Акыл калчап иш кылсак, ЕАЭБден алаар энчибиз көп

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Евразиялык биримдикти түзүү идеясы алгач ирет 1994-жылдын 29-мартында айтылып, анда бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана биргелешкен коргонуу саясатын жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленген. Мезгил ЕАЭБдин зарылдыгын өзү тастыктады, бирок, бул идеяны турмушка ашыруу жеңил-желпи эле боло калган жок. Анын толук кандуу турмушка ашышы үчүн көптөгөн жылдар керектелди жана бүгүн да ЕАЭБ мейкиндигинде күн тартибинде турган суроолор көп. Жалпыга маалымат каражаттарында, анын ичинде үчүнчү тараптарга тиешелүү маалымат каражаттарында ЕАЭБге карата сын айткандар аз эмес. 

Евразиялык  биримдикти  түзүү  идеясы  алгач ирет 1994-жылдын 29-мартында айтылып, анда бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана биргелешкен коргонуу саясатын жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленген. Мезгил ЕАЭБдин зарылдыгын өзү тастыктады, бирок, бул идеяны турмушка ашыруу жеңил-желпи эле боло калган жок. Анын толук кандуу турмушка ашышы үчүн көптөгөн жылдар керектелди жана бүгүн да ЕАЭБ мейкиндигинде күн тартибинде турган суроолор көп. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде үчүнчү тараптарга тиешелүү маалымат каражаттарында ЕАЭБге карата сын айткандар аз эмес.

Ошондон  улам,  ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан эмнеге  жетти,  эмне  утуш-ка ээ болду деген собол күн тартибинде турат. Чү дегенде  айта  турган  нерсе,  аталган уюмга кирүү менен Кыргызстандын  уттурганынан утканы көп болду. Премьер-министр М.Абылгазиев Жогорку Кеңеште берген отчетунда  белгилеп  кеткендей, ЕАЭБ  алкагында  экспорт 5%ке көбөйдү. Каалайбызбы же жокпу, бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн ЕАЭБге альтернатива жок жана анын өзү биз башка да эл аралык уюмдарга мүчө боло албайбыз, башкалар менен кызматташа албайбыз дегендикке жатпайт.

Айрымдар,  ЕАЭБ  тууралуу  сөз болгондо, айыл чарба продуктыларын сыртка чыгара албай жатканыбызды  баса  көрсөтүп,  кошуналар чек араларын кааласа ачып, кааласа жаап койгонун айтышат. Ооба, быйыл дыйкандарыбыз былтыркы өндүргөн картошкаларын сата албай, бир топ кыйынчылыктарды башынан кечиришти. Баарыбыз жабылып, Айыл чарба министрлигинен ачуубузду чыгарып жатабыз. Албетте, министрликте жана анын жетекчилигинде кемчиликтер жок эмес. Бар. Алар деле мындай абал үчүн баштарын жерге салып отурса керек. Бирок, быйылкы жыл дыйкандар үчүн чоң сабак болууга тийиш. Биз бүгүн рынок заманында жашап жатып, ага ыңгайлаша албай жатабыз. Ал эми бүтүндөй дүйнө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү да рынокко ыңгайлашып алган. Эгер, кошуна өлкөлөр өздөрү картошка айдап, өздөрүндө жетиштүү болсо, эмнеге биздин картошкаларды алышы керек?!! Алар кандай болбосун, өздөрүнүн ички рыногун коргойт. Эгер, аларда жок болсо, анда алар өздөрү эле фураларын айдап келип, биздин картошкаларды тонналап алып кетишмек. Мурдагы жылдары, айталы казак агаиндер өздөрү эле келип, биздин картошкаларды алып кетип жатпады беле? Суроо-талап болсо, кандай товар, кандай азык-түлүк болбосун өтөт, суроо-талап болбосо, өтпөйт. Ушундай эмеспи, рыноктун мыйзамченемдүүлүгү ушундай. Муну түшүнүү менен кабыл алуу керек.

Маселен, бадыраң-помидорду алалы. Акыркы жылдарда, жер-жерлерде, анын ичинде үйдө, Бишкек шаарынын жака белинде күнөсканалар көбөйдү. Бирок, катардагы керектөөчү катары айтсак, мындан помидор менен бадыраңдын баасы төмөндөгөн жок. Качан гана кошуна Өзбекстандан помидор менен бадыраң экспорттоло баштаганда арзандайт, ага чейин бир килосунун баасы 130-180 сомдон түшпөй тура берет. Бул биздин өндүрүүчүлөр өз ара сүйлөшүп алганын, бул тармак монолопияга айланганын, карапайым элди, 5-6 миң сом маяна менен жашаган мугалимдерди, врачтарды, пенсио-нерлерди ойлобогонун билдирет. Албетте, күнөскананы кармоого, жумушчуларды жалдоого көп чыгым кетет, бирок помидор менен бадыраң алтын эмес да килосун 200 сомдон саткыдай. Күнөсканада күн көрбөй өскөн өсүмдүк химикат менен өспөгөндө, кыкка өсмөк беле? Муну Сахалин, Чукотканын күнөсканаларында өстүрүлгөн помидор менен бадыраң биздикинен арзан сатылып жатканы үчүн айтып жатабыз. Бул арзан жумушчу күчүн пайдаланып, товарын кымбат сатып, кызылдай пайда көргүсү келген атамекендик өндүрүүчүлөр үчүн кулагына күмүш сырга катары айтылган кеп. Анткени, ЕАЭБге нааразылардын арасында ушул тармакта иштеген атамекендик өндүрүүчүлөр бар. Алар да бир нерсе болсо, өздөрүнүн иши жүрүшпөй жатканына чек ара ж.б. көйгөйлөр тоскоол болуп жатканын айтышат. Асти өздөрү өндүргөн товар кымбат болгондуктан, кошуна өлкөлөрдүн рыногуна өз товарын кымбат өткөрө албай жатканын айткылары келбейт. Анткени, ЕАЭБ мейкиндигиндеги атаандаштыктан сүрүлүп калып жатат. Мүмкүн арзан өткөрүп, азыраак пайда тапканына ичи ачышып жатабы, ким билет?..

Болбосо, Кыргызстандын айыл чарба тармагында ондогон ишканалар ЕАЭБге, анын ичинен Казакстанга өз товарын эң сонун эле экспорттоп, буюрган пайдасын көрүп жатат. Бул азык-түлүктөрдүн басымдуусу сүт азыктары, балык, бал жана эт азыктары. Премьер-министр айткан 5%га көбөйгөн экспорттун ичинде ушул азыктар болсо, эч таңгалбас элек.

Евразиялык экономикалык биримдик калкынын саны боюнча, дүйнөдө 8-орунда турса, территориясынын аянты боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Ал эми ИДПнын көлөмү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат. Демек, бул Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк деген сөз. Болгону биз эмнени, кандай өлчөмдө өндүрөрдү жана канчадан, кайда сата аларыбызды билишибиз керек. Өндүрөрдөн мурда сатууну ойлонуп, алдын ала келишимдерди түзбөсөк, дыйкандын эмгеги күйүп кетерин мезгил өзү көрсөтүп койду. Биерде ким бирөөнү күнөөлөп кереги жок. Биргелешкен, максатка багытталган иштер зарыл.

Бүгүн бизге заманбап логистикалык борборлорду көбүрөөк куруу керектиги айтылып, буюрса бул иш алдыга жыла баштады. Мезгилге, рынокко ыңгайлашат деген ушул. Эми кеп өндүргөн азык-түлүктүн сапатын көтөрүүдө турат. Күнүнө 6 литр сүт берген уйдун туягын карап отура бергенде эч нерсе утпайбыз. Топурагы май жерибиз бар, буудайдан 15 центнер түшүм алсак, калпагыбызды көккө ыргытабыз. Бүгүн дүйнө алдыңкы технологиялар менен буудайдан гектарына 60-70 центнерден түшүм алып жатышат. Европада 35-40 литрден кем берген уйду эч качан багышпайт. Кеп, биздин өзүбүздө болуп жатат. Кыргызстан агрардык мамлекет, мал киндиктүү элбиз дейбиз. Бирок, дыйкандарыбыз кечирип коюшсун, дыйканчылыктын эң жөнөкөй маданиятын билбейбиз. Күнөскалар кожоюндарына окшоп, азыраак өндүрүп, кымбатыраак саткыбыз келет, көбүрөөк өндүрүп, арзаныраак сатканды ойлогон киши жок. Же малдын туягын санап, 10 уй багабыз, аныбыз олчойто тоюп жейт да, Европанын бир ую бергендей сүт бербейт. Он гектар жер иштетебиз да, дыйканчылык маданияты өнүккөн өлкөлөрдө бир гектардан алгандай түшүм алабыз. Биз көп эмгек жумшайбыз, көп убакыт коротобуз, көп чыгаша кылабыз, бирок аз түшүм алабыз, аз өндүрөбүз да, “мынча чыгаша кетиргенбиз, кымбат сатышыбыз керек” деп отура беребиз. Аз түшүмгө көп күч кетирип, көп чыгаша кетирип жатабыз. Анан кантип байыйбыз.

