Четверг, 25 апреля, 2024
18.1 C
Бишкек

Акыркы үч жылда 2059,6 чакырым жол асфальтталган

Акыркы үч жылда Кыргызстанда 2 миң 59,6 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде 2021-жылы 286,5 чакырым, 2022-жылы 896,1 чакырым жана 2023-жылы 877 чакырым жол асфальтталган.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Финансы министрлиги учурдагы бюджеттин эсебинен 1,36 миллиард сом жана «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 1,4 миллиард сом каржылаган. 2024-жылы 660 чакырым жолдо оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар