9-июнь – Казакстан Президентин шайлоо күнү

 Быйылкы жазда боордош  казак элинде олуттуу саясий окуя болгону маалым. Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө саясий жана демократиялык реформалардын жаңы этабын жүргүзүү үчүн бийликти жумшак процедура аркылуу өткөрүп берди.  Албетте, коңшулаш өлкөдөгү бул кайра куруу Борбор Азиядагы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги мамлекеттерге, азырынча кандай болору белгисиз болсо да,  айтор таасирин берери сөзсүз. Казакстан лидеринин өз убактысындагы жана стратегиялык чечимин дүйнөлүк коомчулук туура кабыл алды.

Ошентип, эгемендүү казак мамлекетин түптөөнүн башатында болгон Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев ушул жылдын март айында ыйгарым укуктуу кызматын өз ыктыяры менен тапшырды. Эл башчынын бул чечими айрым казакстандыктарга күтүүсүз болду, жалпысынан алганда, эл түшүнүү менен кабыл алды, канткен күндө да жашы улгайып бара жаткан Президент ушундай чечим кабыл алуусу керек  болчу.

Эл башчынын бул жөнүндө жарандарга чын дилден кайрылуусу абдан таасирдүү болду:

«Ар бир муунга өз милдеттерин татыктуу аткарууга туура келет. Мен жана менин замандаштарым өлкөбүз үчүн колдон келгендин бардыгын иштеди. Натыйжалары баарыңыздарга белгилүү. Заман өзгөрөт, жаңы муундар келүүдө. Бул демейдеги көрүнүш. Алар өз мезгилинин маселелерин чечишет. Алардын өлкөбүздү мындан да жакшы кылышын каалайм», –  деп кайрылды Нурсултан Назарбаев казакстандыктарга. Бул сөздөр айтарлыктай символикалуу болду, анткени агымдагы жыл – Жаштар жылы деп жарыяланган  эле.

Дүйнөлүк саясатта жашы улгайган өлкө лидерлери өз кызматтарын аткарып жатканда көзү өтүп кеткен учурларынын мисалдары бар. Ушулардын эң акыркысынын бири жакында болду – Вьетнамдын Президенти Чан Дай Куанг дүйнөдөн өттү. Мамлекет башчысынын мындай мүрт өлүмүнө дуушар болгон өлкөдө, бир жагынан мураскердин болбогонуна байланыштуу, тартипсиздик орун алды, башаламандык чыгып кетти, ар кандай келишпөөчүлүктөн коомго залакасын тийгизиши мүмкүн болгон бийлик үчүн күрөш башталды.

Ал эми Казакстанда бийликтин жаңы­лануусу даана, ойлонулган жана эң башкысы бардык мыйзамдык нормалардын сакталышы менен ишке ашып жатат. Анын үстүнө Нурсултан Назарбаев саясий мейкиндиктен толук кеткен жок, өлкөдөгү «Нур Отан» сая­сий партиясынын башчысы бойдон калды жана республиканын Коопсуздук кеңешин жетектейт, Конституциялык кеңештин  мүчөсү.

Баса, Президенттин ыйгарым укуктары Казакстан Республикасы Парламенти Сенатынын спикери Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн Конституциясынын беренелерине ылайык өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү чыгаан саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бири. Ал өлкө ичинде гана эмес, чет элдик алкакта да кадыр-баркка ээ болгон инсан. 2011-2013-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенген. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, тарых илимдеринин доктору. Көп жылдар бою республикада жетекчилик кызматтарды аткарган. Өлкөнүн тышкы саясатын калыптандыруу жылдарында Казакстандын тышкы иштер министри кызматын үзүрлүү аткарып, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, республиканын имиджин арттырууга салымын кошкон. Бир далай жыл Казакстан Өкмөтүнүн жетекчиси болду, кийинки жылдары Парламент Сенатынын төрагасы кызматын  аткарды.