Ар бирибиз жана баарыбыз дыйканчылыктын маданиятын, сырларын үйрөнсөк, балдарыбызга үйрөтсөк, ашыкча болбойт. Бир гектардан эле 10 гектар берген түшүмдү алса болот. Бир уй багып эле, май көл, сүт көл жашаса болот. Ушул эле Бишкектин Ак-Өргөө конушунда бир дос жашайт, шаарда жашап туруп, ар бири 40 литрден сүт берген 5-6 уй багат. Ал күнүнө 240 литрден сүт алып, 30 сомдон эле сатканда, бир күндө 7200 сом түшөт экен. 7200 сом шаардык мугалимдин бир айлык маянасы. Бир айда 210 миңдин тегерегинде киреше тапкан досум уйду бакпай эле, уй аны багып жатпайбы. Акыркы жылдарда асыл тукум багытындагы мал өстүргөндөр  көбөйүп  баратат,  бул  албетте,  жакшы көрүнүш.  ЕАЭБ  биздин  товар өндүрүүчүлөргө эмес, биз ЕАЭБ  рыногуна  ыңгай-лашуубуз  керек  го  дейбиз. Ошондо гана утушта болобуз. Антип, заманга жараша кадам таштабасак, катып калгандай бир орунда тура берсек, анда уттурабыз.

Жогоруда айтып кеткендей, ЕАЭБ чоң рынок. Болгону 6 млн. кишиси бар Кыргызстан үчүн калкынын саны боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда турган экономикалык биримдик – экономикалык мейкиндик оңой рынок эмес. Дүйнөлүк рынокту азырынча мындай эле коелу, ЕАЭБ рыногунда эле, өндүргөн товарларыбыз “Кыргызстанда өндүрүлгөн” деген бренд менен таанылса, андан ары дүйнөлүк рыноктон орун алышы бат эле. Бүгүн Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт, бал, балык, карагат, гилас, кара өрүк, өрүк, алма, жаңгак, жер жаңгак, кулпунай ЕАЭБ рыногунан өзүнүн татыктуу ордун тапты. Демек, Кыргызстан үчүн ЕАЭБ рыногунан татыктуу орун табуу мүмкүнчүлүктөрү кенен.

Март  айындагы  РФ  Президенти  В.Путиндин  Кыргызстанга  жасаган  мамлекеттик  иш  сапары  алкагында  «ЕАЭБ  алкагында соода-экономикалык  кызматташтыкты жана өнөр жай кооперативдерин өнүктүрүүнүн жолдору» деген аталышта тегерек үстөл болду. Мунун өзү ЕАЭБ алкагындагы байланыштар жаңы тепкичке көтөрүлгөнүн көрсөтөт. Өкмөттүк жыйындардын биринде РФ Президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына токтолгон Өкмөт башчы М.Абылгазиев мамлекеттик сапардын алкагында 6 млрд. 135 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү 53 документке жана Өкмөт аралык 4 макулдашууга кол коюлганын, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык жана ишенимдүү экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин айта келип: «2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы тышкы соода жүгүртүүбүз 6,7 млрд. АКШ долларын түзүп, 6,6%га көбөйгөн. Ал эми Россия менен – 1,6 млрд.га чыгып, өткөн жылга салыштырмалуу 56 млн. АКШ долларына өскөн. Россиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 123 млн. АКШ долларын түзүп, 25% өсүш катталды. Албетте, биздин мамилелерибиздеги эң чоң потенциалдын бар экендигин эске алсак, бул көрсөткүчтөр аздык кылат. Бүгүнкү күнү республикада дээрлик 700гө жакын биргелешкен орус-кыргыз ишканалары иштейт. Биздин милдет жакынкы аралыкта Россия менен соода жүгүртүүбүздү 2 млрд. АКШ долларына жеткиришибиз керек. Атамекендик товарлардын 80%ы Россияга экспорттолот жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө дагы чоң суроо-талапка ээ болуп баратат», – деп белгиледи.

Мындан көрүнгөндөй, кошуна өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштар тууралуу сөз болгондо, акыркы мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы байланыштарды тереңдетүү маселеси көбүрөөк айтылып жатат. Өз кезегинде кошуна өлкөлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап да Евразия экономикалык биримдигине мүчө экенин эске алуу менен сөз баштап, соода-экономикалык маселелерди, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара катташын, биздин жарандардын ал өлкөлөрдө тең укуктуу эмгектенүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин козгоп сөз кылат. Тактап айтканда, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө кыргыз эмгек мигранттарынын укуктары корголот. ЕАЭБ да бизге толук кандуу мүчө катары инвестиция, кичи жана орто бизнес маселесинде көңүл сыртында калтырбайт. Демек, мунун өзү ЕАЭБдеги алакалардын жыйынтыгы десек болот. Алдыда ЕАЭБден ала турган энчибиз көп.