Катар мамлекетине барууну мерчемдеген жарандарга ТИМнен эскертме берилди

Кечээ, 5-июнда Катар мамлекети менен араб өлкөлөрүнүн байланышы үзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым авиаишканалар белгисиз мөөнөткө чейин аталган мамлекетке барчу аба каттамын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабиясы жана Египет өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштардан тышкары жер, аба, деңиз каттамдарын да үздү. “Сауд авиакаттамы”, “Этихад” жана “Эмирейтс” авиаишканалары Катардын борбору Дохага учкан каттамдарын жүргүзүүнү токтотту. Бүгүн, 6-июндан баштап “Флай Дубай” аба компаниясы да Дубай-Доха-Дубай каттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткондугун жарыялады. Бул маалымат “Флай Дубайдын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн да ырасталды..

Буга байланыштуу министрлик жогоруда айтылган авиаишканалар аркылуу Катарга барууну мерчемдеп койгон жарандарды башка аба каттамдары аркылуу учууну эскертет.