Кайтарма кеп…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Өкмөттүн Жогорку Кеңештин депутаттарына берген бир жылдык отчету маалында, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз отчетто маданият тармагы тууралуу болгону алты сап жазылганын айтып, күпүлдөп сүйлөдү. Депутаттын антип күйүп-бышып сүйлөп жатканын уккан угармандар отчетто алты сап жазылса, мамлекет маданият тармагына таптакыр эле көңүл бурбайт турбайбы деген ойдо калышы ыктымал. Арийне, мамлекет маданиятты карабайт, өкмөт таптакыр эле көңүл бөлбөйт деп айтканда, калп айткан болуп калабыз.

Акыркы жылдарда мамлекеттик казынадан маданият тармагына бөлүнгөн каражат 2 миллиард сомдон ашты. Бул 2 миллиарддын ичинен 1 миллиарддан ашыгы маданият кызматкерлеринин айлык маянасына кетет. Маданият тармагына каралган бюджеттин башка беренелерин айтпаганда, кызматтык командировкалык чыгымдарына 20 миллиондон ашуун каражат каралып, маданият жайларынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө эле 70 миллионго жакын сом төлөп берет экен. Ушуга да “тобо” деш керек го.

Айталы, Кыргыз опера жана балет театры, Кыргыз драма театры, Кыргыз филармониясы баштаган бир топ маданият жайлары улуттук статус алган. Ал жайларда жүздөгөн өнөр адамдары: ырчылар, артисттер, бийчилер ж.б. иштешет жана мекеменин улуттук макамына жараша маяна алышат. Бул аз айлык акы эмес. Ошол эле учурда, эртеден кечке башы менен жер сайып иштеген мугалимдер, врачтар жаңылбасак, айына болгону 5-7 миң сом айлык алыша турганын да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мамлекеттин казынасы курук болгонуна карабай, борбор калаадагы гана эмес, облустардагы театрлар сакталып, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Айрым райондордогу элдик театрлар да мамлекет эсебинен ишин улантып келатат. Сүрөт музейлери, музыкалык окуу жайлары ж.б. мамлекеттин эсебинен каржыланып келүүдө. Бир сөз менен айтканда, мамлекет өнөр адамдарынын зор “армиясына” – алардын өнөрлүү болгону үчүн маяна төлөп жатат. Кыргызстанга караганда, өнөр жайы өнүккөн, газы да, нефтиси да бар кошуна өлкөлөрдө да өнөр адамдарына бизчелик көңүл бөлүнбөгөн болсо керек. Мындан көп жыл мурда кошуна өлкөлөрдүн биринде “улуттук менталитетке туура келбейт” деген аргумент менен опера жана балет  театры расмий жабылса керек эле. А эмне үчүн акыркы чейрек кылымда театр өнөрүндө Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадыловдой залкар таланттар чыккан жок деген суроону театр ишмерлеринин өзүнөн сураш керек.

Талант бул кайталангыс нерсе. Башынан ылдый алтын куйса да, талантсыз адамдан таланттуу адамды чыгара албайсың.

Мүмкүн, маданиятка бир жылда каралган 2 млрд. сом каражат аз болсо аз чыгар, бирок, Кыргызстандын жарыбаган бюджетинин, киреше-чыгашасынан алып караганда, жоктон көрө жогору. Бул бир. Экинчиден, мамлекет республикалык бюджеттен маданиятка түздөн түз каражат бөлгөндөн тышкары да, кыйыр түрдө каражат бөлүп келет. Маселен, акыркы жылдарда мамлекеттин казынасынан тарыхый инсандар Курманжан датка жана Шабданды тартканга олчойгон каражат бөлүндү.

Жаңылбасак,  “Курманжан датка” көркөм тасмасы 75 миллион сомго тартылса, “Шабдан” кинотасмасын тартабыз дегендер Өкмөттөн ашык-кеми жок 80 миллион сом сурашкан. “Курманжан датканы” тарткандарда ыйман бар экен, “ыйлап-сыктап” тасманы тартышты, мамлекет эсебинен тартып эле тим болбой, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты да алышты. А “Шабданды” тартчулар тасманы тартып баштабай жатып, 11,5 миллионун сугунуп коюп, ошону менен өкмөттүн ишенчинен чыгып калышты окшойт. Садык мырза, негедир муну айтпады.

Демек, өкмөт маданият тармагын өз отчетунда алты сап менен жазып коюптур деп өпкөлөй бергенибиз туура болбой калат. Биз, эмнегедир маданият тууралуу сөз кылганда адабиятты унутуп калабыз. Адабият менен маданият куштун кош канатындай түшүнүктөр. Оболу адабиятты өнүктүрбөй, адабиятка кам көрбөй туруп, маданиятты өнүктүрө албайбыз. Салыштырмалуу айтканда, Адабият сөздүн уңгусу болсо, маданият ага жалганган мүчө. Акыркы жылдарда дүйнөлүк адабиятка “Манас” эпосу баштаган зор руханий мурасты, А.Токомбаев, А.Осмонов, С.Эралиев, Ч.Айтматов, Т.Муканов ж.б.лар баштаган классик акын-жазуучуларды берген улуттук адабиятка жана акын-жазуучуларга көңүл бөлүнбөй, унутта калып келатканы ырас.

Улуттук адабиятты жана улуттук акын-жазуучуларды башкалар эле эмес, мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткан Маданият министрлиги да унутуп койгону карандай чындык.

