Жер титирөө жергеталдыктарды козгоду

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Күндүз үйдө неберелерим менен отургам. Келиним, чоң балдарым сыртта болчу. Жер титирөө башталганда бат эле өтүп кетсе керек деп келме келтирдим. Бир учурда үйүбүз мүшөктү каккан сымал катуу силкинди. Коркконумдан неберелеримди калкалап, чыга беришке жеткенде эс-учумду жоготуп коюптурмун. Бир учурда көзүмдү ачсам сыртта экемин. Балдарым “апалап” ыйлап, бетиме суу чачып жатышыптыр”, — деп Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келген Айтбү Акматова деген эне аттын башындай арманын редакциябызга келип айтып отурду. Табият кырсыгы алардын тагдырын мынчалык өзгөртүп саларын эч ким ойлогон эмес. Бүгүнкү күндө ал жактан Кыргызстанга жер которуп жаткан кандаштарыбыздын өкүлү Акматова менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Айтбү эже, качан келдиңиздер, кайда жайгаштыңыздар?

– Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен жердеги КичиКарамык айылында жашайбыз. Биздин үй-бүлө менен ошол күнү үч маршрутка толтура эл сапарга чыккан. Күн сайын ушинтип, чачыранды болуп, жердештерибиз келип жатышканынан кабар алуудамын. Аймагыбызда буга чейин 80-жылдардын ортосунда жер титирөө болгон. Бирок, күчү мындай катуу чекке жеткен эмес. Бул жолу бат-бат эле жер силкине бергендиктен кошуналар бири-бириникине кирип, ахвалыбызды сураша албай калдык. Короодо туруп кыйкырып: “Ой силер баарыңар амансыңарбы?”, – деп, маалымат алмашууга өтүп калдык. Анткени, жер силкингенде, ар ким өз бала-чакасынын жанында калгысы келет экен. Силкинүү бир аз басылганда балдар үйгө чуркап кирип, зарыл буюмдарын алып чыгууга үлгүрүп жатышты. Эптеп жыгач-бутактан тирөөч жасап, үстүнө паластарды жапкан алачыкта суткелеп түнөдүк. Түнкү суук жандан өтүп турду. Чатырларга жаш балдар менен аялдарды, карыларды киргизип, эркектер сыртта түнөп жатышты. Ошол күндөрү ооругандар көп болду. Асман алдында түнөгөн төртүнчү суткеге караганда, балдарым картөшкөнүн уругун сатып, жол кире таап, Кыргызстанга көчө баштаган элге кошуп, мени эки неберем, бир кыз, келиним, менен жөнөтүп жиберишти. Мына ошол биз сапарга чыккан күнгө чейин расмий бийликтерден абалыбызды сурап, элге жолуккан бирөө болгон жок.

Жер титирөөнүн кесепетинен картөшкөнүн уругун отургузууга жетишпей калдык. Мен уулкелиндериме: “Кыргызстанга барып иш издейин, батир таап, орун-очок ала берейин. Ал жактагы абалга карап туруп анан силер келгиле. Кеч болсо да картөшкөнүн уругун сээп, күзүндө түшүм алууга жарагандай болгула. Ага жол кире кылып, силер да көчүп келерсиңер”, – дедим. Насип буйруп бир кызым ысыккөлдүк жигитке турмушка чыккан болчу. Күйөө балам Мират Бишкектин жогору тарабындагы Байтик айылында иштейт. Булар деле эки баласы менен батир алып жашап, табылган жумушка карата көчүп жүрүшөт. Ошого карабай, карайлап жер которуп келген бизге Миратым жакшы жардам берип жатат.

Жерге-Талда кыш күндөрү жааган кардын бийиктиги эки метрден ашып, тамдардын чатырына чейин жеткен учурлар болот. Тоого жакын үйлөрдү кар көчкү басып калуу коркунучу дайыма сакталып турат. Менин күйөөмдүн мурдагы аялын, үч баласы менен үйдө отурушканда тоодон түшкөн кар көчкү басып, баары каза болушкан. Ошондон кийин күйөөм мага үйлөнгөн болчу. Тирүү калган дагы үч баласын кошо асырап бактым. Аларга айыл өкмөтү, эл биригип пайдубалы бар үй куруп беришкен. Күйөөм менен жыйырма беш жылга жакын бирге өмүр сүрдүк. Беш балалуу болуп, уул-кыздарды өстүрдүк. Жолдошум өткөн жылы каза болупкалды.

