Унутта калган улуттук нарк-дөөлөт

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


29-апрелде К. Баялинов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, коомдук ишмерлердин, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз элинин нарк-дөөлөттөрүнүн бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу жыйын болуп, анда улуттук нарк-насилдерди, каада-салттарды, жөрөлгөлөрдү жаштар арасында жайылтуу боюнча ой-пикирлер айтылды.

КРнын Баатыры Бексултан ЖАКИЕВ: “Салттарыбызды билбей чала кыргызга айланып баратабыз”

– Бүгүнкү каралып жаткан улуттук баалуулуктар жөнүндөгү маселеге биз жооп бериш үчүн адам туулгандан тартып, өмүрүнүн акырына чейин колдонулган каада-салттарды жакшы билишибиз керек. Аларды билбей туруп бири-бирибизге акыл үйрөтө албайбыз. Кыргыз элинин өзүнө гана таандык үрп-адаттары, каада-салттары, жөрөлгөлөрү бар. Аларды тутунуп, кыргыз эли өзүн улут катары сактап келген.

Адам баласы төрөлөрү менен дароо эле айлана-чөйрөгө көнө койбойт. Мисалы, бала жарык дүйнөгө келгенден кийин кыркын чыгарат. Төрөлгөн баланы кырк күн болмоюнча эч кимге көрсөтпөйт. Бул жөрөлгөнүн биздин улут катары сакталышыбыздагы мааниси чоң. Андан кийин тушоо кесүү деген бар. Бул жөрөлгөнүн да философиялык жагы бар. Баланын басканына, андан аркы өмүр жолунун уланышына, өмүрүнүн шыдыр болушуна жана мүдүрүлгөнүнө маани бербесек, анда биз ата-энелик милдетибизди аткара албаган болобуз. Баланын тушоосун кесүүдө бутуна байланган жип ак анан кара түстө болот. Анткени жашоонун өзү жалаң карадан же актан турбайт. Буга көңүл буруу керек.

Кыз  узатуу,  сөйкө  салуу,  турмушка  чыкканда  отко киргизүү бул салттардын баары эң маанилүү, эң терең. Себеби биз ушулардын баарын туура аткарганда гана адамгерчиликтүү, ыймандуу боло алабыз. Биз узак тарыхыбызда башыбыздан диндин бардык түрүн өткөрүп, акыры келип исламга токтолдук. Исламды өзүбүздүн салтыбызга, ниет-пейилибизге ылайыктап кабыл алдык. Мына муну азыр бузууга аракет кылгандар бар. Биз мусулманбыз, бирок эч убакта диний фанат болгон эмеспиз. Бул биздин бактыбыз. Биздин кыздарыбыз, аялдарыбыз паранжа жамынган эмес. Паранжа кыргыздын ыйманына, нарк салтына туура келбейт. Ислам дининин өзүндө деле паранжаны даңазалоо жок. Бул чала молдо дин бузаттардын иши. Азыр жаш кыздарга хиджаб кийгизип, ата-энеси мектепке жиберип жатышат. Хиджаб кийсе эле мыкты мусулман болот дешет. Мугалимдер булар динчилдер деп карама-каршылык жаралат.

Басма сөздө бир молдо “кыргыздын кыздары илгертен эле жоолук салынган” деп айтып жатат. Ал молдо билбей эле айтып жатат. Кыз эч качан жоолук салынган эмес. Жоолук күйөөгө тийгендин белгиси. Кызга кичинекейинде топу кийгизсе, чоңойгондо үкүлүү топу, бойго жеткенде үкүлүү тебетей кийгизчү, күйөөгө тийгенде башына ак жоолук салынган. Бул биздин салтыбыз. Биз муну билбей жатабыз. Билбегенибиз үчүн биз чала мусулман, чала кыргызга айланып баратабыз. Ыймандуу, пейли таза болуу, жаш болсо эне-атасын сыйлоо, элди кадырлоо, эмгекчил болуу, уурулук кылбоо, ушак сүйлөбөө, мына ушулардын баары биздин туулгандан өлгөнгө чейинки салтыбызда бар. Бул маселени жаштарга жеткирүү бүгүнкү жыйын менен эле дароо чечиле койбойт. Муну эл-журттун баарына жеткириш керек. Каада-салттарды китеп кылып чыгарып, элге таратыш керек. Казактар, грузиндер каада-салттарын китеп кылып чыгарып, аны окуу программасына да киргизип коюшкан. Алар каада-салттар менен эле муундарын тарбиялап келатышат. Азыркы жаштар үрп-адаттарыбызды билбей жатышат. Андыктан каада-салттарыбызды, нарк-насилдерибизди элге жайылтууда жалпыга маалымдоо каражаттары тынбай иш алып баруусу керек.