«Касым-Жомарт Токаев элибиздин турмушун, экономикасын жана саясатын жакшы билет. Англис жана кытай тилдерин жакшы өздөштүргөн. Өз учурунда БУУнун башкы катчысынын орун басары болуп  иштеди. Бул дүйнөлүк коомчулуктун анын чоң дипломат иретиндеги салымын таануусу жана Казакстанга ишеним артуусунун белгиси болду. Казакстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн баштап ал мени менен чогуу иштеди. Мен аны жакшы билем. Ал ак ниеттүү, жоопкерчиликтүү жана өз милдеттерин так аткарган адам. Өлкөбүздүн жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясатын толук колдойт. Өлкөдөгү бардык программалар анын катышуусу менен иштелип чыккан жана кабыл алынган. Касым-Жомарт Кемел уулу Казакстанды башкарууга ылайыктуу инсан деп ишенем», – деп белгиледи Нурсултан Назарбаев өз  сөзүндө.

Жакында «Нур-Отан» партиясынын кезексиз съездинде Эл башчы Н.Назарбаев алдыдагы президенттик шайлоого партиянын атынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин кароону сунуштады. Съезддин катышуучулары бул сунушту колдоду.

Жалпысынан алганда, кезексиз президенттик шайлоонун өткөрүлүүсүн учурда көптөгөн эл аралык серепчилер жана саясатчылар макул көрүп жатышат. Казакстан бийлиги демократиялык нормаларга таянып, өздөрүнүн жарандарына мамлекетти жакшы башкарып кете ала турган келерки лидерди өздөрү каалап тандап алууга мүмкүнчүлүк бергени акылман чечим болду.

Демократиялык шайлоолор, мейли ал кезексиз болсун –  бул кагаз аркылуу тастыкталган элдин үнү, жаркын келечек үчүн ар бир жарандын добуш берүүнүн мүмкүнчүлүгү, мамлекетте болуп жаткан окуяларга карата өз көз карашын билдирүүсү. Эң маанилүүсү – ушул аркылуу жакын арада өлкөнүн басып өтө турган жолунун кандай экени аныкталат, кандай ички жана тышкы саясаттын багыттары тандап алына тургандыгы  билинет.

Учурда алдыдагы шайлоодо президенттик кызматка талапкер катары катышууга «Нур-Отан» партиясынан – Касым-Жомарт Токаев,   «Улуу Талаа Кыраандары» («Орлы Великой Степи») республикалык коомдук бирикмесинен – Садыбек Тугел, «Ак жол» партиясынан –  Дания Еспаева, Коммунисттик калктык партиядан – Жамбыл Ахматбеков, «Ауыл» партиясынан – Толеутай Рахымбеков, «Улут Тагдыры» улуттук-патриоттук кыймылынан  – Амиржан Косанов, Кесиптик бирликтер федерациясынан – Амангелди Таспихов, «Халық демографиясы»  коомдук бирикмесинен – Жуматай Алиев өз өтүнмөлөрүн Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Талапкерлерди каттоо 11-майда аяктайт. Эртеси үгүт иштери  башталмакчы.

Албетте, Казакстандагы бул тарыхый окуя адаттагыдай болбойт: казакстандыктар шайлоо бюллетенинде мурдагыдай узак жылдар бою өздөрү жакшы билген лидеринин фамилиясын көрүп, тушуна ишенимдүү түрдө белги кое албайт. Эми анда кандай татыктуу талапкерлер бар экендигине көз жүгүртүүгө туура келет.

Өлкө жарандары шайлоо өнөктүгү учурунда ар бир талапкерлердин сөздөрүн, программаларын угуп, акыл калчап көрөт. Өлкөнүн бакубаттуу болушу, өнүгүшү үчүн ким жакшы иштей алат, ал берген убадаларын аткарабы ушуну баамдайт.

Республика калкынын арасындагы пикирлерге, элдин айтымдарына караганда, казакстандыктардын көпчүлүгү биринчи Президент негизин салып берген программалардын курсун улантуучу талапкер Касым-Жомарт Токоевди колдой турган өңүттө. Себеби, эгемендик жылдарында Нурсултан Назарбаев түптөп, калыптандырып берген азыркы багыт элдин мүдөөсүнө ылайык келип отурат.

Өлкөнүн мындан ары да азыркыдай ылдам ыргакта өнүгүүсү, аткарылып жаткан эбегейсиз чоң программалардын аягына ийгиликтүү чыгуусу, элде саясий туруктуулуктун болушу үчүн казакстандыктар ишенимдүү талапкерин тандап алат деген ойдобуз.

Жаркын ТОГУЗАКОВ