Балыкчы – Бишкек –Ташкент поезд каттамы жүрө баштайт!

Июнь айынан тартып, «Ташкент – Рыбачье» поезд каттамы ачылат. Быйыл «Ташкент – Рыбачье» поезди Өзбек темир жолу ишканасынын курамы менен жумасына бир жолу каттайт. Бул тууралуу Кыргыз Темир жолунун  басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анын жүрүү тартиби төмөндөгүчө:

Алгачкы каттам 6-июнда, бейшемби күнү Ташкент шаарынан Ташкент убактысы боюнча саат 20.50дө чыгат жана 7-июнь, жума күнү  Бишкек убактысы боюнча саат 19.03тө Бишкек шаарына келет.

Ал эми 8-июндан тартып поезд ар ишемби күнү саат 04.59да Рыбачьеден жүрө баштайт. 9-июнда, жекшемби күнү, бир суткадан кийин Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына саат  05 саат 00 минутада келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент – Рыбачье» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Вагондордун категориясына жана билеттерди алдын ала сатып алуу мөөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеўилдиктер берилет.

Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шааарына чейин плацкарт вагонуна – 1 946  сом,  купе вагонуна  – 2 461 сом, люкс вагонуна  – 4 602 сом.

Уюшуп жамаат менен жүрүүчү жүргүнчүлөргө билет сатып алууда адамдардын санына жараша 30%га чейин жеўилдиктер каралган. Поезддин курамында вагон-рестораны бар. Жолдо жүрүү убактысы – Бишкектен Ташкентке чейин бардык мамлекеттик чек ара өткөрмө пункттарын кошкондо 20 саат 30 минут.

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  (0312) 926847, 926854, 926840, 300209, 300618, 927475, 300376