КРнын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Эрмек КАДЫРАКУНОВ: “Маданий баалуулуктар эске алынбай, материалдык дүйнөгө басым жасалгандай”

– Учурдун актуалдуу маселеси болгон улутубуздун наркын кыргыз жигиттери менен кыздары келечекке сактап калышына жеткиликтүү көңүл бөлүнбөй жатат. Буга рынок шартында жашап жаткандыгыбыз негизги себеп, элдин абалы, табигый жашоо шарты өзгөрүлүп, бул багытта ишмердик өнүккөнү менен руханий дүйнө, улуттук баалуулуктар унутта калып баратат.

Бүгүнкү  күндө  улуу-кичүү  жана  ортоңку  муундагы адамдардын бардыгы эле азыр кантип жашайбыз, каяктан каражат таап, жашоо мүмкүнчүлүгүбүздү жакшыртабыз деген түшүнүк менен жашап жаткандай. Жаштар арасында кайсы каражатка билим алабыз деген маселе гана алдыга чыккандай. Анткени билим алыш үчүн да материалдык каражат керек болот. Ошондуктан маданий баалуулуктар эске алынбай, материалдык дүйнөгө басым жасалгандай. Азыр адамдардын көбү руханий дүйнөнү эске албай, базар соодасына өтүп кеткен мезгил болуп калды.

Кыргыздарда идеология жок деп көп айтышат. Идеология кыргыздын канында бар. Улууга урмат, кичүүгө ызат деп айтылат. Илгери кыргыздар элибиздин табиятына жараша жазылбаган мыйзамдар менен эле улут катары бири-бири менен алака түзүп, урмат-сый менен жашап келген. Бүгүнкү күндө улуттук нарк-дөөлөттөргө карата жаштардын мамилеси мурунку муунга караганда бөлөк багытта кетип жатат. Мунун баары базар экономикасына, материалдык муктаждыкка байланыштуу болуп жатат. Азыркы тапта жаштардын көбү илим-билимдин артынан түшпөй, материалдык байлыкты көздөп калышты. Ал эми адам коомунда өз ара мамиле түзүүдө улууларды кичүүлөр урматтаса, кичүүлөргө улуулар нарк көрсөтүш керек. Кыргыз наркында жазылбаган муундан муунга, кандан канга өтүп келаткан каада-салттар бар. Мына ушуларды жаштар өзүлөрүнө сиңирип алып кийинки муунга жеткириши абзел.

Кыргыз Эл акыны Гүлсайра МОМУНОВА: “Биз нарктуулукту, адептүүлүктү үйрөнүшүбүз үчүн түпкү башатыбызга кайрылышыбыз керек”