Садык Шер-Нияз да бир кезде ушул министрликти жетектегени бар. Анын тушунда кандай экенин билбейбиз, кечээ жакында Маданият министрлигине тиешелүү департамент, башкармалык, бөлүм ж.б.лар эмне иш менен алектенет экен карап отуруп, министрликтин структурасынан адабият менен байланышкан бир да түзүмдү таба албадык. Бул – мамлекет маданиятка бөлгөн 2 миллиарддан адабиятка бир тыйын да каражат каралбайт дегендик да, туурабы, Садык мырза.

Парадокс  мына  ушунда. Эгер,  учур  адабиятына  –  акын-жазуучулардын  жаңы  чыгармаларын басып чыгарууга каражат каралбаса, жергиликтүү айыл аймактарына, шаарларга караштуу китепканалар жаңы китептер – учур адабияты менен толукталбаса, анда Маданият министрлиги республика аймагындагы китепканаларды каржылап,  китепкана  имараттарын кармоого жана анда иштеген китепканачыларга  айлык  төлөп эмне кылат?!! Эң эле жөнөкөй логика, бүгүнкү окурман үчүн союз убагында басылган көркөм адабияттан өздөрү үчүн кызыктуу бир нерсе таба алабы? Эгер, шаар, айыл жергесиндеги китепканалардын абалы кандай, жаңы китептер менен толукталып жатабы, окурмандар окуп жатабы деп кызыкпасак, ар бир айылда, айыл өкмөтүндө, шаарларда китепкана бар, маданият  өнүгүп  жатат  деп  өзүбүздү өзүбүз алдоонун кажети барбы?

Алыс барбай, борбор калаадагы эле улуттук опера жана балет, улуттук драма театрлары баштаган театрлардын репертуарларын карап көрөлү. Жаңы эч нерсе таппайсың. Саналуу эле тааныш-билиш авторлор, баягы эле европалык классиктер, баягы эле эски спектаклдер. Жаңы чыгармалар дээрлик жок. Ушундан  улам,  суроо  жаралат, мамлекет миллиондогон каражатты эмне үчүн бөлүп жатат? “Эски-уску” спектаклдерди, же чет жердик классиктерди театр сахнасына коюу үчүнбү? Бүгүн анын бизге кажети барбы?

“Театрга эл келбейт” дешет, эгер театр сахнасында эл турмушу чагылдырылбаса, баары сырттан көчүрмө болсо, ал оюнду ким көрөт?!!

Мамлекет  маданиятка  көңүл бөлбөй  жатат  десек,  калп  болуп  калат.  Кечээ  жакында  эле, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 15,1 миллион сомдук капиталдык ремонтко тендер жарыяланганы, бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазганы, маалыматка ылайык, аталган суммага фойе, зал, кызматтык имарат, гримдөөчү жана тазалоочу бөлмөлөр оңдоло турганы, театрдын бардык кабаттарында электр жарыктары алмаштырылары тууралуу маалымат чыкты. Бул аталган жайдын ремонтуна каралган алгачкы каражат эмес. Калп айтпасак, театрдын сыртын 2016-жылы 26,1 миллион сомго оңдоп-түзөшкөн. Баягы эле Кыргыз драма театры чатырыбыздан суу агып жатат деп ыйлактап жатышат, аргасыз таңгаласың, жаңылбасак,  аталган  жай  мындан 10 жылдай мурда эле капиталдык ремонттон өткөн. Эми минтип оңдолгонуна 10 жыл болуп-боло элек жатып чатырынан суу агып калса, буга ким күнөөлүү? Өкмөтпү? Быйыл Кыргыз улуттук филармониясы да капиталдык оңдоодон өтөт деген кабарыбыз бар. Андай болгондо, өкмөт отчетунда алты сап жазылабы, бир сап жазылабы, мамлекет маданиятты унутпаптыр да, ушундай эмеспи, Садык Шер-Нияз мырза.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдарда А.Акаев Кыргыз улуттук жазуучулар союзун көкүрөккө түртүп, көчөгө чыгарып койгон, бечара жазуучулар ошондон бери өз имаратына жетпей келет. Садык Шер-Нияз эрдик кылып ушуну айтабы дедик эле, негедир айткан жок. Садык адабиятка күйбөйт деле экен. Эгер күйсө, бир кезде Маданият министри болду, эми минтип Жогорку Кеңеште отурат, “Кыргыз улуттук жазуучулар союзун жетим баладай кылбай, Бишкектеги мурдагы көп кинотеатрдын бирин аларга жазуучулардын үйү кылып, биротоло менчиктеп берели, өз оокатын өздөрү кылсын деп демилге көтөрсө жарашмак. Бирок, айтпады. Базаркомдор ж.б.лар ээлеп кеткен кинотеатрдын бирин да, жок дегенде акыркысын да акын-жазуучуларга ыраа көргүсү келген жок.

Жакшыбы же жаманбы, мамлекет маданиятты каржылап жатат, анда маселе жок, кеп адабиятта. Баарын айткан Садык мырза, бир нерсе айтпады, киночулардын да,  сүрөтчүлөрдүн  да,  ырчылардын да, чоорчулардын да, бийчилердин да, спортчулардын да, жадагалса чымчыктын да үйү бар экен, акын-жазуучулардын гана үйү жок экен.