбаеванын калемине таандык “Чоочун киши” романынын 3-китеби жарыкка чыкканы белгилүү болду. 

Бирок, 3-томду акын жана жазуучу Бактыгүл Сейитбекова жазып чыгарган. Белгилүү калемгер Меңди Мамазаированын айтымына караганда, Зуура Сооронбаева көзү тирүүсүндө, Бактыгүл Сейитбековага “Чоочун кишинин” 3-томун жазууну аманат кылып калтырган. “Экинчи китебин жазарда да катуу ооруп калып, каармандарынын тагдырына сарсанаа болгону эсимде. Эженин ошондогу абалын азыр жакшы түшүнүп турам. Себеби, жазуучу өзүнүн каарманы үчүн жооптуу болуп калат экенсиң. Оң каармандарды жамандыкка кыйбайсың, кадимкидей алар менен кошо жашайсың”, – дейт М. Мамазаирова. Ошондой эле жазуучунун аялдык касиеттерине да токтолду. “Зуура эже конок күткөндү абдан жакшы көрчү. Үйүнө барсаң, дасторконун дүрдүйүм тамактарга жайнатып салчу. Колунда береке бар эле. Анан да эженин бышырган наны укмуш даамдуу, өзгөчө эле. Айылдан келгенде, бизге 10-15 нанды бир бышырып алып келчү. Биз да эженин нанын күтчүбүз”, – деген Меңди эже З. Сооронбаеванын ата-энеси да абдан жакшы кишилер болгонун кошумчалады.

Ал эми Бактыгүл Чотурова жазуучуну мындан 15 жыл мурда көргөндөгү таасирлери менен бөлүштү. “Кыргыз Туусунда” иштеп жүргөн кезим эле. Кабылдамага кирсем, чачын төбөсүнө түйгөн, шиш така кийген, үстүндөгү костюм-юбкасы шыңга боюна кынтыксыз жарашкан бир эже туруптур. Ким экенине кызыгып сурасам, Зуура эже экен. Ошондогу көркөмдүү элеси азыр деле эсимден кетпейт. Зуура эже көрсө 80 жашында бийик така кийип, өзүн каранып, жасанып сынынан жазбай жүрчү экен”, – дейт акын.

Эскерүү кечеси З. Сооронбаеванын окуучусу, билим берүүнүн отличниги Догдурбек Юсуповдун демилгеси менен уюштурулду. Ага белгилүү акын-жазуучулардан сырткары, №38 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучулары жана мугалимдери катышышты. Алар кыргыз элинин таанымал жазуучусу Зуура Сооронбаеванын чыгармаларынан монолог айтып, ырларынан көркөм окуп беришти. Ошондой эле, жандуу ыр, бийлер аткарылды.

Эске салсак, Зуура Сооронбаева 1924-жылы 21-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган. “Астра гүлү”, “Жапайы розалар”, “Жетимдер”, “Чоочун киши” ж.б. көптөгөн чыгармалары менен окурман журтчулугунун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.