Турдукан ЖУМАБЕКОВА, экс-депутат: «Конституцияда улуу дөөлөттөр камтылган»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


– Турдукан Абдыкарыевна, 1993-жы-лы 5-майда КРнын Конституциясы кабыл алынган. Конституциянын жазылышы, эгемендикти алгандан берки тарыхы, дегеле анын элибиз үчүн мааниси канчалык?

– Конституциялык укуктун тарыхы эгемендикти алгандан тартып, 1993-жылдын 5-майынан башталып, 20 жылдан ашык убакытты камтыйт. Конституция биздин өлкөнүн бүткүл укуктук нормаларынын, мыйзамдарынын негизи болуп эсептелет. Негизги мыйзам өнүккөн өлкөлөрдө өлкө башчысынан, парламентинен жана бардык бийлик бутактарынан жогору турат. Бийлик алмашкан сайын кайсы бир деңгээлде саясий режимдер өзгөрдү. Конституциялык укуктук макамдар, айрым бийлик тармактарынын макамдары өзгөрүлдү. Бул убакыттын аралыгында көп орошон алай-дүлөй окуялар болуп өттү. Гуманизмдин бийик идеяларынын негизинде демократиялык түзүлүштү түптөп, элдин бакубат жашоосу үчүн демократиялык түзүлүштөгү Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын алдык. Саясий режим, жарандардын конституциялык укуктарынын макамдары өзгөрүлдү. Андан тышкары башкаруу систе-масы өзгөрдү. Мурда президенттик башкаруу болсо, азыр президенттик-парламенттик башкаруу системасына өттүк. Улуу дөөлөттөр Конституцияда көрсөтүлгөн, алар мамлекеттин бардык бийлик бутактарынын органдарынын жана жергиликтүү бийликтердин маани мазмуну болушу керек. Ал эми улуу дөөлөттөргө адам, анын өмүрү, ден соолугу, укуктары, коопсуздугу, билими, эркиндиктери, намысы жана абройлору, бакытка умутулуусу кирет. Бизде идеология жок деп айтышат. Конституциядагы камтылган улуу дөөлөттөрдүн сакталышында идеология жатат. Анда өлкөнү кайсы багыт менен өнүктүрө тургандыгыбыз көрсөтүлгөн.

–  Конституцияга  буга  чейин өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип келдик. Юридика тармагында тажрыйбасы мол адам катары буга сиздин көз карашыңыз кандай?

–  Бизде  Конституцияга  бир  нече  ирет өзгөрүү кирди. Дүйнөлүк тажрыйбадан алганда дагы мындай көрүнүш жакшы эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө Конституцияга өзгөртүү киргизе  беришпейт.  2010-жылы  27-июнда жалпы элдик референдум менен кабыл алынган Конституцияда парламенттеги мандаттын саны, президенттик кызмат ордунун мөөнөтү, парламенттик-президенттик башкаруу формасы, Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы мамилелер боюнча өзгөрүүлөр кирди. Бул өзгөрүүлөрдөн кийин президентке өкүлчүлүк функциялары калып, приоритет парламентке берилди. Парламенттик көпчүлүк шайлаган премьер-министрге көбүрөөк ыйгарым укуктар берилип, ошону менен бирге Парламент эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ болду. Мурда мындай ыйгарым укуктар  болгон  эмес.  Парламентке  мын-дай ыйгарым укуктар берилүү менен бирге жоопкерчилик да күчөтүлдү. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен мамилесиндеги статусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дайындоонун жол жобосу өзгөрдү.

Конституция аракеттүүлүгү болгон, иштеген тирүү организм сыяктуу. Бул иштеп, ошол эле учурда талапка жараша өзгөрүп турушу керек. Анткени бүгүнкү учурда дүйнөдө болуп жаткан жаңы чакырыктар, коркунучтар өзгөртүүгө алып келүүгө дуушар кылат. Албетте, мен Конституцияны төрт тарабы төп келген, идеалдуу деп айта албайм. Негизинен саясий конюнктуралык көз караштар менен дагы кабыл алынып жаткан жоболор жок эмес. Ал кандай кызыкчылыктар менен кабыл алынганын да билебиз. Ааламдашуу доорунда ушунчалык тез убакта бардык нерселер жаңыланып, өзгөрүп, бизге күтүлбөгөн жаңы чакырыктар, коркунучтар жаралууда. Биз ошол жагдайдан алып караганда, учурдагы кырдаалды, жашоо турмуштун нугуна жараша өзгөртүп турганыбыз туура эле деп айтат элем.

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына түшүндүрмө жазып, аны китеп кылып чыгарган экенсиз. Сизге чейин Баш мыйзамга, дегеле мыйзамдарга түшүндүрмө жазгандар болду беле?

–Жалаң эле Конституцияга эмес, башка дагы Кылмыш жана жаза-процессуалдык кодекстерге дагы түшүндүрмө берип жүрөм. Бирок башкы негизги мыйзамыбызга берген түшүндүрмө бул илимий-практикалык жактан дагы, өлкөбүздөгү болуп жаткан кырдаалдарды да эске алуу менен, Конституциянын ченемдери канчалык деңгээлде аракеттүү жана эң жогорку юридикалык күчкө ээ экендигин дагы бир жолу баса көрсөтүүнү көздөйт, юристтер жана билим алып жаткан келечектеги юристтер үчүн эң керектүү колдонмо китеп. Бул китепти жазуу менен жалаң эле окуп жаткандарга эмес, жалпы эле бийлик бутактарында укук маданиятын билүүсүнө, дегеле Кыргызстандагы укук маданиятынын өнүгүшүнө дагы кандайдыр бир салым кошуп жатабызбы деп ойлойм. Бул Кайрат Осмоналиев экөөбүз Конституцияга жазган жападан жалгыз комментарий. Илимий-теориялык позициядан туруп, колдонулуп жаткан мыйзамдарды жана саясий чыныгы кыдаалды эске алуу менен мамлекеттин эң башкы негизги мыйзамы деп аталган КРнын Конституциясынын ченемдеринин мазмунун ачып берүү, ошону менен бирге эле Конституциянын жоболорун түздөн түз аткарган иш-аракеттерин жана жогорку юридикалык күчүн баса белгилөөгө аракет кылынган. Бул түшүндүрмө юридикалык билим берүү процессинде колдонууда бирдиктүү конституциялык саясатты калыптандырууга көмөктөшөт.