Биздин аймактын элинде курулуш эрежесин сактап, адегенде үйдүн пайдубалын казып алып, ага дубал тургузуу дээрлик жокко эсе. Таштарды тизип, арасына топурак жабыштырып алып, “пайдубал” орнотуп, ага ылайдан жампалап сокмо дубал урабыз. Бышкан кирпичтен бир да үй курулбайт. Анткени, жашоо шарты кыйын, жону жука эл үчүн жүздөгөн чакырым аралыктан курулуш материалдарын ташып келүү, ага каражат табуу түшкө кирбеген иш. Ал эми пайдубал көтөрүп курган үйлөрдөн аймак боюнча биздикин кошкондо эки-үчөөнүкү эле бар болчу. Жер титирөөдөн кийин аймактын калкынын бери жагы 90 пайыздан ашыгынын тамдары биротоло жарабай калды. Айрымдарынын дубалы кулап, каалгасы менен кошо түшүп кетти. Чатырлары жарылып түшкөнү көп болду. Анан кантип Кыргызстанга көчпөй коё алабыз? Ансыз да жашоо шартыбыз абдан начар болчу. Беш балам, неберелерим менен бир уй, үч-төрт кой кармайбыз. Элдин тамак-ашы абдан эле өп-чап, сактай турган азык-түлүк ашып жатпаган соң жергеталдыктарда муздаткыч болбойт.

1000ге жакын кайрылман көчүп келеби?..

– Айтбү эже, эмне үчүн Тажикстандын башка коопсуз жеринен жер бөлүп берүүнү сурап, көчүп барууну ойлогон жоксуздар?

– Бүгүн башыбызга оор, катаал күндөр түшүп турат. Ушундай учурда бир боорун өз кайгысы менен таштап койбогон мээримдүү, кайрымдуу кыргыз элинен жардам берер деп, үмүт этип келдик. Чынында бизди ал жактан бирөөлөр кууган жок. “Бир өрөөн журт кайда көчүп бара жатасыңар?”, – деп, кызыккан деле жан боло элек. Эртең эле кыш келет. Бала-чакага баш калканч боло турган жер издеп, туюк эле сапар тартып келип жатабыз. Менин кошуналарымдын бирөө Чүй районунун Ивановка айылына, бирөөсү Сокулук районунун аймагынан алыс тууганын таап көчүп келишкенин угуп жатам. Алардын бирөөсү дароо эле сегиз баласы, аялы менен он жан чогуу көчүп жүрө беришти. Биз бирөө жарымга оорчулук келтирүүнү каалабайбыз, балдарым бардык жумушка иштей берет эле. Кышка жетпей уулдарым да көчүп келиши керек.

– Ыйлабаңыз, айтсаңыз ал жакта эмне чарбачылык кылчу элеңиздер?

– Картошкадан башка өспөйт. Мөмө-жемиштер эгилбейт. Талтеректер гана чыгат. Кар улуу түшкөндүктөн кыш күндөрү жол дээрлик тосулуп калат. Бир айлап сырт дүйнөгө чыга албай калган күндөр көп болот. 80 чакырым аралыктагы Жайылган деген айылда аптасына бир жолу азык-түлүк базары уюштурулуп турат. Ошол жактан эркектерибиз атка жүктөп азык-түлүк ташып келишет. Борбордук трассаны кышкысын эки өлкөнүн техникалары барып, кардан тазалап турушат. Бирок, алыскы тоолуу биздин айылдардын 3-4 чакырым жолу жабык бойдон калат. Жер жетиштүү. Башкы тиричилигибиз – мал. Картөшкөнү кант-чайга, майга, самын-сумунга бартер кылып алабыз. Дан эгин өспөйт.

– Сиздин оюңуз боюнча канча айылдын эли көчүп жатат?

– Кытайдан аккан Кызыл-Суу деген чоң суунун аркы-берки жээгинде, улуу тоонун этегинде жайгашкан 12 айыл барбыз. Эптеп жол кире тапкандардын баары Кыргызстандагы аты-жыты тууган болсо эле издеп, баш калкалап келип жатабыз. Көпчүлүгү үй-буюмдардын баарын албай, керектүү кийимкечесин, көтөрө алчудай жууркантөшөгү менен көчүп келишүүдө. Бул жактагы күйөө баламдыкына жүк болбойлу деп тигүү цехинен жумуш таап иштеп жатам. Тигүү цехтин кожоюну эмгек акынын эсебинен тамак-ашка акча берди. Чүй бооруна көчүп келген жердештерибиз менен байланышып жатам. Бирок, аларга барууга жол кирем жок. Бишкекке мурда келбегендиктен күйөө балам менен көчөгө чыгам. Зилзала болгон бир айдан бери 1500дөн ашык жергеталдык кыргыздар Кыргызстанга биротоло келиптир деп санак жүргүзүп отурабыз. Кыргыз мамлекети кыйын кырдаалда турган бизге жардам берерине үмүт кылгандан башка арга жок.

РЕДАКЦИЯДАН: Айтбү эжени КР миграция кызматынын кайрылмандар менен иштєє бєлїмїнє байланыштырып, узатып койдук.

One thought on “Жер титирөө жергеталдыктарды козгоду

Комментарии закрыты.