– Элибизге таандык улуттук баалуулуктар,  нарк-насилдер, каада-салттарыбыздын жаштар арасында унутулуп баратканы келечекте көйгөй жаратат. Биз акын-жазуучулар бул маселеге өзгөчө көңүл бурабыз. Элдин наркы, салты, адеби, ыйманы боюнча жаштарга таасир эте тургандай чыгармаларды жаратсак деген ниеттебиз. Мындай тилек менен кийинки жылдарда бир нече китептерди жаздым. Биз  нарктуулукту,  адепти,  ыйманды үйрөнүшүбүз үчүн биз түпкү башатыбызга, уңгубузга, бабаларыбызга кайрылышыбыз керек. Алар кандай жашап өткөн, бизге эмне мурас калтырды. Өзүлөрүнөн кийинки муундардан эмнелерди күттү. Биздин бабалар адептүүлүктү, нарк туулукту мамлекеттин мыйзамы катары кабыл алышкан экен. Мындан 10 кылым мурун Жусуп Баласагындын убагында жашап өткөн караханиддердин каганы Карабуура Сатылган атабыз аймагы Урал тоосу менен Камчатка, түндүгү Муз Океан, түштүгү Индияга чейин созулуп жаткан зор кыргыз мамлекетин башкарып турган падышабыздын ордосу азыркы Токмок шаары, агезде Баласагын шаары болгон. Ошол атабыз канткенде адам адам болот деп биздин Чыңгыз агабыз айткан сөздү ошондо эле айткан экен. Ошону аткарышыбыз керек. Анда ыймандуулук, адептүүлүк, сабырдуулук, чынчылдык, адилеттик, мекенчилдик, кайрымдуулук деп жети адамгерчилик сапатты айтып, өзү да бул сапаттарга жооп берип, аны башка адамдардан да талап кылып, элдин баарын үгүттөгөн экен.

Ислам динин кабыл аларда ал падышага биздин каада-салттарыбызды, жашоо образыбызды сураганда ушул 7 эрежени айтса, келгендер “силер бизге чейин эле мусулман болгон турбайсыңарбы” деп айтыптыр. Анткени биздин жүрүм-турум эрежелерибиз ислам дининин айрым эрежелерине туура келет экен. Ислам дининдеги жалган сүйлөбө, ыймандуу бол, бирөөгө акаарат келтирбе деген сыяктуу ж.б. жүрүм-турум эрежелерди биздин ата-бабалар карманып, турмушунда колдонуп келишкен. Ошентип Карабуура атабыздын учурунда эле элди адептүүлүккө, ыйманга, таалим-тарбияга үйрөткөн эрежелер келип чыккан экен. Бул айтылгандардын баары кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттарында, жөрөлгөлөрүндө камтылган. Кыргыз эли улут катары мы-на ушул нарк-дөөлөттөрүнүн негизинде улутун жоготпой, тили, дили менен эл катары сакталып келген.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат ИМАНАЛИЕВ: “Улуттук идеологиянын программасын иштеп чыгуу зарыл”

– Биздин элибиздин алмустактан калган үрп-адат, каада-салт, нарк-насилдери бар. Аны бүгүнкү күндө коомго жайылтуу аркылуу элдин аң сезимине таасир берүү учурдун актуалдуу маселелеринин бири. Анткени кыргыз элинин улуттук наркы муундан муунга уланыш керек. Бул багытта биз маданий иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Ошондуктан акын-жазуучулардын, этнографтардын нарк-насилди, үрп-адатты изилдеген окумуштуулардын катышуусунда жыйын өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү жыйындын максаты айтылган ой-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алып, кыргыз элинин коомдогу калып-танышында улутубузга мүнөздүү сапаттарды сактап калуу негизги жүйөөлүү маселе болуп турат.

Биз жалпы эле кыргыз адамы, аксакалдары, энелери, кыз-жигити кандай болуш керектиги боюнча коомго кайрылуу жасайлы деген максатты көздөөдөбүз. Анткени мындай кадам коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алат. Улуттук өзөгүбүздү сактоо негизги маселе болгондуктан улуттук нарк дөөлөттөрүбүздү жайылтуу максатында республиканын башка аймактарында да маданий иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Ошондой эле Президентибиздин демилгеси менен Көчмөндөр оюндарын республикалык форматта ар бир облуста өткөрүүнү көздөп, быйыл Таласта “Манас Ор-додо” өткөрүүнү мерчемдегенбиз. Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк деңгээлде өткөрүү азыр этно-фестивалдарды өткөрүүгө өрнөк болду. Бизде улуттук идеологиябыздын программасын иштеп чыгуу зарылдыгы бар.